3-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев: «31-август – Эгемендүүлүк күнүндө президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттин дарегине айткан сын-пикирине тынчсызданып жатабыз. «Парламент өзүн дискредитациялап алды» деген сөздүн өзү чоң айыптоо. Эгер спикер буга жооп бербесе, коомчулукта бул ой сакталып калат»,- деп билдирди. Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин 4 жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча отчётту октябрь айында берерин айтты. Ошол эле учурда Жээнбеков парламенттин иши жогорку деңгээлде эместигин моюнуна алып, мындай деди: «Орто Азияда биздин мамлекет биринчилерден болуп парламенттик башкарууга өттү. Бизге үлгү болгон эч ким болгон жок. Ошондуктан Атамбаевдин айткан сын-пикирлери бир четинен туура деп эсептейм».
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев өзүнүн сөзүндө парламенттин жана өкмөттүн жүргүзүп жаткан ишине карата сын-пикирин айткан (ред. мамлекет башчынын сүйлөгөн сөзүн кененирээк 10-беттен окуй аласыздар). Депутат Мыктыбек Абдылдаев эми өкмөт тараптын да буга карата отчётун Жоомарт Оторбаевден уккусу келгендигин билдирди. Бул уктуруулар сентябрь айынын ичинде болору айтылды.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg