ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯНЫН БААСЫ ЖАЗЫНДА КАЙРА КАРАЛАТ

1-сентябрдан баштап электр энергиясынын тарифи бир фазалуу колдонуучулар үчүн мурдагыдай эле 70 тыйын бойдон калды. Ал эми үч фазалуу электр энергиясын пайдалануучулар 1 кВт/саат үчүн 1 сом 20,3 тыйындан, өндүрүш, айыл чарба жана башка ишканалар 1 сом 38 тыйындан, насостук станциялар 72,8 тыйындан төлөй башташат. Бул тариф 2015-жылдын 1-апрелине чейин өзгөрүүсүз калат. Андан соң инфляцияга жараша өзгөрүшү мүмкүн. Мындай маалыматты Энергетика жана өнөр жай министрлиги таратты.
Ал ортодо быйыл 1-октябрдан баштап жылытууга багытталган 3 фазалуу жабдуунун өчүрүлөрү жарыяланган. Алардын көмөк казандарына пломба коюлат. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев «Электр энергиясын үнөмдөөдө үч фаза менен үйлөрүн жылыткан абоненттерге тыюу салуудан башка жол жок» деди.
2-сентябрда өткөн жыйында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев Кыргызстанда учурда электр энергиясынын 65 пайызын карапайым калк, 25 пайызын өндүрүш ишканалары пайдаланып жатканын айтты. «Кышында электр энергиясынын 48 пайызы жылытуу үчүн турмуш-тиричиликтик тармакка пайдаланылат. Эгер туура саясат жүргүзсөк, ар бир үйдө жарык болот, болбосо энергетика тармагындагы 2008-жылкы көйгөй кайталанышы мүмкүн»,- деди министр.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан