АЙЫЛДА АЧЫЛГАН ИШКАНА ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ ТҮЗӨТ

«Өлкөбүздүн ар бир айылында жергиликтүү калк иштей турган ишканалар ачылса мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшөт эле» деп сөзүн баштады Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын тургуну Кубанычбек мырза. «Биздин айылдын эли да кандайдыр бир ишкананын ачылышын көптөн бери күтүп жүргөнбүз. Мына эми биздин айылда кыям, джем чыгаруучу цех ачылып отурат. Бул биз үчүн чоң жетишкендиктердин бири. Себеби өзүбүздүн продуктуларыбызды өзүбүз иштетип, базарга сатыкка чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жашылча-жемиштердин өзүн саткандан көрө алардан даяр продукт жасап сатуу алда канча кирешелүү, пайдалуу болот. Жергиликтүү калк үчүн жумуш маселеси да чечилет» деп ой бөлүштү ал. 26-август күнү аталган айылдагы №81-кесиптик лицейдин алкагында кыям, джем жасоочу цех жаңыдан ишке кирди. Бул ишкана Кыргызстанда иш алып барган JIKA япон уюму тарабынан ишке киргизилип, «Кумтөр» компаниясы толугу менен каржылоо жагын өз моюнуна алган.

«ЦЕХТИН АЧЫЛЫШЫ АЙЫЛ ҮЧҮН АБДАН МААНИЛҮҮ»
Бөкөнбаев айылынын тургундары бул цехтин ачылышын көптөн бери күтүп келишкен. Себеби бир айылда өзүнүн продуктуларын өндүрүү айылдын алкагында гана эмес, райондук деңгээлде экономикалык абалды жакшыртууга көмөк түзөт. Жаңы цехтин ачылуу аземинде Ысык-Көл облусунун башкармалыгынын өкүлдөрү, JIKA уюмунун мүчөлөрү, «Кумтөр» компаниясынын туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Дуглас Гриер жана жергиликтүү айыл тургундары чогулду.
«Жаңы цехтин ачылышы сиздерге кандай маанилүү болсо, биз үчүн да ошондой мааниге ээ. Бир айылдын өзү продукт өндүрүүсү эң жакшы деп эсептейм. Айылдарда элге керектүү, маанилүү болгон долбоорлор менен иштешүүнү уланта бермекчибиз» деп белгиледи куттуктоо сөзүндө Дуглас Гриер.
Андан соң салтанаттуу түрдө кызыл лента кесилип, расмий түрдө цех ачылды деп жарыяланды. Чогулган эл ишкананын жумушу менен таанышып, алгачкы жасалган кыям жана джемден ооз тийишти.

№81-лицейдин директору ТААЛАЙ ТОКТОСУНОВ ишкана тууралуу айтып берди:
– Бул ири долбоорго алтын казуучу компания тарабынан жалпысынан 70 миң доллар бөлүнүп берилген. Цехтин ачылганы айылдык гана эмес, райондук алкакта чоң мааниге ээ болуп турат. Ачыгын айтуу керек, цехти жаңыдан иштетүү оор түйшүк. Бирок биз бул цехти үзгүлтүксүз иштетүүгө бел байладык.
Цех өрүктүн абрикос сортун кайра иштетүү менен продуктуларды жасайт. Быша элек өрүктөр Орусия менен Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолот. Алар жолдон бышып жетилет. Ал эми бышкан өрүктөр туристтерге сатыкка чыгат. Көлдүн түштүк жээгинде эс алуучулар аз болгондуктан көбүнчө түшүмдөр жок болуп же мал тоютка кетип калып, эл пайда таппай калчу. Мына азыр бул цех ачылып, анда өрүктөрдөн джем жасалат. Сатылбай калган түшүмдөрдү кайра иштетүү менен киреше булагы пайда болду. Мында чыгарылган продуктулар Каракол жана Бишкек шаарларына сатыкка чыгарылат. Цехтин башкы технологун атайын Бишкектен чакыртып, жумушчулар үчүн лицейдин алкагында окутуу уюштурулду. Биз цех менен гана чектелбей, этти ыштатып чыгарууну максат койдук.

Ал эми цехтин башкы технологу ЧЫНАРА СЕРКЕБАЕВА ишканадагы жумуштар тууралуу кыскача биз менен ой бөлүшө кетти:
– Алгач жемиштер атайын жабдуулар менен тазаланат, андан соң продукт жасалат. Бардыгы классикалык технология боюнча болот. Азыркы маалда цехте 12 адам иштейт. Мына азыр өрүктөн джем жасалып жатат. Бул эң пайдалуу азыктардын бири, анда витамин көп.
1 килограммга 200 граммдан шекер кошулуп, билинер-билинбес кычкыл даам берет. Жасалгандан кийин атайын идиштерге куюлуп, этикет чапталган соң сатыкка даяр болот. Цехтен чыгарылган продуктулар толугу менен сертификацияланган. Биздин продуктуларды кардарлар күмөн санабай ала берсе болот, себеби бардык стандарттар менен жасалууда.

Мындай цехтердин айылдарда ачылып жатканы жакшы жөрөлгө. Ишканаларды бир гана чоң шаарларда гана эмес, өлкөбүздүн айылдарында да ачууга болорунун дагы бир далили. Себеби аймактардагы экономикалык жана социалдык абалды жакшыртуу менен гана мамлекет өнүгүү жолуна түшөт.

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Elmara
2014-09-08 11:25:20
Азаматтар!Цехинер келечекте чоон заводко айлансын!!!
+2
ggvatua
2014-09-08 12:04:13
Жакшы кабар экен,азаматтар!
+1
jaazira13
2014-09-10 17:18:04
негизи биз Кумтордон тушкон улушко ушундай женил ондурушту кучотуп позицияларын бекемдешибиз керек, анан калп эле трибунадан кыйкырган эч нерсеге жарабайт
0
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан