ХИТ ЫРЛАР КАНТИП «ТӨРӨЛГӨН»?

Адатта адамдын көңүлүнө бир ыр жаккан болсо аны кайталап угуудан эч тажабайт эмеспи. Бирок ал ырдын эмне жөнүндө жазылганына, дегеле тарыхына анчейин маани бербейбиз. Учурунда миллиондогон адамдардын жүрөгүнөн түнөк таап, дүйнөнү дүңгүрөткөн ырлар кантип жаралганы тууралуу кыскача баяндап берели.

«МЕН СЕНИ СҮЙӨМДҮ» ЛАРА ФАБИАН ПРОДЮСЕРИНЕ АРНАГАН
Бельгиялык ырчы Лара Фабиандын француз тилиндеги «Мен сени сүйөм» ("Je t'aime") аттуу ыры эбак эле сүйүү гимнине айланган. Ырдын тарыхы тээ 1990-жылга барып такалат экен. Ал кезде секелек Лара Крокер (ырчынын чыныгы аты-жөнү) жана дос жигити Рик Аллисон (кийин Ларанын продюсери болгон) туугандарына билгизбей, өз алдынча карьера жасап, дүйнөнү багынтууну көздөшүп Бельгиядан Канадага качып кетишет. Экөө тең музыкага жакын, анда-санда ыр жаза коймой «чымындары» бар эле. Чогуу жашаган жылдары Лара менен Рик бири-бирине ага-карындаш, дос катары мамиле жасашат, бири-бирин жарым сөздөн түшүнүшөт. Эки чыгармачыл адамдын союзунан мыкты чыгармалар «төрөлөт». Ошентип эки жаш 1991-жылы эски жеңил унаасы жана 1000 доллары менен гана алгачкы гастролдук турга аттанышат. Көп өтпөй Ларанын алгачкы альбому жарыкка ийгиликтүү чыгып, чыгармачылыктын даңгыр жолуна тушоосу кесилет.
Так ошол жылдары ырчы өзүнө бир топ убакыттан бери өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк продюсерин ушунчалык сүйүп калганын сезет да, ага арнап «Мен сени сүйөм» деген ырдын сөзүн жазат. Сүйүктүүсү ага обон чыгарат. Сүйүүдөн жаралган ыр 1997-жылы жарыкка чыгар замат элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Ал эми эки жаштын ортосундагы сүйүү кызганычтан улам солгундай берет, ортодо уруштар чыга баштайт. Мындан улам ырчы депрессияга кабылат.
Бир жолу Лара Франциянын Ним шаарында сахнада маанайы жок, акырын ырдап жатканда залда отурган көрүүчүлөр «Мен сени сүйөм» дегендин ордуна «Биз сени сүйөбүз» деп жапырт ырдашат. Ошондо Рик ырчынын жанына басып келип «көрдүңбү, сен болсо жашагым келбей калды дейсиң, сени сүйгөн адамдар үчүн жаша!» дейт. Ырчы ал жерден кубанганынан жашын тыя албай ырдаганы аличе күйөрмандарынын эсинде. Ооба, ал жана сүйгөнү ушул күндү күткөн. Тилекке каршы, кийинчерээк экөөнүн ысык сүйүүсү муздап ажырашканы менен, ысык махабаттан жаралган бул ыр сүйүү менен ооругандарга дары болуп кала берди.

Лара Фабиан продюсери Рик Аллисон менен.

МАЙКЛ ЖЕКСОН ХИТ ЫР ЖАРАТАМ ДЕП ӨЛҮП КАЛА ЖАЗДАГАН
Музыканын поп-падышасы Майкл Жексон «Билли Жин» Billie Jean») аттуу ырын 1983-жылы алгачкы ирет сахнада ырдап, атактуу «ай кадамы» менен көрүүчүлөрдүн оозун ачырган. Алгач бул ырды угармандар америкалык теннисчи айым Билли Жин Кингге арналган деп ойлошкон. Чындыгында, «Билли Жин» ойдон чыгарылган ысым. Ал эми ырдын тарыхына үңүлсөк өзүнчө кызык. 1970-жылдары «The Jackson 5» тобу (кийинчерээк «The Jacksons» деп которулган) популярдуулуктун туу чокусуна жетип турган чакта Майкл топто чогуу ырдаган улуу агаларынан күйөрман кыздарынын жосунсуз жоруктарын көп уккан. Күйөрман кыздар балдарын «сенин балаң» деп жалаа жаап, популярдуулуктан пайда көздөшкөн.
Кийин Майкл да эрезеге жеткенде ошондой окуяга кабылат, тактап айтканда, күйөрман кыздардын бири анын эшигин кагат. Ал өз баласын ырчыга кайнаса каны кошулбаса да «сенин балаң» деп жабыштырып, аз жерден Майкл ата болуп кала жаздайт. Чекеге чыккан чыйкандай мүшкүл иштен араң кутулган ырчы мындай кыздар жөнүндө ыр жазууну ойлойт. Ал тууралуу ырчынын төмөнкүдөй эскермеси бар: «Музыкант өз ыры ийгиликтүү болорун сезет. Мен «Билли Жинди» жазып жатканда анын дүйнөлүк хит болорун сезгем. Бир жолу Вентура шаарында студияда үн жаздырып бүткөн соң жумуштагы өнөктөшүм экөөбүз Роллс-Ройс үлгүсүндөгү жеңил унаа менен жолдо баратканбыз. Ошол маалда аталган ырдын кайрыктары башыма кылт дей түштү. Мындай учурда башка эч нерсени ойлоого мүмкүн эмес эле. Күтүүсүздөн бир мотоцикл айдаган бала бизди кууп жетип, терезебизди чертти да «машинаңар күйүп жатат» деди. Ошондо гана түтүн чыгып жатканын көрүп, унаадан секирип түштүк. Жеңил унаанын май куйган жагы өрттөнө баштаптыр. Ал бала бизди өлүмдөн алып калды. Бир аз болгондо унаа жарылмак экен». Өмүрүнө коркунуч туулган так ошол мүнөттөн тарта Майкл бул ырды чоң сахнага алып чыгууну көксөйт да:
«Билли Жин менин сүйлөшкөн кызым эмес,
Ал мени жөн гана жалгызым деп атайт,
А бирок ал бала меники эмес...» деген мааниде сөзүн жазган. Ал ойлогондой ыр кийин укмуштуудай хитке айланат. Бул ырга тартылган видеоклип АКШнын жергиликтүү телеканалдарында (анын ичинде МТV телеканалында) «төңкөрүш» жасайт. Себеби «Билли Жинге» чейин бир дагы кара терилүү ырчылардын клиби жергиликтүү телеканалдардан көрсөтүлчү эмес.

Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Patrik
2014-09-15 10:55:45
Кайран Майл ака
+1
L0T0S
2014-09-16 13:24:23
Майкл кайтыш болгон сон ,коптогон куйормандары оз омурун кыйышкан.Алардын бири озун асынып олгон кыргыз жигити жонундо Супер-инфо жазган эле.
0
Vodafone
2014-09-16 15:05:22
L0T0S, аны кайсы жерден окуса болот?
0
zulik_julik.kg
2014-09-17 00:32:03
мээси жок болсо асынып олотда башка не кылмак
+1
№ 619, 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан