Ырчы катары таанылып, эми тасма талаасындагы режиссёрлук түйшүктү жон териси менен сезүүгө билек түрө киришкен Асем Токтобекова менен бул ирет «Көк жал» тасмасы тууралуу баарлаштык.
ФИЛЬМ ТУУРАЛУУ
Аталышы – "Көк жал"
Узактыгы – 1 саат 15 мүнөт
Тартылган жерлери – Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустары, Тажикстан мамлекети
Жанры – Криминалдык драма
Башкы ролдордо – Асем Токтобекова, Азат Кусеинов, Муслим Демиржан (Түркия)
Режиссёру – Асем Токтобекова
– Саламатсызбы? Режиссёр катары биринчи тасмаңыздын жарыкка чыгышы менен куттуктайм.
– Саламатчылык, рахмат. Өзүм да толкунданып бүтө элекмин. Бардык кыйынчылыктар артта калып, элиме мааниси терең тасманы жеткиргениме кубанып турам. Кыргызстанда «Көк жалдын» бет ачары болгон соң чет элдеги мекендештерибиз да бизди чакырып жатышат. Буюрса, жакын арада Лос-Анжелеске, Москвага сапар тартууга камынып жаткан кезибиз.
– Ар бир режиссёр тасмасы аркылуу көрөрмандарга бир ойду жеткиргиси келет. Сиз кандай оюңузду жеткиргиңиз келди?
– Тасма адамдардын түрдүү тагдырларын чагылдырат. Өзүм кайрымдуулук иштерине катышып жүрүп көйгөйлүү көп адамдарга жолуктум. Кинодо жашоодогу түрдүү маселелерди чагылдырууга бел байлаган элем. Турмуштагы түйшүктүү маселенин дээрлик бардыгы акчага барып такалат экен. Кароосуз балдар, аялдардын тагдыры, акча, баңгизат, айтор, бул фильмде баары бар. Анан көрүп отурган адам сөзсүз түрдө өзүн же таанышынын тагдырын көрсө дегем. Максатыма жеттим деп ойлойм.
– «Даяр ишке сынчы көп» дейт эмеспи, «Көк жалга» кандай сын-пикирлер айтылууда?
– Азырынча, Кудайга шүгүр, сын уга элекмин. Айтылган сөздөрдүн баары мактоолор болууда. Бирок ошол пикирлердин арасынан Нуртай Борбиевдин «бул катардагы жеңил тасмалардын бири эмес, өзүнчө бир дүйнө» деген ою, Эрнест Абдыжапаров агайымдын баш бармагын көтөрүп, «супер» деген белгини көрсөтүшү өзгөчө эсимде калды.
– Тартуу мезгилинде кыйналган учуруңуз болдубу?
– Башкы каарман Умардын образын жараткан Азат Кусеиновду көпүрөдө атып кеткен эпизодду тартуу кыйынга турду. Себеби оюбузда атайын эффекттерди колдонуп, ошол жерин мыкты чагылдырып берели деген элек. Тилекке каршы, биздин мыкты эффекти жасоочуларыбыз Казакстанда иштешет экен. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, актёрубуз дагы акырында бул эпизоддон баш тартып, жакшы чыкпай калды.
– «Көк жал» деген аталыш эмнеден улам келип чыкты?
– Алгач фильмдин аталышы башкача эле, негизги ролдо да мен болчумун. Бирок монтаж учурунда алдыңкы планга Умар аттуу каарманды чыгарууну туура көрдүм. Ал негизги каарман болгондон кийин тасманын атын өзгөртүш керек болуп, Эрнест Абдыжапаров «Манастын көк жал аттуу колдоочу карышкыры болгон, ошонун атынан койбойсуңбу?» деп калды. Ошентип «Көк жал» аттуу жаңы тасма жарыкка келди.
– Сиздин фильмди көрүү алдында турган адамдарга эмне дээр элеңиз?
– Бул тасмага акырындан сүңгүп кирип, терең маанисин түшүнүүгө аракет кылыңыздар. Ар бир тагдырга кайдыгер карабаган курч сюжеттүү фильм. Купулуңуздарга толот деп ойлойм.
– Алдыда кандай максаттарыңыз бар?
– Буюрса, азыр "Асем-продакшн" аттуу чыгармачылык борбор ачканы жатам. Анда улан-кыздар үчүн бардык ийримдер болот. Ал аркылуу мен келечектеги муунга мүмкүнчүлүк түзүп берип, өзүмдүн изимди калтыргым келет.
– Маегиңизге ыраазычылык.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg