30 МИҢ СОМ ҮЧҮН АЯЛДЫН БАШЫН ТАШ МЕНЕН ЖАРГАН

Болгон кара күчүн, акыл-билимин жумшап, ак эмгек менен үй-бүлө багып, оокатын кылган мырзалар бар. Эркектер менен тең жарышып, базарда, талаада, дегеле бардык тармакта шымалана киришип, бирди эки кылган айымдар андан көп. Ак эмгеги менен тыйын таап тиричилик кылган аялдардын алсыздыгынан пайдаланып, кол салып акчасын тартып алган эркек сөрөйлөр да кездешет. Бир нече күн мурун жапжаш жигит 30 миң сом акчаны тоноо максатында айымды өлтүрүүгө аракет кылган.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КАРМАЛЫП, ТЕРГӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ»
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын кызматкери АЙБЕК АРЗИМАТОВ:
– 26-июль күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаардык №4-ооруканадан Ызат аттуу айым оор жаракаттары менен келип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды деген маалымат түшкөн. Абалы оор болуп, ошол учурда суракка алганга мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Жабырлануучу өзүнө келген соң окуя тууралуу аныктала баштады. ИИМдин жана Аламүдүн РИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делинип 1995-жылы туулган Өмүрбек Мурзабек уулу аттуу Жайыл районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү кылмышка шектүүнүн үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) жана 172-беренеси (автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу) менен кылмыш ишин козгогон. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

«2 БАЛАҢДЫ ОЙЛОСОҢ МИЛИЦИЯГА БИЛДИРБЕ ДЕДИ»
Жабырлануучу Ызат Калбаева кылмышка шектүү Өмүрбек Мурзабек уулун кыштан бери жүк ташуучу катары иштетип жүргөнүн жана андан мындай кылмыш ишин күтпөгөнүн айтат:
– Өмүрбек бизге кыш айларында келди. Ага чейин иштеген бала Орусияга кетип жатып ордуна «тааныш бала, жакшы иштейт» деп Өмүрбекти таштап кеткен. Жарым жылдан ашык убакыттан бери тынч эле иштеп жүргөн. Ким ойлоптур, аны ушундай кылмышка барат деп...
Мен «Дыйкан» базарында соода кылам. 26-июль күнү Орозо айт майрамына карата жаңы товар келип, Өмүрбек кечке товар түшүрүп иштеген. Ал күнү банктан акча алганымды да билсе керек. Кечинде жумуш убактысы аяктап, кечки саат 8 болуп калганда Өмүрбек «эже, Пригородноеге досторума барып жолукмак элем, кетип баратып жолдон таштай кетесизби?» деп калды. Жаман ой жок «макул, отур» деп салып алдым. Жолдошума телефон чалып, үйгө бара жатканымды кабарладым. Пригородное айылы бүтүп, дачалар башталган жерге келгенде «токтоп коюңузчу» деди. Артта отуруп келе жаткан, түшүп кетет экен деп жатсам эле моюнума бир нерсени салып, муунта баштады. Унаанын ичиндеги баламдын оюнчуктарынын арасынан ылайыктап бир нерсе тапкан окшойт. Муунуп, дем жетишпей, каршылык көрсөтө баштадым. Колунда отвёрткасы бар экен, ошону менен моюнума сайгылап кирди.
Мен коркконум менен паникага алдырбай, эсимди жоготпоого аракет кылдым да, каршылык көрсөтүп, эптеп сыртка качып чыктым. Чоң жолдо маршруттук такси келе жатыптыр. Алдынан чыга калып токтоткуча тиги чуркап келип мени түртүп жиберди эле жыгылып кеттим. Аңгыча кырдуу таш менен башыма койгулап кирди. Демим кысылып, колдорум учтарына чейин чымырап чыкты. «Эмне керек, айт? Акчаны алып кете бер, бирок мага тийбе» дедим. «Унааңды да айдап кетем, 2 балаңды ойлосоң милицияга билдирбе» деди. Эсиме келип, бирде эсимди жоготуп жолдун чекесине чыктым. Бети-башымдын баары кан. Муну көргөн бир да айдоочу токтобой койду.
Көз байланып, айланага караңгы кирип баштаганда жол чекесинде дарбыз сатып отурган аялдар көрүндү. Алардан телефон сурап, жолдошума чалып, алар келип мени ооруканага алып барып жаткырышты. Эки күн жандандыруу бөлүмүндө жаттым. Башым катуу чайкалыптыр, чачымды кырып, баш теримдеги терең жаракаттарды дарылашты. Ал арада жолдошум милицияга кабарлап, арыз жазып койгон экен. Көп узабай Өмүрбек колго түшүрүлдү дешти.

«ЭНЕСИНЕ БООРУМ ООРУП ЖАТАТ»
– Азыр ден-соолугум жакшыра баштаган менен дале коркуп жүрөм. Эми деле артыман бирөө келип кол салчудай сезилет. Азыркы жаштарга түшүнүш кыйын. 30 миң сом үчүн эле ушуга бардыбы деп таң каласың. Ата-энеси «бардык чыгымдарды төлөп берели, тосмо арыз жазып бер» деп жатышат. Алар деле жетиштүү жашаган жакшынакай эле үй-бүлө экен. Өмүрбекти окууга өткөрүп коюшкан, студент болчу. Баарынан да энесине боорум ооруп жатат. «Өзүң деле энесиң го, менин ордума өзүңдү коюп көрчү? Жапжаш, он гүлүнүн бири ачыла элек жатып түрмөнү көрсө, баламдын келечеги эмне болот?» деп сыздап жатат.
Денеме урган соккуга караганда жаш баланын ушундай болбогон акчанын айынан кылмышка барып, темир тор артына камалышы, энесинин сыздаганы катуураак тийип жатат. Эне, аялзаты катары баланын энесин ойлосом, алган соккум чымын чаккандай болбой кетет. Антейин десең, колу менен кылган күнөөсүн моюну менен тартыш керек. Эгер мен өлүп калсам анда менин эки жаш балам эмне болот эле? Кыскасы, ушундай мендей аёосуз чайналган абалды душманыма да каалабайт элем. Жайыма койсо күн сайын укук коргоо кызматкерлеринин чакырыктарына барбай, жада калса сотуна да катышкым жок. Мыйзам экен, өзүмдүн ошол учурдагы абалымды эстеп, кылмышкер мыйзам алдында жооп берет да деп жатам.
Эки буттап басып жүргөндөрдүн баарын эле адам деп айтыштан коркосуң. Жапжаш туруп эжесиндей болуп калган аялга кол салып, кырчындай келечегине өз колу менен өзү балта чаап отурат. Өмүрүнө кол салган кылмышкерди аяп, көзүнө жаш алып турган жабырлануучуну көрүп акыр-чикирине карабай кең дүйнөнү батырган энелердин жүрөгүнө дагы бир ирет даңк дедим.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
snegurochka11
2014-09-09 04:47:24
Жазалаш керек,жапжаш деп энеси сыздаганы менен адам олтуро жаздады го аз жерден!!!
+1
temirov76
2014-09-09 06:22:08
Жазаланса жакшы болмок эле мындайлар
0
wwwbaxa
2014-09-09 10:19:18
шайтан азгырган да,жетиштуу уй-булодон болсо болбогон акча учун ушул ишке барабы.
0
belka.kg
2014-09-09 11:45:31
Кылмышкерге эч качан боор оруутпаш керек бир кун барибир боорго тебет, колу менен кылдыбы башы менен жооп берсин!
+1
Sagidko88
2014-09-09 12:55:13
боор ооруп, аяп кереги жок мындай немени!
0
djinn
2014-09-09 13:08:07
жаза алсын бирок эртен чыгып келсе кайра очошуп калбаса эле болгону
0
Shaa-82
2014-09-09 16:26:28
тосмо арыз жазып берсе анан оч алатда мен милицияга бербе деген элемго деп ишениш кыйын
0
ikitaidesu
2014-09-10 08:25:58
акча керек болсо карызга эле сураса не болот деймда. Толосо болотко карызды. Жаман атка конбой...
0
Boldukan86
2014-09-10 21:44:58
акча сурап эле турбайбы биротоло олтургонго аракет кылбай. ою жаман экен жазасын алсын. ичи таза болсо мындай кылмак эмес. кир арам адамдардан экен. бирге иштеп журсо акыры.
0
K.Batken
2014-09-10 23:14:20
Камалсын,жазасын тартсын!Буга боорунуз оорубасын,эжекеси...адам омуруно кол салып жатат бул..
0
Mena
2014-09-11 01:31:46
конгон адат калабы уйга жугон салабы деген макал сыяктуу тосмо арыз жазсаныз деле ал кайрадан ошол жолду тандайт
0
nuru95kg
2014-09-11 12:56:48
ой тобо астахфируллах!
0
maks0908
2014-09-11 17:01:11
ал адамды кечируу аябай кыйын го,аны каматуу гана керек,зонаны жаштар пионер лагери деп ойлоп калышкан окшойт азыркы заманда,кылмышкерлерге каршы закондорду ужесточать этиш керек,тооба кылдым Кыямат кунунун жакын калганын белгилери кобойуп кетти,намаз окугула,ал баланы бир гана Аллах кечирсин
0
edil.9292
2014-09-12 14:05:50
А дейбиз бу дейбиз эн окунучтуусу эч кимибиз билбейбиз эртен озубуздо эмне болоорун кырсык каш кабактын ортосунда дейт кыргызстандагы жакырчылык адам баласын ар турдуу кылмыштарга туртуп жаткандай.ошон учун туугандар бироону зоокур кылмышкер дегенден биринчи ойлонолу эртен озубуздо эмне болоорун.
0
gulperi.kg
2014-09-13 18:28:38
Азыркы жигиттер кээ бири эркек эмес эле э. ошол акчаны мээнетин менен тапсан болбойбу.Ушинтип журсонор кийин кантип аял багасын.Кантип баланы багасын.билбеейм ай энесине боорум ооруп турат
0
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан