«Нурлан Насип үйлөнүптүр. Аялы Нурландын артынан ата-энесиникине чейин издеп барыптыр» деген кеп азыр шоу чөйрөсүндө уу-дуу. Бул маалыматты тактоо иретинде ырчыга кайрылсак ал: «Андай окуя болгону чын. 18 жаштагы жалал-абаддык күйөрман кызым айылга ата-энеме барып, «Нурланды жакшы көрөм, мени келин кылып алыңыздарчы. Ата-энем жок, жетимдер үйүндө чоңойгом» деп жалдырап, үйдөн чыкпай коюптур. Ата-энем да ишенчээк, боорукер адамдар да, мага айтуудан айбыгып, аны багып жүрө беришиптир. Бир жумадан кийин эжем байкабай мага айтып алды. Аны угарым менен атамдарга кызды үйүнө жибергиле, Нурлан үйлөнүп алыптыр деген сөз чыгып кетпесин деп айткам. Атамдар аны алдап, кайра жашаган жерине жеткирип келишиптир. Чындыгында ал кызды мурда көргөн да эмесмин»,- деп өзү да күйөрман кызынын жоругуна таң калганын айтат.