«ҮЙДӨН ДА, АКЧАДАН ДА ЖОК КАЛДЫМ»

«Мен 2013-жылы 6-февраль күнү Сокулук айылынын Карагачевая көчөсүндө жайгашкан 5 бөлмөлүү үйдү 11 миң АКШ долларына сатып алгам. Бирок учурда же акчамдан жок, же үйдөн жок болуп отурам» дейт Медина Карабекова. Төмөндө бир жесир менен төрт жетимди ыйлаткан эски үй баяны.

Медина Карабекова, «ҮЙҮМӨ ЧЕЙИН БАРЫП, САТЫП АЛ ДЕГЕН»
– Үйүн саткан Сүйгүнбай Хайдаров «Дордой» базарында менин жанымда кийим сатып иштечү. Ал «тез арада үйүмдү сатышым керек, аны күрөөгө коюп, насыяга акча алдым эле. Пайызы өсүп жатат. Сатып, карызды төлөйм» деди. Мен да сатып алууга үй издеп жаткам. Баасы мага туура келген үй тапсам, банктан насыя алып сатып алып, кийин акырындык менен алган насыямды төлөп алсам дечүмүн. Сүйгүнбай үйүн
15 миң долларга баалады. «Менин ага күчүм жетпейт. Өзүм жесир аял болсом, 4 баламдын жеп-ичкени да бар. 10 миң долларлык үйлөрдөн гана алышым мүмкүн» дедим. Эки жолу үйүмө чейин барып, «үйүбүздү ал, сен айткан баада берем» деди.
Үйлүү болуп калайын деп банктан банкты кыдырып жүрүп документ даярдап, бир банктан 2013-жылы 4-март күнү 11 миң
доллар насыя алдым. Банктын юристи, нотариаттын кызматкерлери да үйдүн документин бирме-бир текшерип чыгышкан. Үй Сүйгүнбай Хайдаровдун наамында экен. «Аялым менен жарандык никеде эле жашайбыз» деп паспортундагы «никеси жок» деген жазуусун көрсөттү. Үйдү документтештирип берген кызматкерлер, банктын юристи баары «анда аялынын макулдугунун кереги жок» дешип менин атыма каттап беришкен. «Үйдү 1 айдын ичинде бошотуп беребиз, убакыт бер» дегенинен макул болгом. 1-апрель күнү үйгө келсем «Сүйгүнбайдын аялымын» деп бир аял туугандары менен жүрүптүр. «Менин уруксатымсыз сатылган, бербейбиз» деп мени үйдөн кууп чыгышты.

«СОТТОР 26 268 СОМ АЙЫП ПУЛ ТӨЛӨЙСҮҢ ДЕШТИ»
– Арыз жазайын деп Сокулук РИИБине барсам «бар, ошол сени алдап кеткен адамдарды таап кел, сурак кылып көрөбүз» дешип эки жолу арызымды карабай коюшту. Сокулук райондук соту Сүйгүнбайдын аялы Элмира Дүйшөбаеванын «сатып алуу мыйзамсыз болду» деп жазган арызын карап, нике күбөлүк жана башка документтерин текшербей эле алардын пайдасына чечим чыгарып койду.
Бир күнү Хайдаровду жолдон кармап алып, «эмнеге мындай кылып жатасың?» десем, «Элмиранын үйгө эч кандай тиешеси жок. Ал менин үйүмө 3 баласы менен өзү кирип отуруп алган. Мына менин аялым башка» деп Нурзат Дөөлөталиева аттуу аял экөөнүн ортосундагы нике күбөлүгүн көрсөттү.
2013-жылдын сентябрь айында Чүй облустук сотуна арыз менен кайрылдым. Ошондо «жаңы жасаттык» деп Элмира Дүйшөбаева нике күбөлүк алып барса, Хайдаров болсо Нурзат Дөөлөталиева менен катталган нике күбөлүгүн алып барды. «Эмнеге 2 нике күбөлүк? Кайсынысы жасалма?» деп соттор да суроо бергенге жарабады? Сот отурумуна үйдү күбөлөндүргөн нотариаттын кызматкерлери, банктын юристи катышып, «документтер туура, мыйзамдын негизинде Элмира Дүйшөбаеванын үйгө тиешеси жок» дешсе соттор аларды «силер жөн эле катышуучусуңар, сүйлөбөй отургула» деп тыйып койду. Ошентип облустук сот да чечимди Элмира Дүйшөбаеванын пайдасына чечти. Мага
26 268 сом айып пул салды. Жогорку Сотко кайрылайын дейм, бирок алар да айып пул жазып койсо кантип төлөйм деп жазыштан коркуп жатам.

«АЙЫНА 20 355 СОМДОН НАСЫЯ ТӨЛӨЙМ»
– Үй алам деп банктан 11 миң доллар алып, азыр айына 20 355 сомдон төлөп жатам. Ачка калган балдарымдын ыйлаганын көргөндө «төлөбөйм, банк үйдү алса алып коё берсин» дейм. Бирок анын 60 пайызын төлөп бүтүрүп койгом. Үзүлбөгөн үмүт менен «үйүм кайра өзүмө тийип калар» деп жашап келе жатам. Жолдошум автокырсыктан каза болуп калган. Ал каза болгон соң «Дордой» базарынын жетекчилиги мага бир орун берген. Ошол жерде оюнчук сатып иштеп жаткам. Насыяны төлөйм деп аны да саттым. Азыр күндүз кечке кафелердин биринде идиш жуугуч болуп иштейм, кечкисин «Дордой» базарында көчө шыпырам. 4 балам жетим болгондуктан, аларга 5500 сом пенсия, 2000 сом жөлөк пул алабыз. Аны иштеп тапкан акчаларыма кошуп банкка, батирге да төлөп жашап келем. 12 бир тууганбыз. Баары эле мага окшогон карапайым адамдар. Жардам бергенге чамасы жок.

Нурзат Дөөлөталиева:«ЭЛМИРА СОТТОРДУН ООЗУН АКЧА МЕНЕН ЖААП ЖАТАТ»
Талашта турган үйдү көрүү үчүн Сокулук айылына бардык. Ал жерди Элмира айым бирөөлөргө ижарага бериптир. Батирде жашап жаткандар «ээси келбесе ачпайбыз» деп дарбазаны ачпай коюшту. Үйдү сатып коюп, ортодо эки аялга талаштырып, чырды чечип берүүгө даремети жетпей жаткан Сүйгүнбай Хайдаровду издеп, анын учурда жашап жаткан келинчеги Нурзат Дөөлөталиевага байланыштык. Жолдошунун дайынын айтпай, ал менен сүйлөшүүбүздү каалабаган НУРЗАТ айым төмөнкүлөрдү билдирди:
– Жолдошум бойдок кезинде шаардан үй алган экен. Кийин аны сатып, Орусиядан иштеп таап келген акчасын кошуп, Сокулуктагы ошол үйдү сатып алган. Жарандык никедеги аялы Элмира менен жашаган жылдары кыздуу болушкан. Кийин ал Элмира менен ажырашып, Сүйгүнбай экөөбүз мыйзамдын негизинде баш коштук. Жолдошумдун банктан алган насыясы бар болчу, анын үстөк пайызы өсүп жаткандыктан үйдү тез арада сатып, ага төлөш керек болду. Сатарда Элмирага «мен үйдү сатып жатам» деп айткан. Ал «билгениңди кыла бер» деген. Шашылыш болгондуктан 5 бөлмөлүү чоң үйдү арзан эле сатып жиберген. Сатардан мурун Мединага «бул талашта турган үй, алың жетсе ал» деген. Медина билип туруп «эптеп алам» деп сатып алган эле. Эми минтип же акчасынан, же үйдөн жок болуп отурат.
Үй жолдошумдун атында болчу, мыйзамдын негизинде үйдү Мединанын атына өткөрүп берген. Элмира соттордун оозун акча менен жаап коюп жатса жолдошум эмне кылсын? Жасалма нике күбөлүк даярдатып алыптыр.

«Элмира Дүйшөбаеванын бул үйгө кандай тиешеси бар? Үй анын наамында болбосо сот кантип анын пайдасына чечим чыгарып берген?» деген суроолор туулбай койбойт экен. Элмира айымды издештирип, анын учурда Орусияда иштеп жүргөнүн уктук. Соттордон жооп алалы деп бул ишти караган Чүй облустук сотунун судьялары Шааркан Калыбаева менен Алма Кадыркулова айымдарга телефон аркылуу байланыштык. Судья Алма Кадыркуловадан «Биз докладчы эмеспиз. Жогорку Сотко кат менен кайрылгыла» деген жооп алдык. Ал эми Жогорку Сотко жазган катыбызга жакын арада жооп беребиз дешти. Жооп келген соӊ бул окуяга дагы кайрылмакчыбыз.

Юристтин кеңеши
«ҮЙ АЛАРДЫН ОРТОДОГУ МЕНЧИГИ ЭМЕС»
Бул боюнча юрист ЖООМАРТ ЖОЛДОШЕВ Медина айымга төмөндөгүдөй кеңешин берди:
– Урматтуу Медина айым, Үй-бүлө кодексинин 35-беренесине ылайык никенин учурунда жубайлардын тапкан мүлкү алардын ортосундагы менчиги болуп саналат. Ал эми ошол эле кодекстин 11-беренесине ылайык жубайлардын укуктары менен милдеттери түзүлгөн нике мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып башталат. Демек, жубайлардын никеси мамлекеттик каттоодон өтпөгөндүктөн жогорудагы айтылган үй алардын ортодогу менчиги болуп эсептелбейт.
Ал эми сот органдарынын чечимине укуктук баа берүү үчүн алардын чыгарган актыларын карап чыгуу зарыл. Негизсиз болгон соттун актылары мыйзамсыз жана ал жогорку инстанциядан жокко чыгарылат. Албетте, соттордун дагы жеке абийирине тиешелүү учурлар болот. Ошондуктан бул учурда тиешелүү деңгээлдеги жактоочу менен иштешүүңүз керек.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Үйдөн да, акчадан да куру калдым" дейт Медина Карабекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
happy86
2014-09-08 17:28:36
Ээй тобо ортодо эле кембагал бечаралар кыйналат.Качан биздин соттор адилеттуу иштейт экен.Аларды да кудай коруп турат го.Жесир аялды эч болбосо 4баланы ойлобойбу.Баары жеке кызыкчылыгы учун.Эжени Кудай колдосун эми.
+1
kamarik
2014-09-08 19:30:49
азыркы соттор ххх
0
admin_superstan
2014-09-09 10:23:46
kamarik, этика нормаларын сактаңыз! Оозеки эскертүү!
0
ALBIKA
2014-09-09 01:00:42
Уйду сатаарда эле эмес алаарда да жубайлардын экинчисинин макулдугу созсуз керек го.Анын устуно уй да банк аркылуу алынып жаткандан кийин баардык документтери толук жайында болуп анан сатып алганда.Банктагы далил документтер аркылуу эле чечип койсо болмок го бул ишти сот соройлор.Бир жылы теледен коргом
кандай адамдардын сот болом деп экзамен тапшыр-н.ошондой соройлордун бири сот болуп отурат да,мурду десе оозун корсотуп.
+1
MARGO55
2014-09-09 11:31:42
Жиндиге деле белгилуу болуп турат го законсуз тартып алгандыгы!Россияда иштеп кенири акча жонотуп айма ай бок курсактардын оозун майлап ишти жаап жатат да,кембагалды болсо ат устундо ИТ каап жатат.
0
kamarik
2014-09-09 19:38:23
сотторго эч ким ыраазы эмес.алар ххх.тор
0
admin_superstan
2014-09-10 10:01:31
kamarik, этика нормаларын сактаңыз! Биринчи оозеки эскертүүгө көңүл бурбаганыңыз үчүн эскертүү сызыгыңыздын деңгээли 20%га көтөрүлдү.!
0
floris
2014-09-10 09:35:27
Сотторго ишениш жок.аралга акча болсо ,адам олтурсо да бошотуп жиберип олтурушат.Алардын окууганына канча кетсе ошону таап жатам деп ойлошсо керек.
0
jaaaaanymka93
2014-09-10 17:12:02
Биздин бетпак чондор качан адам болушат экен))(
0
Aiaium
2014-09-10 19:16:14
Соттогулар акмактар,алар жесирди балдарды ойлойтбеле,анда чонтогу эмне болот ххх
0
admin_superstan
2014-09-11 10:45:57
Aiaium, этика нормаларын сактаңыз!
0
Frunze1
2014-09-11 14:11:43
Медина айым, сиз оз укугунуз учун курошуунуз керек, анткени чындык, акыйкат сиз тарапта... Жогорку Сот да штраф салса эмне болот деп журокзаада болбонуз, ар кимге кулак тошоп духунуз бошошпосун. Биз акыйкатсыздык, коррупцияга белчебизден батып жашасак да керек учурда чындык оз ордун таап женишке жетип келгенбиз.. Кептин баары Элмира менен сатылма соттордо болуп жатыптыр. Сиз мыкты адвокат таап аны менен кенешиниз, ал сизге жардам берууну кааласа Жогорку Сотко аппелациялык арыз менен кайрылыныз!
+1
Frunze1
2014-09-11 14:16:51
Экинчи арызды кызматынан кыянаттык менен пайдаланган Чуй облустук сотунун устунон бериниз, ал адамдарды доого жыгып утуп алуу мумкунчулугунуз бар. Эгер Жогорку Сот адилеттуулук менен чечим чыгарса облустук соттор айыпка жыгылып кызмат орундарын тапшырышы керек. Эгер Жогорку соттогулар да "карга карганын козун чокубайт" болуп кылмышкерлерди колдосо анда сиз Жогорку Кенештеги Дастан Бекешев жана ИсмаилИсаков сыяктуу эл ишенген депутаттарга кайрылып окуяны тушундуруп бериниз, алар жардам беришет!
+2
_KipchaK_
2014-09-11 17:50:52
Frunze1, Исмаил Исаковду билбейм, бирок Дастан Бекешев "толковый" депутат.
0
kg_sulushka
2014-09-12 05:00:17
sottordun chechimi kyjyryndy keltiret alarga sen sot bolup ishtegenge jarabaisyn desh kk ele
0
kg_sulushka
2014-09-12 05:01:36
ayaldyn idish juup ishtep jatam degenine ishengen jokmun
0
Eliza83
2014-09-25 23:43:17
Эхх эжеке!Ошол балдар менен Орусияда болгонунузда бекер уй алат элениз!А биздикилер кудайдан да коркпой калган го!Жетим-жесирлердин кусуру урсун СОТТОРДУ!!!
0
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан