Бакай Акулов: «АТАМ НҮЗҮП АТАБЫЗ ТАРЫХТАГЫ ӨЗ ОРДУН АЛСА ЭКЕН ДЕП ЭҢСЕЧҮ»

«Сынган кылычты» биринчи жолу 6-классымда окусам керек эле. Апамдын жумуштарга жумшаганынан качып, үйдүн эч ким байкабас, таппас бир бурчуна барып алып баш көтөрбөй окуп жатып, Нүзүп аталык өлтүрүлгөн жерине жеткенде көзүмдөн салаа-салаа жаш куюлуп, андан ары улантып окугум келбей таштап койгом. Көпкө чейин жаман абалда жүрүп, бир-эки ай өткөн соң гана кайра улантып окугам. Мына ошо мени ыйлаткан кишинин тукуму маңдайымда ата-бабалары тууралуу сүйлөп жатты. А мен ал кишинин жүзүнөн, үнүнөн, келбет-сөөлөтүнөн тээ качанкы өткөн аскер башынын, эл башынын, мени ыйлаткан каармандын элесин издедим.

 

 

Нүзүп аталык менен анын небереси Сулайманкул болушту тукумдары ушундай элестетишет.

"Нүзүп миңбашынын Ажы аттуу уулу атасынын ордун басып, эрезеге жеткенде датка болгон. Ошол Ажы даткадан Сулайманкул төрөлгөн. Ал Орус империясынын тушунда болуш болуп, Аксы өрөөнүн берки Кетмен-Төбө өрөөнүнө чейин башкарып турган. Сулайманкул болуштан Акул, Акулдан менин атам Темирбек төрөлгөн...",- деп маектешим өзүн тааныштырды. Акулов Бакай Темирбекович экономисттик билим алганы менен бул тармакта эмгектенген эмес. Жеке иштери менен жүрүп акыркы жылдары «Нүзүп миңбашы» коомдук фондунун иши менен гана алектенип калганын айтат. Бул фонд өкмөттүн колдоосу менен быйыл Нүзүп аталыктын 220 жылдыгын өткөрмөкчү.
– Чоң атам Акулду көрбөй калдык, ал 1946-жылы каза тапкан экен. Атам Темирбекти аксакалдар чоң атасы Сулайманкул болушка окшоштурушар эле. «Сынган кылычта» Нүзүп аталыкты ачуусу чукул, кайраттуу, акылдуу деп сүрөттөйт эмеспи. Ошол ачуусу чукулдук, кайраттуулук анын небереси Сулайманкул болушта дагы, Сулайманкулдун небереси, менин атам Темирбекте дагы болгон. Чоң атам 1946-жылы каза таап, атам жетим калып, «болуштун тукуму» делинип, көп куугунтук жеп, улам орун которуп, атүгүл Өзбекстанга качып, Кетмен-Төбөдөгү туугандарга чейин баш калкалап жүрүп чоңоюптур. 7-класска чейин эле билим алган. Кийин аны кармап, мектепке окутпай аскерге жиберип ийишиптир. Күн көрсөтпөй бир топ эле кыйнашкан экен. Басса-турса биздин кулагыбызга куяр эле. «Биздин аталар Нүзүп миңбашы, Сулайманкул болуштарды элди эзген деп келишти. Бирок алар өз заманынын адамдары. Аталарыңар эр көкүрөк, кайраттуу болгон, эл бийлеген даанышман болгон. Ак ийилет, бирок сынбайт. Баарыбир аталарыбыздын орду, салмагы айтыла турган заман келет» дечү. Ал киши бир көксөө менен жашап өттү. «Нүзүп атабыз кыргыздын тарыхындагы өзүнүн ордун таап, баасын алса экен» деп тилечү. «Сынган кылыч» романын жазып, анда Нүзүп аталыкка өзгөчө басым койгону үчүн Төлөгөн Касымбековго ыраазы болгон. Бул роман жазылбаса, Нүзүп аталыктын элибиздин тарыхындагы ролун бүгүнкү муун билет беле жокпу, айтыш кыйын. Эгер «Сынган кылычка» Нүзүп кошулбаса, ал романдын салмагы, кызыктуулугу кандай болор эле, аны да айта албайм.
Атамдын бир тилегени ишке ашты. Жетимиш беш жашка барып калганында журналист Султан Абдрахманов, биздин ишкер агабыз Ысман Юсупов менен бирге Маргалаңга барып, Нүзүп атабыздын бейитине куран түшүрүп келишкен.
Аксынын Афлатун айылында Бөрүкул деген аксакал өткөн. Санжыраны, өткөн-кеткенди, мурунку окуяларды жакшы билген, куйма кулак абабыз эле. Төлөгөн Касымбеков «Сынган кылычты» жазарда ушул кишинин үйүндө 3 ай жүрүп, баянын уккан дешет. Ошол абабыз айтчу экен «Нүзүп иреңи сур, кой көз, башы таз, булчуңу тирелип, кийиминин сыртынан байкалып турган алп сөөлөттүү киши болгон» деп.

Нүзүп аталык тууралуу тарыхчылар Жээнбек Алымбаев, Кыяс Молдокасымов, журналист Султан Абдрахманов, коомдук ишмер, "Нүзүп миңбашы" фондунун башчысы Малабек Токтоболотов да иликтөөлөрдү жүргүзүп келишет. Кыргыздын тарыхына из калтырган бул инсандын өмүр-таржымалы тууралуу кызык баянды кийинки саныбызда улантабыз.

Шаиста Шатманова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jaaaaanymka93
2014-09-08 13:49:17
Илгери ата-бабаларыбыз чон келбеттуу болушкан экен))))азыркы коомдогу эркектерибиз аман болсун
0
restreppo
2014-09-09 01:01:06
jaaaaanymka93, чонду каалап калгансын го ээ?
0
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан