БИР БҮРКҮМ

  • ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: «Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин экономика көтөрүлүп, мунун эсебинен айлык акы көбөйөт. Кыргызстан кааласа да, каалабаса да Бажы биримдигине кирет».
  • 31-август – Эгемендүүлүк күнүнүн эртеси Бишкектин «Ала-Тоо» АЯНТЫНАН 143 КУБ ТАШТАНДЫ чыгарылды. Тазалоо иштерин 65 жумушчу майрам күнү саат 23:00дө баштап, таңкы 5те бүтүрүшкөн.
  • Бишкекте саат 22:00дөн кийин интернет-клубдарда, көчөдө жүргөн ӨСПҮРҮМДӨР милиция бөлүмүнө алынып барылат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен кабарлашты.
  • 1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында маршруттук такси кызматынын баасы 3 сомго кымбаттап, 7 сом
    эмес, 10 СОМ БОЛДУ. Бул тууралуу Каракол шаардык кеңеши билдирди.
  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВДУН 150 жылдык мааракесине карата 17-октябрда Токтогул районунун Чолпон-Ата аймагында 150 боз үй тигилип, 14 мамлекеттен өкүлдөр келишет.
  • 2-сентябрда Ак үйдүн алдына шаардагы МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАРГА НААРАЗЫ болгон жарандар митингге чыгышты. Алар жалпы колдонуу үчүн бөлүнгөн жерлерге мыйзамсыз курулуштар түшүп жатканын, бул маселеге соттор да кайдигер карап жатканын айтышууда.
  • ИИМ: «2013-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү деп 447 АДАМ тизмеге киргизилген. Ал эми 2010-жылдан бери УКТ мүчөсү деп шектелип иши сотко өткөрүлгөн 744 адам бар».
  • Экологиялык талаптар так сакталбагандыктан КАНТТАГЫ ЦЕМЕНТ-ШИФЕР заводу жанаша жайгашкан айылдардын абасын булгап жатат. Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция тезинен текшерүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрбөсө болбойт. Бул тууралуу ЖКнын 4-сентябрдагы жыйынында депутат Эркин Сакебаев айтып чыкты.
  • Бир катар билим берүү кызматкерлеринин Профсоюз комитеттери иш таштоо чарасын колдоно турганын эскертип жатышат. Алар МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК акысын жогорулатуу, иштөө шарттарын жакшыртуу талаптарын коюшууда. Бул тууралуу депутат Каныбек Осмоналиев Жогорку Кеңештин 4-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
bai.kymbat
2014-09-09 10:54:22
Кыргызстан кааласа да, каалабаса да Бажы биримдигине кирет».- Качан кирет? быйылбы же эмки жылыбы же 2 жылдан кийинби???
0
edil.9292
2014-09-12 22:39:35
2015-жылы
0
dav312
2014-09-14 21:39:54
саламатсыздарбы супер инфо мен ушу бажы биримдигине кируунун он жана терс жактарын изилдеп элдин бажы биримдиги тураалу кандай ойлорун жазган элем ошону сиздерге алып барсам карап жакса гезит бетине чыгара аласыздарбы Текебаев кыргызстанды бажы биримдигиине киргизип алып кийин окунуп кайра туура эмес кылыппыз дейт анткени кыргызстандыктардын 70% эли бажы биримдигине кирууну туура эмес деп эсептейт
0
admin_superstan
2014-09-15 09:54:21
dav312, саламатсызбы!
politika@super.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү сунуштайбыз.
0
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан