«Тамашоунун» таланттары
Бүгүн бизде конокто “KG 77” командасынын сейрек кездешүүчү жигиттеринин бири – Зиябидин. Тамак-аштардан кукси, атала жана нан палоону тамшанып жеген каарманыбыз учурда “Манас” эпосун кытайлардан кантип сактап калсам?” деп баш катырып жүргөн кези.
Жашы – 18де, бирок 25 жылдан бери жашайт.
Бою – Үкасынын боюнан кичине, акасынын боюнан чоң.
Салмагы – От души эле.
Лакап аттары – Зияш Ли, Зияш Чан жана Залкар.
Өзүнө жаккан жана жакпаган сапаттары – Кекеч, шашып сүйлөйт.
Жактырган машинасы – Атасынын машинасынан башка бардык машиналар.
Дежур сөзү – Эй, галдир!
Девизи – Сен ооруба, менин досум оорусун, Ата журт!
Үй-бүлөлүк абалы – Сүйлөшкөн кызынын курбусун сүйүп калган.
Ишенгени – Борчик братишкасы.
– Эй, достор, билесиңерби, бүгүнтөн баштап бокс менен машыгууну чечтим. Эми бирөө тийишсе, бир муштап уктатып коём. Кудай сактасын.
– А мен каратэге бара баштадым. Тийишкендер оңбойт го. Бир тээп сулатам.
– Ээ, силердики эч нерсе эмес экен. Мына мен чуркоо менен алектенип жатам. Бирдеме болсо, дароо качып, сызып кетем.
– Эмне дейсиң?
– Илгери сиздин атаңыз лох болчу экен го деп жатам...
– Эй, балам, сен эмне менин атама асылып жатасың? Өзүңдүн атаңчы? Керек болсо менин атам эмес, сенин атаң лох! Сенин атаңа салыштырмалуу менин атам “дерзкий” болгон.
Бактыгүл Бадыева дарыканага кирип:
– Саламатсызбы, маска барбы?
– Апей, чочко тумоосу биздин ырчыларга да жеткен тура. Чочко тумоосуна чалдыккан жоксуңбу деги?
– Жок ай, Кудай сактасын. Жөн гана мурдум үшүп жатат...