БЕНЗИНДИН БААСЫ ОКТЯБРГА ЧЕЙИН КЫМБАТТАЙТ

Кыргызстанда бензин баасынын кымбаттоосу уланууда. Жыл башынан бери күйүүчү майдын баасы 15 пайызга өстү. Муну 3-сентябрда нефтетрейдерлер менен жолугушууда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков билдирди.
Күйүүчү майдын АИ-92 маркасынын баасы 45 сом 30 тыйынга жетти. Айдоочулардын айтымында, күн сайын бул баа көтөрүлүүдө. Эксперттердин маалыматтарына ылайык, бензин сентябрь айында дагы 5 пайызга кымбаттайт.
Өлкөдө мындай кырдаал бир нече себептерден улам болуп жатканын нефтетрейдерлер айтып жатышат. «Биринчиден, орус-казак жана кыргыз-казак чек арасында күйүүчү май толтурулган миңдеген вагондор бир нече айдан бери Кыргызстанга өтө албай турушат. Экинчиден, Орусиянын өзүндө бензин дефицит болууда. Заводдор күзгү оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин баалар түшө баштайт. Октябрь айына чейин бул маселе чечилип калышы керек»,- дешет нефтетрейдерлер ассоциациясынан.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
aku
2014-09-08 17:03:28
Велосипед эле сатып алыш керек болду.
+3
ayakosya
2014-09-08 20:23:14
Казакстан Узбекстанга караганда бизде арзан экен туугандар
-2
MARGO55
2014-09-09 11:50:25
Ооба эптеп эле Бир шылтоо менен кымбаттата бергиле,ошол учун арзыбаган акчага тоноп кетти,союп кетти,комуп кеттилер кобоюп,каракчылар кулачын кенен жайып жатат.А эн кызыыгы качан Аба сатыла баштайт?ошону айтып койгулачы бакалашкаларга эртерээк толтуруп алайын жетээрлик кылып))))
0
aske2012
2014-09-09 14:49:53
аларда айлык акыда ошондой чон ошон учун кыбат а бизде андай эмес
0
kamarik
2014-09-10 11:57:19
да здравствует путин!!!!
0
Sharipa-asia
2014-09-11 00:08:30
Шылтоооооо
0
joni_91
2014-09-11 13:57:26
Дагы бир чондун бензини тугонбой жатат. Анын чонтогу толгондо арзандайт.
0
argen0797
2014-09-25 23:58:34
мисалы россия мамлекетинде бензиндин баасы 26 руб (куну 25 сентябрь 2014 ж ) сомго алганда 36 сом болот .Азыр бензиндин баасы кыргызстанда 50 сом болуп калды.. эмнеге бензиндин баасы кыргызстанда 14 сомго коп ? 2 же 3 сом кошуп сатса дагы жегени жетет ко. же биз силерге окшоп бай болбосок мерседесте чалкалап жургондой.
0
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан