Кээ бир эркектер тамекиге караганда насыбайдын анчалык зыяны жок деп эсептеп, аны чегишет. Чынында ошондойбу? Дарыгерлер насыбайдын зыяны тууралуу кандай маалыматтарды айтышат? Буларды билүү үчүн изилдеп көрдүк.
«КУРАМЫНА АКИТАШ МЕНЕН КЛЕЙ ДА КОШОБУЗ»
Алгач Бишкектин «Ош базарынын» насыбай сатуучу катарына баш бактык. Дароо мурдубузду насыбайдын жагымсыз, көңүл айныткан жыты өрдөп, жыттан улам көзүбүз да ачышып чыкты. Сатуучулардын ичинен ЫСМАЙЫЛ аттуу жигит насыбай тууралуу маалымат берүүгө макул болду.
– Мен 5 жылдан бери насыбай сатам жана өзүм да 15 жылдан бери тартып келем. Бул катардагылардын баары Баткендин насыбайларын сатабыз.
Курамы мындай: 1 килограмм насыбай үчүн 1 килограмм тамеки, 1 килограмм жыгач отундун күлү, 200 грамм акиташ, 200 грамм желим (клей), 1 литр суу кошобуз. Кадимки туш кагаз (обои) чапталуучу желимди колдонобуз.
Эми Бишкектеги дарыгерлерге жолугуп, насыбайдын организмге тийгизген зыяндары тууралуу маектештик.
"ООЗ КӨҢДӨЙҮНДӨ РАК ООРУСУН ЖАРАТЫШЫ МҮМКҮН"
МУРАТ КОЙЧУБАЕВ, «Биринчи стоматология» ААКсынын стоматологу:
– Насыбайдын курамындагы акиташ ооздун былжыр чел кабыгын күйгүзүп, оюп, жара кылат. Узак жылдар бою насыбай тарткан адамдын кекиртегинде же ооз көңдөйүндө рак оорусунун жаралышы толук мүмкүн. Насыбай ооздогу даам сездирүүчү рецепторлордун сезгичтигин мокотот. Ошон үчүн адам бара-бара даамды жакшы сезбей калат. Ооздогу шилекей бези сезгенип чоңоёт да, шилекей көп бөлүнүп чыга баштайт. Ошондуктан насыбай чеккендер төөчө түкүрүнүп басып жүрүшөт. Ооз сасык жыттанат, тиштердин өңү өзгөрөт.
"ЭСКЕ ТУТУУ ТӨМӨНДӨЙТ"
ШАЙЛООБЕК ӨМҮРАЛИЕВ, Бишкектеги «Дем Нур» жеке наркологиялык борборунун директору:
– Айрымдар тамекиге караганда насыбайдын зыяны анчалык эмес деп жаңылыш ойлошот. Биринчиден, тамеки фабрикаларда санитардык жактан таза жерде жасалса, бул колдо жасалат. Антисанитардык жерде жасалгандарына ооруну жаратуучу түрдүү микробдор кошулуп кетет. Анан да жасаган киши сарык же кургак учук сыяктуу оорулар менен ооруса, насыбай аркылуу ал оорулардын жугуу коркунучу чоң.
Насыбай жеңил баңгизат түрүнө киргендиктен, аны чеккенде адам эс-мас тартып, нерви эс алып, күнүмдүк маселе унутула түшөт. Андыктан көбүнчө өспүрүмдөр бир маселеге кабылганда аны унутайын деп насыбай чегип, бара-бара көнүп кетишет. Тамекидеги никотин адамда көз карандылыкты пайда кыларын эч качан унутпашыбыз керек.
Насыбай тартканда кан басым жогорулап, жүрөк бат-баттан согот. Бул билинбей жүрүп отуруп жүрөк-кан тамыр ооруларын (анын ичинде миокарддын инфаркты, инсульт) жаратат. Насыбай чеккенде кан тамырлар ичкерет да, мээге кычкылтек жетишпей, мээнин иштөөсү бузулат. Акырындап унутчаактык келип чыгат. Ойлонуу, кабыл алуу, эске тутуу жөндөмдүүлүгү төмөндөйт.
Ошол себептүү насыбай чекпөө, чеккендер аны таштоолору кажет. Өз алдынча таштай албагандарга нарколог врачтар жардам беришет.
Дүйнөдө оорулардын ичинен жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар жана көз жумгандар саны боюнча 1-орунда турат. Жүрөк-кан тамыр ооруларын жаратуучуларга тамеки жана тамекиден жасалчу насыбай да кирет. Кыргызстанга бир канча жыл мурун Финляндиядан атайын изилдөөчүлөр тобу келип, биздин Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте изилдөө өткөрүшкөн. Ошонун жыйынтыганда өлкөбүздө 1 жылда 10-15 миң адам тамекиден, насыбайдан өлөрүн маалымдашкан.
"МАЙЫП БАЛДАР ТӨРӨЛҮШҮ ЫКТЫМАЛ"
ЖУМАН МЫРЗАЛИЕВ, Улуттук госпиталдын алдындагы Урология борборунун №3-заара жолдорунун таш оорулары бөлүмүнүн жетекчиси:
– Насыбайдын курамы зыяндуу заттардан тургандыктан, эркектерде бара-бара уруктун иштелип чыгуусу бузулат. Башкача айтканда, уруктук клеткалардын жаралуусу, өсүп жетилүүсү начарлайт. Бул майып баланын төрөлүшүнө алып келүүсү толук ыктымал. Эркектер насыбай чеккенде жыныстык даремети убактылуу канча бир мүнөткө күчөгөн менен акырындап жүрүп отуруп жыныстык жактан шалдыкка (импотенция) жеткирет. Андыктан убактылуу кумарга азгырылбай, эртеңки күндү, дени карды сак балалуу болууну ойлоо зарыл.
"ГАСТРИТТИН ЖАРАЛУУ КОРКУНУЧУ БАР"
ЛЮДМИЛА БАЙМАТОВА, Бишкектеги Кеңеш берүү кызматы жана спорттук медицина борборунун врач-терапевти:
– Насыбайдын өзүн же аны чеккенде шилекейди жутуп алуудан ашказан, ичегилер сезгенет. Бара-бара гастрит, ашказан-ичеги жаралары пайда болушу мүмкүн. Насыбайды көбүрөөк өлчөмдө жутуп алган адам ууланат.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg