"ТЕРМИНАТОР" КАЙРАДАН ЭКРАНДА

Атактуу Арнольд Шварценеггер кайрадан кино дүйнөсүнө кайтты. Учурда ал «Терминатор» тасмасынын 5-бөлүгүндө башкы каармандын ролун жаратууда. Тасма тууралуу учкай кеп козгосок, режиссёрлук милдетти Алан Тейлор аркалап, экс-губернатордон тышкары Эмилия Кларк, Жейсон Кларк, Жай Кортни, Мэтт Смит, кореялык Ли Бён Хон сыяктуу актёрлор өз дареметин көрөрмандарга тартуулашмакчы. Азырынча тасманын жаратуучулары бет ачар аземин 2015-жылдын 1-июлунда өткөрүүнү убада кылышууда. «Темир кишинин» «саякаты» бул менен эле токточудай эмес. Себеби 2017-жылы тасманын 6-бөлүгү, ал эми 2018-жылы 8-бөлүгү экранга чыгары азыртадан айтылып жатат. Ал эми Арнольд кийинки бөлүктөрүнө тартылар же тартылбасын азырынча айта элек.

Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
jigit.85
2014-09-15 10:32:18
Карып калдыго аябай эле,эми Теринаторду башка Темирбаатырга откоруп бериш керек,эч эле таппай калса кыргыздарга бериш керек!)))
0
Patrik
2014-09-15 10:52:38
Арнольд аканин журогу жаш.
0
timashi
2014-09-15 12:28:12
Карысан да жанын тынбайт экенда сенин
-3
naaazka
2014-09-15 14:24:42
iii koreyalyk akter li ben hon da oinoso soonungo jakwy akter. arnold baike karyp kaldygo kantip oinoor eken.
0
jibek.shami
2014-09-15 20:07:28
ол темиир карывааййт.дат басып калат азыр дат басалек да!!!
+3
ooki8888
2014-09-16 11:30:38
jibek.shami, Таап айтыпсын, Ха ха ха...
0
Bexa9595
2014-09-17 10:20:00
кореялык актер ли бен хо тагдыр оюнундагы кимина беле
0
nagi82
2014-09-17 10:46:41
Менда ошо Киминага окшотуп жибердимго
0
№ 619, 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан