«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

Ибрагим каза болгондон кийин султан Сулеймандын кошууну көп жоготууга учурайт. Ал эми тасма талаасында султандын карындашы Шах султан пайда болуп, аны менен Хүрремдин айыгышкан согушу башталат.

ҮЧҮНЧҮ СЕЗОН
84-92-сериялар
Рим папасы султан Сулеймандын даңазалуу вазири Ибрагим өлгөнүн угуп кубанат. Махидевран Хүрремди өлтүрүү үчүн өз күңү Диананы гаремге жөнөтөт, ал Фахрие деген ат менен гаремге кирет. Махидевран Михримах менен Ташлыжалынын ортосундагы сүйүүгө чекит коюлушун талап кылат. Ташлыжалы Мустафа үчүн сүйүүсүнөн баш тартып, ал чечимин Михримахка билгизет. Фахрие Хүрремди өлтүрмөй болуп кол салат, бирок кол салуусу ишке ашпай калып, «мен куткарып калдым» деп алдап ишеничке кирет. Карапайым кийинип, базарда жүргөн султанга кол салынып, бирок Бали бейдин ыкчамдыгынан улам ал аман калат. Эрдиги үчүн Бали бей султанды кайтаргандардын башчысы болуп дайындалат. Султан жүрүшкө даярданат, бирок Мустафаны бул жолу жүрүшкө чогуу өзү менен албай турганын билдирет. Аз убакыттан кийин Рүстөм пашадан кабарчы келип, Хүрремге жолугат. Ал Мустафа атасы жоктугунан пайдаланып такка отуруу үчүн борборго келе жатканын айтат.
Шахзадалар Баязид менен Жахангирди арабада бара жаткан жеринен кимдир бирөөлөр ала качканы тууралуу угуп, Хүррем балдарын издеп жөнөйт. Изи менен барып, алдында турган Шах султанды көрөт. Көрсө, мунун бардыгы султан айым уюштурган оюн экен. Ал өзүнүн колунан көп нерсе келе турганын жана ал дайыма ыйлап кала берген Хатиже эмес экенин айтат. Максаты – Хүррем султанга өзүн көрсөтүп, анын алдында ким турганын билдирүү эле. Ушул окуядан кийин Шах султан менен Хүрремдин ортосундагы элдешкис кастык ачыкка чыгат.
Кичине кезиндеги достук ашыктыкка айланып, Михримах Бали бейди сүйүп калат. Хатиже Манисадан келип, Ибрагим экөө жашаган сарайда эжеси Шах султан жашап жатканын билет. Андан да кызыгы, кайсы бир убакта Шах султандын Ибрагимге жазган ашыктык катын окуйт. Жүрүштө жүргөн Сулейман бул жолу Ибрагимдин жоктугун жон териси менен сезет. Канчалык аракет кылса да Корфу чебин багындыра албайт. Күн сууктай баштагандыктан ал аскерлерин алып кайра кайтууга мажбур болот.
Хатиже Хүрремден өч алуу максатында көзү ачык аялга барып, ага кара дуба окутат. Анын айынан күндөн күнгө алдан тайып, ооруунун кесепетинен Хүррем өзүн башкара албай Хатижени адам тааный алгыс кылып сабап салат. Токойдон табылган Хатижени алып келишкенде ал Хүррем кылганын айтат. Бирок Сулейман кайра эле Хүрремге ишенет. Хатиже Ибрагим пашадан калган байлыкты Шах султанга көрсөтөт. Ал бул акча мамлекеттин казынасына берилүү керек экенин айтса, Хатиже бул эсепсиз байлык ага жана балдарына калтырылганын айтат. Ибрагимдин катылган байлыгы тууралуу кеп султанга жетип, ал иликтөөнү Рүстөм пашага тапшырат.
Шах султан кайрадан Хүрремге кол салууну чечет. Бул жолу Фахрие Хүрремди сактап калып, бардык чындыкты айтып берет да, анын тарабына биротоло өтүп кетет. Михримах Бали бейден ашыктык катына жооп алат, бирок катта Бали бейде ага болгон сезим жок экени жазылган эле. Султан Хатижени кайрадан күйөөгө бере турган болот. Сулейман Пери паша чыккынчылык кылганын угуп, анын башын алууну Мустафага тапшырат. Бирок Пери паша Ибрагимдин кишиси болгону үчүн өлүм жазасына тартылып жатканын айтып адилеттик күтөт. Мустафа күнөөлүү кишинин башка экенин билип, ишти терең изилдөөнү чечет. Хүррем учурдан пайдаланып Рүстөм пашаны Манисага жөнөткөнгө жетишет жана аны диванга кошуу керектигин кыйытып айтат. Хатиже эч качан турмушка чыкпай турганын кесе айтат. Мустафа атасынын буйругун укпай койгону үчүн айыпталат. Бирок ал атасына келип, Пери паша ак жеринен күнөөлүү болгонун далил менен көрсөтүп берет.

ПАДЫШАНЫН АЛТЫН ЧАЧТУУ КЫЗЫ
Бул серияларда Михримах султандын Бали бейге болгон сүйүүсү өзгөчө кеп кылганга арзыйт.
Михрю Мах... Бул түркчө Күн жана Ай дегенди билдирет. Ага күн чарасына батып, ал эми ай жаңы чыгып келе жатканда төрөлгөндүктөн бул ат ыйгарылган. Тарых булактарында  Михримах  сулуу жана бай аялдардын бири болгону айтылат. Анын урматына көптөгөн мечиттер, имараттар салынган. Ханбийке  мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жана энесинин сөзү үчүн өзүнөн бир топ жаш улуу, түрү суук Рүстөм пашага турмушка чыкканы тарыхта калган. «Мен падышанын кызы Михримах! Алтын табактан тамак жеп, айтканым айткандай аткарылган Михримах... Бирок баарын багынткан падышанын кызы бир жөнөкөй жоокердин эр жүрөк жүрөгүн багынта албады» деген тасмадагы таасирлүү сөздөр көптөрдүн эле эсинде калса керек. Ал эми анын жоопсуз сүйүүсү Бали бейдин ролун аткарган Бурак Өзчивит мындай дейт: «Бали бей менен Михримахтын ортосунда сүйүү болмок. Анткени ал өтө сулуу болгон. Бирок ал падышанын кызы болгондуктан Бали бей кадырлуу башын кимдир бирөөгө ийгиси келбей койду. Андыктан жөн гана баш тартканга туура келди».
Атактуу ханбийкенин ролун аткарган Пелин Карахан 1984-жылы 7-сентябрда Анкара шаарында туулган. Түркияда жарнамалык роликтерге тартылып жүрүп көзгө илинген. Мурунку күйөөсү Эрдинч Бекироглу фитнес боюнча машыктыруучу. Алар пикир келишпестиктен 2013-жылы ноябрда ажырашып кетишкен. Ал эми 2014-жылдын май айында Бедри Гүнтай менен никеге турган. Андан кийин актриса кош бойлуу экени айтылып, бул сөздү ал өзү тастыктаган. Пелин Карахан учурда тун наристесин күтүп жаткан кези.

(Уландысы кийинки санда)

Асия Алиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Begayym.bayzakova.93
2014-09-08 10:55:21
Качан башталат болду экен кино?
-1
ayzharkyn
2014-09-09 21:54:24
Мехримахка боорум ооруйт
-1
Nurbol
2014-09-10 12:51:30
урматтуу супердин жамааты ушул сериал качан башталаарын билип бериниздерчи сураныч.
-1
alibekova94
2014-09-11 18:48:50
Ибрагим олгондон кийин корбой калгамго
-1
Patrik
2014-09-12 20:28:08
Орусчасын корсон анча окшобойт экен
0
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан