ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (8-сентябрдан 14-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Чыгармачылык жана каржылык иштер алдыга жылат. Бирок чоң пландарды ишке ашыруу үчүн акча топтоо керектигин унутпаңыз. Эски сүйүктүүңүз мамилени жандандырууну сунушташы ыктымал. Дүйшөмбүдө достордун кылыгына чыдоого туура келет. Жума күнү күтүлбөгөн кырдаал бирөөлөрдөн карыз суроого аргасыз кылуусу мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Алдыда күтүлүп жаткан окуялар жашооңузга жаңылык алып келбейт. Максаттарга жетүү үчүн таасирдүү тааныштарга таяныңыз. Шейшембиде чөйрөдөгүлөр ашыкча акыл айтып, жиниңизге тийишет. Жума күнү жакшы-жаманы аралаш кабар келет. Апта аягында сулуулукка умтулуу күчөйт. Балким, сулуулук салонуна баш багасыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Каржылык жактан көз боёмочулук кылуу жаманатты кыларын эске алып, андайга барбаңыз. Дүйшөмбүдө пикирлеш адамдар менен чогуу болуп, идеяларга маарыйсыз.  Бейшемби – юридикалык иштер үчүн ыңгайлуу. Ишембиде насыя алуу, кыймылсыз мүлк маселелери тынчыңызды алат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ички туюмуңуз туура жолду көрсөтүп, жакшы адамдар менен таанышасыз. Шаршембиде баалаган адамыңыздан сырыңызды жашырбаңыз. Бейшембиде жашооңуздагы мурунку жагымсыз окуялар ачыкка чыга келет. Өткөн иш катары карап, ойлонбоого тырышыңыз. Ишембиде жакшы иш-чарага чакырык алууңуз мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптанын башында өз жөндөмүңүздүн канчалык экендигин баалоого чамаңыз жетпейт. Андыктан чоң чечимдерди кабыл албай туруңуз. Апта ортосунда чогуу иштегендердин сунушуна макул болбосоңуз, жаман көрүнөсүз. Апта аягында туугандардыкына барып, жакшы сюрпризге туш болосуз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада соода жаатында иштегендер бирөөлөрдүн алдоосунан, уурулардан сак болуулары зарыл.  Шейшембиде окуялардын айлампасы пайда тартуулайт. Бейшембиде шашылыш иштер сапарга чыгууга түртүшү ыктымал. Апта аягында жаңы таанышуулардан улам жекече эс алуу планыңыз ишке ашпайт.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Чоң чыгымдарды талап кылуучу иштерди артка жылдыра туруңуз. Тилектер ишке аша баштаганы менен, ичиңизде көп нерселерге нааразычылык жаралат. Дүйшөмбүдө кыялданган буюмуңуз колуңузга тиет. Шаршембиде тааныштардын жакшылыгына күбө болууңуз ыктымал. Ишемби – эмерек сатып алууга, келишимдерди түзүүгө ыңгайлуу.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Билим менен жеке потенциалды көрсөтө турган апта. Кимдир бирөөлөрдүн колдоосу жашооңуздун оңолушуна жардам берет. Бирок чогуу иштегендер менен тирешип, чатактын каарманы болуп калуудан сактаныңыз. Иммунитетти чыңдоого, имиджди оңдоого киришиңиз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада күтүлбөгөн таанышуулар жашооңузга из калтырат. Ошондой эле бирөөлөргө кам көрүү же кайрымдуулук кылуу рухий жактан өзгөрүүгө түртөт. Апта ортосунда мыйзамды сактап, шектүү делген иштерден алыс болуңуз. Апта аягында кызыктуу адамдар менен сейилдеп, баарлашасыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Атаандаштыктан коркпоңуз, анткени тирешүүгө жооп кайтара аласыз. Апта ортосундагы кырдаал жашооңуздагы пландарды кайра карап чыгууга мажбурлайт. Сүйүктүүңүз менен чогуу жүргөндө ачууга алдырбаңыз. Апта аягында үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири тууралуу жагымдуу жаңылык угасыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада жаңы тааныштар дүйнө таанымыңызга таасирин тийгизет. Бүтүргөн иштериңиз да канааттануу тартуулайт. Шейшембиде жеңил ойлуулугуңуз досторду таарынтууга жеткирүүсү мүмкүн. Бейшембиде күтпөгөн тараптан акча келет. Жекшембиде сизге жашыруун кастык кылгандар кимдер экенин билесиз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Иштин көптүгү, бирок убакыттын тартыштыгы чыңалып иштөөгө аргасыз кылат. Бирок чөйрөдөгүлөргө керектүү экениңизди дагы бир жолу сезесиз. Шейшембиде чала тааныштар жардамга кол сунат. Жума күнү достордун таасири менен чырлуу ишке аралашып калбаңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан