«Данияр Эрматов продюсери Канат Кадыржан менен мушташа кетиптир» деп чыгышты. Бул окуянын чын-бышыгын билүү максатында продюсер менен байланышканыбызда, ал төмөнкүлөрдү билдирди:
«Биз урушкан деле эмеспиз. Нурлан (ред. Насип) менен Данияр такшалып калышты, алар эми өз алдынча кете алышат. Мен учурда Нооруз Алымбаев аттуу жаш жигитти таптап жатам. Анын «Көк жөтөл» аттуу ырына клип тартууга камынып жатабыз». Экс-продюсеринин бул сөзүн Данияр: «Канат байке менен урушпай, сый эле коштоштук. Ал башка балдар менен иштешем, силер эми өз алдынча кетүүгө жарап калдыңар деп айткан эле»,- деп тастыктады.