Эл эңсеп күткөн «Курманжан датка» тарыхый тасмасынын бет ачары Эгемендүүлүктүн 23 жылдыгынын урматына 31-август күнү борбор калаабыздагы «Манас» кинотеатрында болду. Ачылыш аземге вице-премьер-министр Эльвира Сариева, маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият өкүлдөрү катышышты.
ТААСИРДҮҮ УЧУРЛАР ЖЕТИШПЕЙ КАЛЫПТЫР...
Акылмандуулугу, кайраттуулугу, көрө билгичтиги менен жумурай журтка баш болуп, кыргыз элинин бүтүндүгү, азаттыгы үчүн күрөшүп тарыхта аты калган Алай ханышасы Курманжан датка тууралуу көркөм тасма көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Албетте, «Камчыбекти дарга асуу учурундагы Курманжандын «Ажалга тике кара!» деген таасирдүү сөзү жок, ошол эпизод көркүнө чыкпай калыптыр. Орус империясынын баскынчыл саясаты бүгүнкү саясатка байланып калыптыр» деген өңдүү сындар айтылууда. Бирок жалпысынан тасма көпчүлүктүн купулуна толуп, премьерага келген көрүүчүлөр орундарынан туруп алып кол чаап, ыраазычылык билдиришти.
Кыргыз каскадёрлорунун тасмадагы аткарган ишин өзгөчө бөлүп көрсөтүүгө арзыптыр. Анан албетте, операторлордун милдетин мыкты аткарганы кино боюнча өзгөчө түшүнүккө ээ болбогон карапайым көрүүчүгө да байкалат. Кыргыздын керемет табияты бул картинада укмуш ачылып, актёрлордун оюнуна кошумча көрк бергени көрүнүп турат.
Ачыгын айтыш керек, мамлекеттик масштабдагы тасманын ачылыш аземин көрүүчүлөр башкача элестеткен. Ачылыш аземге алгач президент Алмазбек
Атамбаевдин келери күтүлүп жаткан. Бирок ажо аталган иш-чарага катышпады. Президент катышпайт дедиби же мындай иш-чараларды өз деңгээлинде өткөрүүчү адис жетишсизби, айтор, уюштуруу иштеринин жоопкерчилигин алган Маданият министрлиги бир топ баш аламандыкка жол берди. Башында кызыл килем болот деп жатышкан, андан кабар жок. Сахнага кимдер чыгып, ким сөз сүйлөөрүн билбей, тасманын режиссёру Садык Шер-Нияз абалды жөнгө салып, кино жаратуучуларды көрүүчүлөрдүн алдына чакырды. Кино жаратуучулар кубанычын бөлүшүп бүтө электе Камила Талиева микрофон талашып, сахнага Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырованы чакырып, микрофонду бошотуп берди. Эптеп-септеп тартылган тасмалардын ачылышында деле аземдин каадасын кылып кызыл килем, сүрөткө түшүүчү стенд дегендерди уюштурушчу эле, Маданият министрлиги мындай нерселерди эске албаптыр. Актёрлор «Манас» кинотеатрынын «Курманжан датка» фильми үчүн жасап сыртка коюп койгон афишаларынын жанында сүрөткө түшүп жатышты.
КӨРҮҮЧҮЛӨР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Тасма тууралуу учурда социалдык тармактарда кызуу талаш-тартыш жаралып жаткан кез. Мактап, «баракелде» дегендер толтура. Ошол эле учурда «Тасма 70 миллион сомго тартылгандай көрүнбөйт. Андай суммага мындан күчтүү фильм тартылмак» дегендер да чыгууда. Айрымдары болсо «массовканын аздыгынан согушкан, мушташкан эпизоддору толук ачылбай калган, спецэффекттер жетишсиз» деген түрдүү сындарды айтышууда.
Асхат Субанбеков
Нурсултан Эстебесов
star@super.kg