Улан Сарбанов, «Росинбанк» директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары: «2015-ЖЫЛЫ БАНК РЫНОГУНУН АЛДЫҢКЫ САБЫНА ЧЫГАБЫЗ»

2-сентябрь күнү «Росинбанктын» топ-менеджерлери массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуу өткөрүп, банктын ушул жылдын жарымындагы жыйынтыгы менен тааныштырышты. Жыйында аталган банктын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Улан Сарбанов, башкармалыктын орун басары Алмаз Бекназартегин жана башкармалыктын 1-орун басары Андрей Гойхман банктын ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылып, кызыктырган суроолорго жооп беришти.

«КЫЛДАТ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН МЕНЕДЖМЕНТ МЕНЕН ЖИГЕРДҮҮ ЖЫЙЫНТЫККА ЖЕТТИК»
«Чындыгында, 2 жыл мурун жаңыдан «Залкар Банкка» орус инвесторлору келгенде банк туруктуу эмес болчу»- деп сөзүн баштады башкармалыктын 1-орун басары АНДРЕЙ ГОЙХМАН:
– Инвесторлор жаңыдан келгенде 2013-жылга 14 миллион сом чыгаша менен кирген. Бул учурда биздин эң башкы максат – банктын туруктуу иштешине шарт түзүү болду. Башкаруунун эффективдүүлүгү менен жигердүү жыйынтыктарга жеттик деп эсептейм. Алсак, ошол эле жылдын август айында чыгашаларды толугу менен жаап, таза киреше 13 миллион сомду түздү. 2013-жылдын жыйынтыгында эң бат өскөн динамикалуу банк аталдык.
Ал эми быйылкы жылдын жарым жылдык жыйынтыгы боюнча айтсам, жалпысынан ишмердүүлүктүн өсүшү байкалууда. Таза киреше – 106 миллион сомду түзсө, насыялык портфель 249,2% өстү. Тагыраагы, жыл башын­да бул көрсөткүч
1,5 миллион сомдун тегереги болсо, азыркы убакта 5,4 миллион сомго жетти. Депозиттик портфель – 7 миллиарддан ашты, ал эми актив – 10 миллиард сомду түзөт. Азыркы учурда экономикалык өсүү темпи боюнча банк­тардын алдыңкы катарындабыз.

«АЙМАКТАРГА БАСЫМ ЖАСАЛАТ»
Андан соң сөз башкарма­лыктын орун басары АЛМАЗ БЕКНАЗАРТЕГИНге берилди:
– Биздин банк элдин бардык категориясы менен иш алып барат. Эл менен тыгыз иштөөнү уланта беребиз. Бул үчүн аймактык бөлүктөрдөгү банктын ишмердүүлүгү жаңыланып, оп­тималдоо жүргүзүлүүдө. Учурда өлкөнүн жети облусунда 68 аймактык филиал иштеп жатат. 2014-жылы банк сервисинин бардык талабына жооп берген 4 аймактык филиал жаңыдан ишке киришти. Мындан сырткары ушул жайдан тартып мультивалюталык аманаты иштей баштады. Ошондой эле аймактардагы филиалдарда жергиликтүү калк­ты жумуш менен камсыз­доо­ну да унуткан жокпуз.

«ТУРУКТУУЛУК ЭТАБЫН БАСЫП ӨТТҮК, ЭМИ ӨНҮГҮҮ ЭТАБЫНА КИРЕБИЗ»
Банктын директорлор кеңе­шинин төрагасынын орун басары УЛАН САРБАНОВ келечектеги пландар менен бө­лүштү:
– «Росинбанк» аз убакыттын ичинде банк рыногунда туруктуу иш алып барган банктардын катарына кире алды. Кардарлардын ишеничин актай алдык. Бул биз үчүн өтө маанилүү.
Ушул жылдын аягына чейин негизги 3 максатты көздөйбүз:

  • Башкаруунун эффек­түү­лү­гүн жогорулатууну улантуу.

Банкты нөлдөн, жаңыдан ачып иштеп баштоо ребрендинг­ден алда канча оңой. Анткени жаңыдан ачылган банк бат эле өнүгүү жолуна түшүү мүм­күнчүлүгү бар. Ал эми оң­доп-түзөп кайрадан ишке киргизген банк өз кардарларын сактоонун жана эффективдүү башкаруунун негизинде гана иштейт.

  • Филиалдарды оптималдоо.

Аймактардагы филиалдардагы банк сервисин кеңейтүү, жакшыртуу жана модернизациялоо иштери жасалат. Алардын эл үчүн ылайык жайгашуусу – кардарга жакын болуусу. Жеке ишкерлер менен тыгыз иштеп, чекене бизнестин өнүгүшүнө салым кошобуз. Жакынкы арада аймактагы филиалдардын санын көбөйтүп, 68ден 100гө жет­кирүүнү көздөп жатабыз.

  • Банктын стратегиясын иштеп чыгуу.

Жылдын аягына чейин негизги иш-кагаздарды жасап чыгуу керектелет. Алардын катарында акционерлер менен жолугушуп, керектүү чечимдерди =кабыл алуу. Ошондой эле банк­тын келечектеги иш алып баруусунун стратегиясы, келерки жылдын бизнес-планы жана бюджетти түзүү каралат.
Сөз соңунда директорлор ке­ңешинин төрагасынын орун басары Улан Сарбанов келген журналисттерге ыраазычылыгын билдирип, банк мындан ары да ачык-айкын иш жүргүзүп, маалымат менен бөлүшүүнү уланта берерин билдирди.

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан