Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев учурда суу тартыш экенин айтып, элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып жаткан кези. Жылытуу сезону аяктаган апрель айында өкмөт башчылыкка келген Жоомарт мырзанын ушул кыш мезгилинде күтүлүп жаткан энергетикалык каатчылыкка канчалык тиешеси бар? Өлкөнүн дээрлик ар бир үйүн жарык жана жылуулук менен камсыздаган Токтогул суу сактагычындагы суунун жетишсиздигине ким күнөөлүү?
АТАМБАЕВ ӨКМӨТТҮ БАШКАРГАН ЖЫЛЫ СУУ ЭҢ КӨП ТОПТОЛУП, КЫШКЫСЫН ЭҢ ҮНӨМДҮҮ ПАЙДАЛАНЫЛГАН
Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 2010-жылдан берки маалыматтарына көңүл бөлсөк, өкмөттү Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев башкарып турган жылдары Токтогул суу сактагычына суу эң көп чогулган. Тактап айтсак, 2010-жылдын 1-апрелине карата суунун запасы
9,7 миллиард метр кубду түзүп, 1-октябрга чейин 19,51 миллиард метр кубга жеткен. Ал учурда Роза Отунбаева премьер-министрдин жана президенттин милдетин аркалап жүргөн. Ал эми Алмазбек Атамбаев өкмөттү жетектеген 2011-жылы суунун запасы акыркы жылдардагы эң жогорку көрсөткүчкө жетип, 1-октябрга карата Токтогул суу сактагычында 19,54 миллиард метр куб суу чогулган. Мындай кененчиликке карабастан кышкы жылытуу сезонунда сууну үнөмдүү колдонушканы көрүнүп турат. Алсак, Атамбаев өкмөттү башкарган жылы Кыргызстан
4,11 миллиард метр куб сууну коротуп, кыштан чыккан. Бул учурда электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү мурдагы жана кийинки жылдарга салыштырмалуу бир топ аз болгон.
САТЫБАЛДИЕВДИН ТУШУНДА ЖАРЫКТЫ ӨЧҮРҮҮ КҮЧӨП, АЛ ЭМИ СУУ КӨП КОРОТУЛГАН
Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Бабановго Токтогул суу сактагычын 19,54 миллиард метр куб суунун запасы менен өткөрүп бергени министрликтин маалымат кагаздарында көрүнүп турат. Бабановдук өкмөт ошондой запас менен кышка кирип, жазга чейин 6,32 миллиард метр куб суу коротуптур. Атамбаевдин мезгилине салыштырмалуу суу 2,22 миллиард метр кубга көп корогон.
Ушундай эле көрүнүш Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттү башкарган эки жылда да байкалат. Алсак, 2012-жылдын 1-октябрында суунун запасы 17,51 миллиард метр кубду түзгөн болсо, ал кышта 6,26 миллиард метр куб суу коротулган. Атамбаев өкмөттү жетектеген кышка салыштырсак, суу 2,15 миллиард метр кубга көп коротулган. Суунун минтип көп коротулганына карабай ал жылдары электр энергиясын өчүрүүлөр кайрадан башталды. Кийинки жылы кышында сууну колдонуу акыркы жылдардагы эң жогорку чекке жетип, 6,89 миллиард метр куб суу коротулганына карабастан жарыкты өчүрүүлөр да көп болду. Атамбаевдин кезине салыштырсак, 2,78 миллиард метр кубга сууну пайдалануу өскөн. Иштелип чыккан электр энергиясын жалаң эл колдондубу же чөнтөктөргө кетип жаттыбы, аны айтуу кыйын. Көрүнүп тургандай,
Бабанов менен Сатыбалдиевдин өкмөттөрү Атамбаев өкмөттү башкарган мезгилге салыштырмалуу сууну 1,5 эсеге көп коротушкан. Эгер ошол 3 жыл аралыгында суу 2010-2011-жылдагыдай үнөмдүү пайдаланылса, бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суунун запасы азыркыдан
7 миллиард метр кубга көп болмок.
Ошентип, Жоомарт Оторбаев акыркы 4 жылдын ичинде суунун запасы эң аз чогулган маалда өкмөт башына келип, өзүнөн мурдагы кесиптештеринин көз жумду иштеринен улам элдин нааразычылыгына кабылып турган чагы.
Шаиста Шатманова
politika@super.kg