БИШКЕК ШААРДЫК ЭНДОКРИНОЛОГИЯЛЫК ДИСПАНСЕРДИН БЕЙТАПТАРЫ ҮЧҮН ДАРЫЛООЧУ ДЕНЕ ТАРБИЯ САБАГЫ ӨТҮҮДӨ

Борбор Азия жаштарына багытталган социалдык ишкердүүлүк боюнча «Өз айланаңдагы жашоону өзгөрт!» аттуу сынактын алкагында 2200 АКШ доллар көлөмүндөгү грантты Асел Байдылдаева утуп алды. Ал буга чейин бир нече жылдан бери кант диабети оорусуна чалдыккан адамдар менен иштешип келген. Сынактын алкагында жаштарга коомчулуктун жашоо шартын жакшыртууга багытталган долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү берилет. Аталган сынак Кока-Кола фонду, «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» компаниясы тарабынан каржыланып, «Ага Хан» фондунун колдоосу менен Борбордук Азия Университетинин алдындагы Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби тарабынан иш жүзүнө ашырылат.
Асел өзүнүн утуп алган акчасын Бишкек шаардык эндокринологиялык диспансердеги кант диабети менен ооруган бейтаптар үчүн фитнес-борборун ачууга жумшоодо. Аталган жай бул ооруга карата адистештирилген шаардагы жалгыз гана дарылоо мекемеси болуп саналат.
«Мен эндокринолог болуп эмгектенген апамдан кант диабетине туш болгон адамдардын көйгөйлөрү туурасында билдим. Буга чейин жаштарга англис тилин окутуп, ошондой эле флешмоб өткөрүү менен маалымдоону жогорулатуу максатында шаардык кампанияларды өткөрчүмүн. Бул долбоор идеямды ишке ашыруу үчүн туруктуу иш орунун уюштурууга жол берди» дейт Асел.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, 2-типтеги кант диабет оруусунун негизги себептеринин бири болуп дене активдүүлүгүнүн жетишсиздиги саналат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2-типтеги кант диабет оорусуна чалдыккан 37 000 адам катталган. Алардын басымдуу бөлүгүн карылар жана калктын аялуу катмарынын өкүлдөрү түзөт. Спорт менен машыгуу көбүнчө булардын колунан келбейт, андыктан алардын дарылануусунда маанилүү делген нерседен куру калышат.
Асел бейтаптарга дарылоочу дене тарбия сабактарын өткөрүү максатында шаардык эндокринология диспансеринин жер төлөсүндө оңдоо иштерин жүргүздү. «Жашоо спорту» фитнес-борбору жумасына үч жолу тажрыйбалуу мугалим менен йога жана заманбап бий боюнча сабактарды тартуулайт. Бул иш-чаралар Кыргызстандын Диабет ассоциациясы тарабынан каржыланмакчы. Иш-чарага негизинен кант диабети менен ооруган кары адамдар жана балдар катышат. Долбоордун оң таасир берүүсүн баалоо максатында иш-чаранын катышуучуларынын канындагы кант деңгээли көзөмөлдөнөт.
Долбоордун алкагында Асел БАУнун алдындагы Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинен эки жумалык окуудан өттү. «Бул окууга чейин эч качан бизнес-план түзүп көргөн эмесмин. Биз рынокту талдоо, бизнес-коммуникация, финансылык менеджмент жана фандрайзинг тармагынан баалуу жөндөмдөргө ээ болдук. Мунун баарын мен өз долбоорумдун алгачкы баскычында, материалдык-техникалык жабдуунун жүрүшүндө колдондум» деп билдирди Асел.
Ошондой эле Асел Эл аралык диабет федерациясы тарабынан тандалып, быйыл июль айында Хорватияда өтө турган 2014-жылдын жаш лидерлеринин европалык лагерине катышууга чакырууга ээ болду. Ал өзүнүн «Жашоо спорту» борборун өнүктүрүү аркылуу КРдагы кант диабети менен ооругандардын маалымдуулугун жогорулатууну пландаштырат. Ал кант диабетине чалдыккан адамдар аларды айланасындагылар өзүлөрү менен тең кабыл алышы үчүн оорусун өз досторунан жашыруусу керек деген ойдогу жаштардын пикирин басаңдатат деген ойдо.
«Менин кант диабети менен ооруган адамдарга болгон коомдогу жакшы мамилени өркүндөтүү боюнча аракеттерим текке кетпей, бул ооруга чалдыккан адамдар аларды өз теңтуштары жана курчаган айлана түшүнбөй, кабыл албай коёт деген коркуу сезиминен арылат деп ойлойм» дейт долбоордун автору.
«Өз айланаңдагы жашоону өзгөрт!» Борбор Азия жаштары үчүн социалдык ишкердүүлүк сынагы болуп саналат. Ал Кока-Кола фонду жана «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» компаниясы тарабынан «Кыргызстан, Казакстан жана Ооганстанда социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн жаштар мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында каржыланат. Долбоордун биринчи баскычы 2012-жылы Кыргыз Республикасында башталган, анда 9 жеңүүчү социалдык ишкердүүлүк долбоорлорун жүзөгө ашыруу үчүн 3000 АКШ долларына чейинки гранттардын ээси болгон. Учурда Кыргызстанда жана Казакстанда бул долбоордун экинчи баскычы жүрүп жатат.

Асел Байдылдаева – 2200 доллар гранттын жеңүүчүсү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 619, 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан