МУЗ ҮСТҮНДӨ БИЙЛӨӨ

Апта башында жааган биринчи кар короодо кыш күтүп тургандыгы менен катар эле спорттун кышкы түрлөрүнүн сезону башталгандыгынан кабар берет. Андай спорт түрлөрүнүн ичинен муз үстүндө бийлөө өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Анткени анда спортчулардын ийкемдүүлүгү менен музыка айкалыша керемет өнөргө айланат.

Муз үстүндө бийлөө – Олимпиадалык оюндардын программасына кирген спорттун кышкы түрү. Анда спортчулар музыканын коштоосунда муз үстүндө коньки менен түрдүү көнүгүүлөрдү жасап таймашышат. Расмий мелдештерде медалдар 4 комплектте ойнотулат: эркектер жана аялдар арасында жекеликте, аралаш (эркек менен аял жуптукта) жана муз үстүндө спорттук бий.

УЛУУЛАР АРДАКТАГАН СПОРТ
Муз үстүндө бийлөөнүн расмий түрдө мекени деп Голландия жана Англия эсептелет. Эгерде Голландияда бул оюн жаралса (XIII-XIV кылымдарда), спорт түрү катары эрежелери кийинчерээк Англияда биротоло калыптанган. Башка тармактардай эле муз үстүндө бийлөөгө да алгач аялдар активдүү катышкан эмес. 1906-жылы Швейцарияда биринчи жолу аялдар арасында таймаш өтүп, ушундан тарта аялдар муз үстүндөгү бийге көрк кошуп келишет.
Тарыхый маалыматтарга таянсак, Франциянын ханышасы Мария Антуанетта муз үстүндө мыкты бийлей алган. Немис эл акыны Вольфганг Гёте чыгармачылыгына кандай көңүл бурса, муз үстүндөгү бийлөөгө да ошончолук кызыккан. Атактуу англиялык жазуучу Вальтер Скотт болсо муз үстүндө бийлөө боюнча түрдүү таймаштарды уюштургандыгы маалым. Бош убактысы болду дегиче муз аянтчасын көздөй бет алган атактуулардын арасында орус эл жазуучусу Лев Толстой да болгон. Ал муз аянтчасында көргөндөрүн “Анна Каренина” романында чагылдырган.

ЧОҢ ШОУ
Учурда муз үстүндө бийлөө боюнча расмий мелдештер менен катар эле түрдүү шоулорду өткөрүү адаттагы эле көрүнүшкө айланган. Мындай шоулордо бийчилердин өнөрүн калыстар эмес, көрүүчүлөр аныкташат. Келишимдүү келбет, кооз кийим жана муз үстүндө шамал менен жарышуу. Мунун баары көз менен көргөнгө жагымдуу болуп, сонун эмоцияларга чөмүлтөт. Натыйжада, муз аянтчасында жана анын айланасындагы шаан-шөкөттөн улам 0 градустан төмөн суук да экинчи планга өтүп калат. Буга соңку мезгилдерде орусиялык телеберүүлөр мисал.

КОНЬКИЛЕРИ ТУУРАЛУУ
Темир конькилер пайда болгонго чейин анын ролун аттын туяктары аткарган. Орусча “коньки” аталышынын келип чыгышы да мына ушундан. Учурда спорттук конькилердин 3 түрү бар. Алар муз үстүндө бийлөө, хоккей жана коньки менен чуркоо үчүн. Муз үстүндө бийлөөгө ылайыкташтырылган конькилер башкалардан айырмаланып, кобулчасы (жёлоб) бир аз чоңураак болот. Ошондой эле лезвиясында атайын тишчелери бар. Алар бийчилердин татаал көнүгүүлөрдү жасоосу үчүн ыңгайлуу (тайбайт дегендей).

ЖАРАКАТТУУ СПОРТ ТҮРЛӨРҮНӨ КИРЕТ
Муз үстүндө бийлөө хоккей, бокс, гимнастика сыяктуу спорттун жаракаттуу түрлөрүнө кирет. Мындан бир нече жыл мурда окумуштуулар Жозеф Фортин менен Даяна Робертс муз үстүндө бийчилердин жаракаттарга кабылуусу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Алардын эмгегинин негизинде бийчилердин тарамыштары, согончогунун жана омурткаларынын байламталары жаракатка көп кабылары аныкталган. Ошондой эле аталган изилдөөчүлөр коопсуздук үчүн конькилерди туура тандоо керектигин баса белгилешкен.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 367, 13-19-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан