КУМТӨР МЫЙЗАМДУУ ГАНА ИШТЕЙТ

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКсы тарабынан «Центерра Голд» мекемесине төлөнгөн дивиденддер жөнүндө Кыргыз Республикасында жасалган билдирүүлөргө «Центерранын» жообу:

КОМПАНИЯНЫН ПАЙДА КӨРҮҮСҮ МЫЙЗАМДУУ
Жакында Кыргыз Республикасында айрым өкмөт мүчөлөрүнүн «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсы тарабынан анын башкы компаниясы болгон «Центерра Голд Инк.» («Центерра») компаниясынын пайдасына төлөнгөн дивиденд жөнүндө айткан сөздөрү туура эмес жана бул дивиденддердин төлөнүшү туура болгон жок деген жаңылыш пикирдин пайда болушуна алып барышы мүмкүн. Чындыгында, дивиденддердин төлөнүшү толугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, коммерциялык ишкердиктин адаттагы практикаларына ылайык түрдө төлөндү жана да Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына эч кандай зыян келтирилген эмес.
«Центерра» бир нече жыл аралыгында «Кумтөр» алтын кенин иштетүү жана өндүрүш аракеттерин колдоо максаты менен КГКга 2 миллиард доллар өлчөмүндө инвестиция салган. Мындан тышкары «Центерра» КГКнын жалгыз акционери болуп саналат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, КГК алтынды өндүрүп сатуудан тапкан кирешесинен «Центеррага» дивиденддерди төлөөгө толук укуктуу. Ушул дивиденддер «Центерра» үчүн инвестицияларын кайтаруу жана инвестицияларынан пайда көрүүнүн мыйзамдуу, жалпы таанылган механизми катары эсептелинет. Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында, алардын ичинде «Инвестициялар жөнүндө» мыйзамда ушуга окшош төлөмдөр алдын ала каралган. Ошондой эле жоболор 2009-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген, анда «Кумтөр» долбоорун жөнгө салган келишимдерди да камтыйт.
Чындыгында, туунду компаниялар тарабынан дивиденддерди төлөө жалпысынан эле кыргызстандык мекемелер үчүн дагы, чет элдик мекемелер үчүн дагы кеңири колдонулган практика болуп саналат. Кыргыз мекемелеринин көбү, алардын ичинде «Кыргызалтын» АКсы сыяктуу мамлекеттин ээлигинде болгон мекемелер ушуга окшош төлөмдөрдү жасап келет.

ӨЛКӨНҮН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫНА ТААСИР ЭТПЕЙТ
«Центерранын» акцияларынын үчтөн бири «Кыргызалтындын» ээлигинде болгондугун дагы эстетип кетели. Ошондуктан КГК тарабынан «Центеррага» төлөнгөн ар кандай дивиденддер Кыргыз Республикасына эч кандай зыян келтирбейт. Тескерисинче, бул кирешени эң ири акционери «Кыргызалтын» болгон компанияга которуу болуп саналат. 2010-жылдан бери «Центерра» «Кыргызалтынга» дивиденд түрүндө 67 миллион доллардан ашуун сумма которгон. Бул дивиденддер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана «Центерра» тарабынан 2014-жылы январь айында кол коюлган «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо шарттары боюнча келишими алкагында учурдагы КГКны реструктуризациялоого байланыштуу жүрүп жаткан сүйлөшүүлөргө тиешеси бар экен деген уламыштар айтылып жатат. Мунун эч кандай негизи жок. «Центеррага» маалым болгондой, «Кыргызалтындын» эл аралык каржылык кеңешчилери болгон «DLA Piper» (Ди-Эл-Эй Пайпер) жана «Pricewaterhouse Coopers» (Прайсуотерхаус Куперс) мекемелери төлөнгөн дивиденддердин Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына же сунушталган реструктуризацияга эч кандай таасир этпегендигин тастыкташты.
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 2014-жыл, 3-сентябрь.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jaazira13
2014-09-10 17:20:23
негизи биздин башчылар бир максатка жетебиз дегенде, абсурд кылып маскарапозчулук менен келишет, ал дивиденттердин улушу бизге деле тушот, анан жапаровту калп эле камака алып солдат байкени отургузуп коюшту
0
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан