Улуу Британиянын ханзаадасы Уильямдын жубайы Кейт Миддлтон кош бойлуу экендиги расмий түрдө тастыкталды. Ханбийке дарыгерлердин көзөмөлүндө болгонуна байланыштуу учурда жолдошу менен көп салтанаттарга катыша албай жүрөт.
Эске салсак, жаш жубайлар 2013-жылы 22-июль күнү тун уулдуу болушкан. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын урматына Лондондун негизги аянтында турган жоокерлердин кийими, басканына чейин алмашып, эң белгилүү «Күн» журналы бир күнгө атын «Уул» кылып өзгөрткөн. Ошондой эле мураскердин урматына 102 замбиректен ок атылып, жалпыга жар салынып, ага Жорж Александр Луи деген ысымды ыйгарышкан.