Абдырахман Маматалиев, вице-премьер: «ТАЖИКСТАН МЕНЕН УБАКТЫЛУУ ЧЕК АРА ЛИНИЯЛАРЫН ОРНОТУУНУ СУНУШТАП ЖАТАБЫЗ»

Быйылкы жылы чек ара чыр-чатактарынын бири унутула электе экинчиси орун алып, улам кийинкиси оор кырдаал менен коштолуп, ушул тапта «эмки жаңжал кай жерден чыгып кетер экен» деген кооптонуу күчөп турган чагы. Андыктан өкмөттүн коопсуздук, укук тартиби жана чек ара маселелери боюнча вице-премьеринин кабылдамасын каккылап, орчундуу суроолорубузга үмүткөр жоопторду алып кайттык.

– Саламатсызбы, Абдырахман Мадакимович, өткөн аптада Тажикстандан бир эмес, эки вице-премьер келип, Бишкек шаарында кыргыз-тажик делегацияларынын жолугушуулары болуп өттү. Кандай жыйынтыктарга келдиңиздер, тажик тараптын каалаганы эмне экен? Ымалага келе алдыңыздарбы?
– Эки вице-премьердин келиши эки түрдүү комиссиянын ишине байланыштуу болду. Биринчиси, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча. Аны баштаган тажик өкмөт башчысынын орун басары Алимардон Мурадоли менен быйылкы жылдын эсебинен 5-6 ирет жолугуштук. Баткен облусундагы чек ара чыр-чатактары, Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолу жана Лейлек районундагы Кулунду-Максат көпүрөсүнүн курулушу менен катар башка бир топ маселелер боюнча сүйлөшүүлөр уланды. Тажик тарап менен болгон талкуудан кийин жолдун жана көпүрөнүн курулушун чогуу жана бир мезгилде баштайлы деген чечимге келдик. Негизи, айланма жол бир аз даярдыксыз башталып кеткенине азыр өзүбүз да күбө болуп жатабыз. Тажикстан менен макулдашылбай, долбоор толук бекитилбей, айтор, иш чийки башталган. Биз тиешелүү документтерге кол коюп, айланма жолдун маршрутун тажик тарап менен жөө басып тактап чыктык.
Экинчи комиссия өкмөттөр аралык болуп саналат, анда Кыргызстан менен Тажикстан алакасынын эки тараптуу маселелери комплекстүү каралып келет. Кезектеги жыйында жакшы чечимдерге келдик. Урунттууларын атап өтсөк, эки өлкөнүн ортосундагы соңку чек ара жаңжалдарынан улам соода иштери солгундап кеткен. Аны жандандырууга ар кандай көргөзмөлөрдү уюштуруу жана башка чараларды көрүү боюнча протоколдорго кол коюлду. Чек арага жакын жайгашкан тургундарга муктаждык жаралып калганда, электр энергия берүү, Тажикстандагы кыргыз мектептерин окуу куралдары менен камсыз кылуу, дегеле коңшу мамлекетте жашаган кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүү жана башка ондогон маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.

– Иш жүзөгө аша турган болсо, жакын арада жылыштар байкалчудай экен. Ошол эле учурда быйылкы жылдын 7 айында болуп өткөн чек ара чыр-чатактарынын саны былтыркы жылдын ичинде катталган жалпы көрсөткүчтөн ашып түштү. Жолугушууларда кабыл алынган чечимдерди аткаруу кайсы тараптан тоскоолдукка кабылып жатат?
– Чек арада майда жана чоң чыр-чатактар болуп келген жана боло бериши мүмкүн. Мен мисалдарга токтолуп өткүм келет. 2-августта Баткен районунун аймагында тажик жарандары Кыргызстандын чек арасынан малын айдап өтүп, андан тышкары жүгөрү уурдоого киришкен. Аларды биздин чек арачылар байкап калып, малы менен кошо колго түшүрүшкөн. Бул окуянын кесепетинен жаңжал чыгып кетейин деп барып отуруп, оң жагына чечилип кетти. Экинчи мисалды айтайын. Ошол окуядан соң Алай районунун 3 кыргыз жараны мергенчиликке чыгып, мурунтан эле барып жүрүшкөндүр, бирок алар Тажик-
стандын аймагына 9 чакырымга чейин кирип кетишкен. Тажик чек арачылары токтотууга аракет кылып абага ок чыгарышканда, биздикилер да аларды атууга өтүшөт. Жыйынтыгында бул окуяда жаракат алгандар болду. Аны атка жүктөп келе жаткан жеринен тоонун жарынан кулап кетишип, тилекке каршы, жараныбыз кайтыш болуп кетти.
Союз учурунда эки мамлекеттин жарандары бири-бирине эркин кирип-чыгып жүрүүгө көнүп алышкан, бирок соңку учурда Кыргызстанда да, Тажикстанда да чек араны кайтаруу боюнча тартип күчөдү. Жарандарыбызга кайрылып кетейин, чек араны бузуп өткөндөргө карата мыйзамга ылайык чара көрүлөт. Ага кимдир бирөөнүн буйрук берүүсү деле талап кылынбайт.

– Барган сайын чыр-чатактарда ок атыша кетүү көнүмүшкө айланууда. Карапайым адамдын короосуна миномёттун снаряды да түшүп жатат. Бул боюнча кандайдыр бир чаралар көрүлүүдөбү?
– Кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда быйыл 3 жолу кагылышуу болду. Кудайга шүгүр, кыргыз чек арачыларынын ичинен бул окуяларда эч ким каза болгон жок. Тилекке каршы, тажик тараптан үч жолку кагылышууда тең кайтыш болуп кеткендер бар. Ар бир окуя боюнча биргелешкен ыкчам тергөө топтору түзүлгөн, иштер аягына чыгайын деп калды. Эки жак тең өз чек арачыларынан кандайдыр бир оор кырдаал жаралып калса, колдон келишинче ок чыгарбай чечүүнү айтып суранып жатат. Бир жагынан алар аскер адамдары, эгерде кырдаал курчуп кетсе, сен атпасаң, сени атып коюшу мүмкүн. Анын үстүнө тиешелүү документтер ок чыгарууга уруксат берет, ошондуктан атышып кетүүгө мажбур болуп калышат.

– Буга чейинки жаңжалдар Ворух анклавынын тегерегинде чыкчу, бирок соңку чыр-чатак Лейлек районунан орун алды. Конфликттик аймак кеңейип жатат деген кооптонуу жокпу?
– Андай деле эмес, болгону Баткен облусунда чек ара такталып бүтө элек. Анын бүтпөй турганына көп жылдар болуп кетти. 1991-жылы Казакстандын Алматы шаарында чоң келишимге кол коюлган. Ага ылайык ар бир мамлекет ээлеп турган аймагы боюнча чек ара линияларына ээ болуп, ал аймак анын менчиги болуп саналат. Биз юридикалык негиз катары ушул келишимди карманабыз. Бирок айрым коңшуларыбыз «силердин аймагыңардагы баланча гектар жер мурун биздики болчу» деген ой-пикирлерин айтып жатат. Так жана кесе доомат коюша элек, бирок ошондой сөздөрдүн айынан да чек араны такташуу кечеңдеп келет.
Чек аранын делимитация жана демаркация иштерин эртерээк аягына чыгаруу үчүн дүйнөлүк тажрыйбаны да карап көрдүк. Македонияны алсак, ал коңшулары менен убактылуу чек ара линиясын бекиткен. Биз да ээлеп турган аймак боюнча убактылуу чек ара линияларын орнотууну сунуш кылып жатабыз. Шахматтык тартипте жайгашып калган үйлөр бар, балким, аларды алмаштырууну карап чыгаттырбыз. Азыркы документтерди карап отура берсек, 10 жылбы, 50 жылбы, ордубуздан жылбай отура берчүдөйбүз.

– Өзбекстанга өтсөк. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев «Өзбекстан газын кайрадан берүү үчүн Кыргызстандан бир катар жер тилкелерин өткөрүүнү талап кылып жатат» деди. Тышкы иштер министрлиги бул сөздү төгүндөө менен билдирүү таратты. Ал эми сиз тараптан комментарий болгон жок. Ошондой талап болгону чынбы?
– Ош шаар башчысы текшерилбеген маалыматты айтып жиберди. Бул киши Өзбекстандын жооптуу кызматкерлери менен эч качан сүйлөшүп көргөн эмес, айрыкча чек ара маселеси же газ берүү боюнча бир да сүйлөшүүгө катышкан эмес. Өзбекстандын биринчи вице-премьери Рустам Азимов менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштүм. Өзбек тарап расмий түрдө кайсы бир маселени чечүү жолунун ордуна кайсы бир жер тилкесин берүүнү талап кылган жок. Андай сөз болгон эмес. Бирок чек ара боюнча кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү бир топ эле чыңалууда өтүп келет.

– Барак анклавында дээрлик жашоочулар калбай бара жатат. Абал ушундай нукта улана берсе, Барак кийин Өзбекстанга өтүп кетпейби?
– Жок. 120 түтүндөн турган Баракта бүгүн 12 үй-бүлө калды. Ал жакты таштап чыгып кеткендерге Кара-Суу районунун аймагынан жер тилкелери берилди. Өкмөттүн жардамы менен барактыктарга үйлөр курулат. Баракта бир жараныбыз калса да, аны коргоого алабыз. Ал Кыргызстандын жери жана ошол бойдон калат. Тескерисинче, Өзбекстан менен Баракка барчу жолду ачтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантабыз.

– Чек арачылардын абал-шарты, айлык маянасы жакшырып жатабы?
– Мурдагыга салыштырмалуу бир топ эле дурус. 1999-жылы Баткен жергебизге моджахеддер бастырып киргени эсибизде. Мен анда Баткен районунун акими элем. Алар кирип келген айылга, анын тургундарына барабыз, куткарабыз деп өзүбүз барымтага түшүп калганбыз. Ал кезде бизде Чек ара кызматы деген жок болчу. Орусиялык чек арачылар кетип, биздикилер ишке кирише элек болчу. Бүгүнкү күндө чек арада биздин чек арачылар жетиштүү санда. Аларга карата жакшы шарттар көрүлүүдө. Айлыгы быйыл көбөйдү, бирок дагы жогорулатуу керек. Чек арачылардын ордуна азыр ваканттык орундар бар, ошентсе да «айлыгы аз экен» деп ишке орношо калайын дегендер жок.

– Вице-премьерлик кызматка жаңы киришкениңизде Баткен облусундагы чек ара чыр-чатагынан улам сизди жергиликтүү тургундар барымтага алышыптыр деген маалыматтар да орун алган эле. Андан бери жолугушууларыңыз кандай маанайда өтүп калды?
– Ал маалыматтын туура эмес экендигин дароо эле тактап бергенбиз. Мени менен кошо укук коргоо органдарынын бир топ жетекчилери жана аскер кызматкерлери жүргөн. Ошончо адамды ким барымтага алмак? Ооба, ошол окуя орун алган күнү эл бир аз ачуулуу болчу. Биз аны түшүнүү менен кабыл алдык.
Мен кызматка келген 5 айдан бери Баткен дубанындагы чыр-чатактар, Ош облусунун Алай району жана Таласта болуп өткөн окуяларбы же жол тосуулар болобу, бардыгына барып, топтолгон элди таратып келдим. Калктан качпаш керек. Жогоруда айткандай, баштан мындан да оор күндөр өткөн. Ачык сүйлөшүп, чече ала турганын чечебиз деп, чече албаганын дагы карап көрөлү же ал чечилбейт деп келе жатам.

МАМАТАЛИЕВ АБДЫРАХМАН МАДАКИМОВИЧ

  • 1957-жылы 20-мартта Ош облусунун Алай районунда туулган.
  • 1979-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган.
  • Эмгек жолун Автомобилдик жана шоссе жолдору министрлигинин ага инженери катары баштаган.
  • 1986-1996-жылдары Ош облусунун администрациясында жетекчилик кызматтарды аркалаган.
  • 1996-1998-жылдарда Президенттик жана Өкмөттүк аппаратта иш алып барган.
  • 1999-жылы Баткен районунун акими.
  • 2000-2004-жылдары Жогорку Кеңеште бөлүм башчы.
  • 2004-2008-жылдар аралыгында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде иштеген.
  • 2010-жылы «Ар-намыс» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланып келген.
  • 2014-жылдын 4-апрелинен бери өкмөттүн күч түзүмдөрү боюнча вице-премьери.

Эльвира Караева
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Чек арада чыр-чатак болуп келген, боло бериши мүмкүн" дейт Абдырахман Маматалиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Multicam
2014-09-11 07:57:02
Чек ара маселесин ото тездик менен чечиш керек. Коп жерлер Озбекстанга отуп кетиптир. Аларды кайра териштирип чыкса жакшы болмок.
0
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан