(Башталышы өткөн сандарда)
Окурман журт, маектешим Баян менен ушу жерден кебибизди үзгөнгө аргасызбыз. Анткени журналисттик чыдамкайлыкка салып жатып мен окурмандардын сунушунан улам окуянын каармандарынын бири Дастанды таптым. Алгач, албетте, баш тартты, бирок менин көктүгүмө таң бердиби, өз тагдырын айтып бергенге макул болду. Окуя эми Дастандын сөзү менен уланмакчы...
– Кызык, ушунчалык артыман түшүп алганыңызга караганда менин окуям өзгөчө болсо керек. Бирок мен эч кандай кызыктуу деп деле эсептебейм. Хм, эмнеден баштасам экен?..
– Башынан айта бериңиз, убактым кенен...
Каарманым мага мыскыл тигилди. Тыбырчылап оозун тиктеп, кебин чыдамсыздык менен күтүп турган журналисттердин көбүн көргөн чыгар. Өз баасын билген, өзүнө ашыкча ишенген көз караш мени тиктеп турду. Терең, акылдуу, көптү көргөн көз караш эле. Ал кебин минтип баштады.
– Карындашым, мен сөзүмдү бөлгөн жана суроо берген адамды жаман көрөм. Андыктан тек гана менин кебимди угуп, ашыкча суроо бербеңиз.
Аларды достор менен чогулуп отурган кафеде кезиктиргем. Кызыгы, үчөөндө үч башка сапат, касиет болгону менен, таң каларлыктай бири-бирин толуктап турушчу. Жанарада курчтук, максатына жете турган кашкөйлүк, жан кечтилик көрүнүп турду. Назикте чанда кезиге турган сулуулук жана амалкөйлүк бар болчу. А Баян, менин Баяным, жүзү канчалык жагымдуу болсо, мүнөзү андан жүрөктү жибите тургандай эле. Акылмандык да, кең пейилдик да, тазалык да, баладай ишенчээктик да жүзүндө жазылып турчу. Андан бери канча жыл өтсө да, Баянды алгач кезиктиргенимди унута албайм. Бир көргөндө сүйүп калдым деп айта албайм, бирок менин тагдырым ушул кыз экенин ички туюмум менен сездим. Чындыгында, ошондо эле эркек катары Назиктин сулуулугуна баа берген элем. Бирок Баян көңүлүмдөн орун алды. Эмнеси менен? Кимдир бирөөнү эмне үчүн сүйгөнүңдү түшүндүрө албайсың го. Экөөбүздүн сүйүүбүз анын жүрөгүндөй таза жана тунук эле. Үйлөнүү тоюнан кийин биздин сүйүүбүз андан да күчтүү болду.
– Баян, менин эмнемди сүйөсүң?- дечүмүн.
– Болгон турган турушуңду сүйөм,- дечү көздөрүн жайнатып.
Бактыбыздын үстүнө бакыт кошулуп, тез эле уулдуу болдук. Тун уулум төрөлгөн күндү көп эстейм. Кар борошолоп жаап жаткан эле. Түн ичинде толгоосу кармап калган Баянды төрөтканага жеткиргенче шаштым кетти. Эмне кыларымды билбейм, «чыда, чыдасаң эми» дей бериптирмин. Аялымдын маңдайынан аккан терин аарчып жатып, эмнеге миң кыйноосунун бир кыйноосун атага бербеди экен деп ойлодум. Азаптан бакыт жаралат тура, уулубуз таңга маал төрөлдү. Баяндын элдерге «анчалык деле кыйналган жокмун» деп айтып жатканын угуп таң калдым. Аялды Кудай көтөрүмдүү кылып жараткан тура.
Колумда кичинекей кызыл эт... Тиктеп отурсам эрди, мурду, чекеси мага, көздөрү гана апасыныкына окшош экен. Баяндын көздөрүн сага кантип сүрөттөп берсем. Бардык кубанычты карегине батырып алгандай элге жарык чачкан, кубанткан, жылуулук бере алган көркөм көздөр эле.
Көп балалуу болууну эңсечүмүн. Уулубуз Тилек бир жарым жашка чыкканда Баян кайрадан кош бойлуу болуп калды. Бир күнү үйгө келсем, курбусу Назик менен сүйлөшүп жаткан экен. Назик «мага келип кетчи, жол киреңди төлөп берем, менин акыбалым оор» деп жатыптыр. Аябай жиним келди.
Өзү ай-күнүнө жетип турса, кимдир бирөөнүн түйшүгүн тартып жатканына таң калдым.
– Баян, өзүңдүн абалың мындай болуп турса, аны эмне кыласың?..
– Назик аябай кыйналып жатыптыр. Мени чакырып жатат...
– Койчу. Ал өз акыбалынан сенсиз эле чыгат. Экөөбүздүн акылыбызды кошкондо да анын куулугуна жетпейт.
Баян капа болуп жатканынан улам мен ал убакта АКШга учуп жаттым эле, анын кабарын билип келгенге макул болдум. Чиеленишкен окуя ушундай жөнөкөй акыбал сурашуудан чыкты. Учактан түшүп, жүгүмдү алып чыга бергенимде мени утурлап келе жаткан жаш кызды көрдүм. Көздөрү ботонукундай жайнаган, узун бойлуу, сымбаттуу сулуу мени тиктеп, эски таанышындай күлүп келе жатты. Алгач тааныбаган экем, көрсө, бул Назик тура. Мени аэропорттон тосуп алат деп үч уктасам түшүмө кирген эмес.
– Салам, Дастан!
– Салам, менин ушул рейс менен учарымды кайдан билдиң?
– Бул жакка келгени көзүм ачыла баштаган,- деди ал тамашалай. Шыңк эте күлүп алып мени колтуктай басты.
– Интернеттен Баян менен күндө сүйлөшөм. Ал сени тосуп ал деп тапшырган.
Мен бул окуяны болгонун болгондой айткым келет. Максатым эч кимди күнөөлөп же актоо эмес. Жашырбайм, мени тосуп чыккан сулууга кайсы эркектин болбосун көзү түшмөк.
Андан да чындыгы, эгерде ал кыз өзү сага кош көңүл эмес экенин билсең баш тарта албайсың...
Ал күн ал-жай сурашып, шаарды көрүү, кафеде түштөнүү менен өттү. Экинчи күнү кечке маал Назик мага өзү келип калды. Мейманканага жайгашкам, мени көздөй шайдоот басып келе жатканын көрүп, бир чети зеригип турган жаным сүйүнүп кеттим.
– Ырас келбедиңби, жумуштарымды бүтүрүп, эмне кыларымды билбей турдум эле...
– Мен дагы зеригип жаткам, анын үстүнө Кыргызстанды сагынган үчүнбү, сени менен чогуу отуруп сүйлөшкүм келди.
Номерге кирип, жайланышып отуруп калдык. Негедир үнсүз тиктеше түштүк. Ал көзүн тартып кетти...
– Баяндын төрөтү жакындап калган эле, ошого санааркап турам,- дедим мен.
– Баянга суктанып жатам, сендей камкор, күйүмдүү, күчтүү күйөөсү бар. Деги эле ал бактылуу жан...
– Оо, катуу мактадың го. Бирок Азамат деле жаман жигит эмес.
– Азамат башында жакшы болчу. Менин айтканымдан чыкчу эмес. Бул жакка келгени таптакыр бузулду. Мени менен деле иши жок, көп иче турган болду. Аны ээрчип келип алып же ишим жок, же ишенген кишим жок, окуумду ара жолго таштап отуруп калдым.
– Жашоодо баары болот, аны татыктуу жеңүү керек.
– Сендей адам жанымда турса, мен эч нерседен коркпойт элем.
– Назик...
– Жаман көрбө, бирок мен сени... Сен келгенден бери...
Көздөрү коюуланып, эриндери жакындап келе жатты. Кандайча болуп солкулдаган дене кучагыма кептелип калганын байкабай калдым. Бир саамга дендароо боло түштүм. Эмне
кылуу керек? Баянды эстеп кеттим, колумду тарта калдым.
– Назик, азыр экөөбүздүн ортобузда боло турган ишке өкүнүп калабыз. Токтотолу...
– Бул тууралуу эч ким билбейт, мен сени сүйөм...
Жан талаша кийимимди чечип баштаган анын албуут сезимине туруштук бере албадым. Бирок көңүлүмдүн түпкүрүндө бир нерсе сыздап жатты. Назикти кучактап жатканым менен Баянымдын ишенчээк көздөрү көз алдымда турду...
Буга чейин менин жашоомдо Баяндан башка эч бир аялзаты болгон эмес. Бир жумадан кийин үйгө барганымда күнөөмдүн оордугунан башымды көтөрө албай турдум...
(Уландысы кийинки санда)