Марат Ибраев, опера ырчысы: «ҮНҮМ МЕНЕН ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГЫМ КЕЛЕТ»

Бүгүнкү маектешим белгилүү үй-бүлөнүн уулу. Атасы Бообек Ибраев театр режиссёру болсо, апасы Гүлсүн Мамашева белгилүү ырчы. Марат мырзанын канында, дилинде ыр, сахна деген ой жашаганы менен, кырктын кырына келгиче ырчы болгонго батына албай келгенин айтат. Каарманыбыздын «Сагынам», «Гүл», «Селкиге», «Фрунзенин оттору», «Шарманка» сыяктуу ырларды аткарганын уккан адам кадимкидей ырахат алат.

– Марат мырза, ырчылыкты эмнеге кеч баштадыңыз?
– Кайдагы кеч, мен апамдын курсагында жүргөндө эле баштагам. Бирок сахнага кеч аттандым. Азыр телевизор көрүп отурсак апам «мобул жерде сен үч айга толгонсуң, бул жерде бир жашта болчусуң» деп калат. Мен Асел, Ырыскелди, Гүлнур, Бек менен курбалдашмын. Бек менен Политехникалык университетте чогуу окугам, чогуу ырдап калчубуз. «Колдо бар алтындын баркы жок» дегендей үнүм болсо да эл алдына ырдап чыгайын деп ойлонбоптурмун. Ошентип кыркка чыкканда ырчы болууга ниеттендим. Дайранын жолун буусаң деле толуп-таша берет эмеспи, ошол сымал ички дареметим тынчтык бербей койду.

– Ырчы болуп чыккыча эмне иш менен алектендиңиз?
– Алган кесибим менен коопсуздукту сактоо боюнча координатор болуп «Кумтөр» ишканасында иштейм. Башкы кеңсебиз борбордо. Алтынды Кара-Балтага алып барып тапшырабыз, ошондо мендей кызматкерлер керек болот. Ал ишимдин чыгармачылыгыма пайдасынан башка зыяны жок. Беш күн иштеп, беш күн бошмун. Жетекчилер сынактарга барарымда демөөрчүлүк да кылып коюшат.

– Апаңызга ырчы болгуңуз келгенин айтып, кеңеш сурадыңызбы?
– Мектепте, аскерде, кыскасы, тар чөйрөдө ырдап эле жүрчүмүн. Бир гана ата-энем уккан эмес. Бир жолу тойдо музыкасы жок эле ырдап жатсам апам «балам, сен жакшы ырдайт турбайсыңбы. Улукмырза Полотов агайыңа барып көрчү» деп кеңеш берди. Аны менен жарым жылдай иштешкен соң операнын солисти Талгарбек Жакшылыковго кеттим. Мен Италия музыкалары менен чоңойгом, Талгарбек агай да Италияда окуп келиптир.
Ошентип опера жагына өттүм. Көп өтпөй мурунку Союздун курамына кирген өлкөлөр арасында Казакстанда сынак өтүп, 1-орунду алдым. Өзүмдү сынап көрөйүн деп эле баргам. Жеңиш жылмайган соң ишеним пайда болуп, чыгармачылыгыма көңүл бура баштадым. Жарым жылдан кийин эле Москвага сынакка чакырышты. Орто Азиядан жалгыз мен экем, 186 опера ырчынын ичинен 1-орунду мага ыйгарышты. Мен ырдаганга чейин башка ырчылар «сен эмнеге жарамак элең» дегендей басынтып жатышкан. Ооздукту коё бергенде ооздорун ачышты. Чынында, ошончо өлкөнүн, ошончо адамдын ичинен 1-орунду бербейт эле. Айла жок болуп калды. Москвадан мени аябай көкөлөтүштү, «сенин үнүң – бүткүл дүйнөлүк үн» дешти, чынын айтсам, бул жакка мас сыяктуу абалда келдим.

– Бир туугандарыңыздын ичинен сиз гана сахна адамы болдуңуз окшойт?
– Эжем Чолпон музыкалык мектепти бүткөн, бирок салык кызматкери. Иним Мурат жеке ишкер, ал деле айрым жылдыздарга караганда жакшы ырдашы мүмкүн. Ата-энем баарыбызды «сахнада жүрүү оңой эмес, башка эле кесипти тандагыла» деп тарбиялаган.

– Балдарыңыз бой жетип калдыбы?
– Уулум Ысмайыл БААУда 3-курста окуйт. Кызым Наристе быйыл мектепти бүтөт. Кичине тыныгуу жасайлы деп ошону менен чоң тыныгууга өтүп, бир кыз, бир уул менен калдык. Жаңы ырдап чыкканымда үй-бүлөм атабыз чыкты деп сүйүнүшчү, азыр көнүп калышты. Эми алар үчүн киного тартылып жатканым кызык, ошону кеп кылышат.

– Жеңебизди көп кыздын арасынан кантип тандадыңыз?
– Мектепте жүргөндө классташ кызымды сүйдүм. Бирок мен аскерден келгиче турмушка чыгып кетиптир. Анан студент кезде бир сулуу эле көзүмө көрүнүп туруп алды. Аты Суусар, шаарда чоңоюп-өскөн кыз экен. Мен өтө шыпылдагандарды жаман көрөм, ошондуктан анын мага токтоолугу жакты. 1-курстан тааныштык, бирок анда урушуп-талашып, сен кыйын, сенден мен кыйын болуп жүрдүк. Сүйүү сезими 2-курстан алоолонду окшойт. Алоолонгон от ичинде 4 жыл жүрүп, 5-курста баш коштук.
Жеңеңер учурда Мүлк башкаруу комитетинде эсепчи болуп иштейт. Андан башка деле сүйүүгө кабылган жокмун. Жактыруу болсо керек, сүйүш үчүн аны менен жолугууга барыш керек да. Менде андай нерсе жок.

– Кепти тасма айдыңына буралы, чү дегенде эле «Асел» тасмасында башкы ролду жараттыңыз, кыйналдыңызбы?
– Фильмдин режиссёру келип сценарийди айтып, башкы ролду сунуштаганда бир аз чочудум, бирок колумдан келерине ишендим. Ал тасма жөнүндө эл жакшы пикирлерди айтып жатышат. Өзүмдүн ичим чыккан жок. Андан сырткары спектаклде да роль жараткам. Режиссёр Алтынбек Максүтов былтыр Тоңдо өткөн «Кийиз дүйнө» долбоорунда спектакль койду. Мени баатыр катары роль жарат деп чакырган. Соңунда айрым актёрлорго караганда дареметиң күчтүү экен деген мактоо уктум.
Далмира Тилепбергенованын «Тоголонгон таш» фильминде театрда кабинети бар, чыгармачылыкка жакын, бирок баңгизат менен иштеген терс каармандын ролун ойнодум.

– Балалыкка сапар алалы, атаңыз Нарын театрынын режиссёру болуп турду. Ошол жерде төрөлсөңүз керек?
– Ооба, ошондой. Мен бирге чыгып калганда «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильми тартыла баштайт. Апам тасмада «Издеп жүрөм» деген ырды ырдайт эмеспи. Ошол ырды 3 ай тартышыптыр, үндү Москвадан жаздырууга дагы 3 ай кетет. Ошондо мени каралбай калды деген атамдын агасы жубайы экөө багабыз деп Нарындан Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылына алып кетип, өздөрүнө каттатып алышыптыр. Мен аларды чоң эне, чоң ата дейм.
Экөөнүн баласы болгон эмес. Мени «багып алалы» деп сурашса беришпейт, анан апамдын киного тартылууга кеткенинен пайдаланышыптыр. Мектепке кирерде ата-энем алып кетебиз десе чоң атам бербей коюптур, кийин көпкө таарынып жүрүштү. Ошентип мектепти көлдөн бүттүм. Аскерден келгенден кийин чоң атамдын көзү өтүп кетти. Анан чоң энемди Көлдөн Бишкекке көчүрүп келгем. Ал киши 2005-жылы каза болду.

– Сахнага кеч баш бактыңыз, кеч кайтышыңыз керек да. Дагы канча жыл кармалайын дейсиз?
– Дагы алдыда 15-20 жылдай убакыт бар. 31-августта «Ала-Тоо» аянтында ырдап, сахнадан түшүп келе жатсам азыркы устатым Темирбек Каримов телефон чалып жатпайбы. Шыбырап «анан чалам, мен сахнадамын» десем, «мен сени теледен көрдүм, буюрса, Италияны багынтабыз» деп кыйкырып, сүйүнүчүн жашырган жок. Италияда өтчү сынактарга да катышалы деген пландарыбыз бар, алардан кем калышпайбыз биз деле. Айрымдар Кыргызстанды багынтууга аракет кылып жатышса, менин максатым – дүйнөнү багындыруу.

МАРАТ ИБРАЕВ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА КЫЗЫКТАР

  • 1969-жылы 2-июнда төрөлгөн.
  • Атасы Москвада режиссёрлукка окутам деп жакшы эле аракет кылган, бирок чоң атасы ооруп калып барбай калган.
  • Атасы Бообек уулунун ырчы болгонун билбей калды. Марат мырза 31 жашка келгенде атасы каза болгон.
  • Тойлорго барып ырдайт, бирок чанда гана. Ставкасы жок.
  • Оозунун кыймылдаганы дал келбей калабы деп фонограмма менен ырдагандан коркот.
  • Жаш кезде кыздардын сүймөнчүгү болгон. Кыздардын баары менен эле сүйлөшө берчү, бирок сүйүүгө келгенде өтө тандачу.
  • Үнүн тарбиялоодон ырахат алат, Опера жана балет театрына, консерваторияга барып дайыма ырдап турат.
  • Кыргыз, орус, англис, итальян, француз тилдеринде ырдайт.
"Үй-бүлөм менен табигаттын кучагында эс алууну салтка айлантканбыз".

"Эжем Чолпон экөөбүз кичинебизден ынакпыз".

“Атамдын да, апамдын да таланты мага оогон окшойт.”

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Марат Ибраев: "Дүйнөлүк операны багынткым келет"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Саби
2014-09-08 14:08:58
Ооба ата-энеси таланттуу адамдардын баласы талантту болот да.Талантынызга ийгилик оркундоп осуп максаттарынызга жетиниз.
+3
ggvatua
2014-09-10 21:44:27
Ваау!Марат мырзанын уну абббдан жагат.Бали,агай,дуйнону багындырыныз.Сизди ар дайым жан дуйном менен колдой берем.Анткени сиз жан дуйнонун ырчысысыз.Кана,ушундай жигиттер коп болсо кыргызда.
0
Zarema94
2014-09-12 22:37:16
Ийгилик!
0
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан