БИШКЕКТЕГИ «13-РАЙОН»

«13-район» деген кинону көргөн чыгарсыз. Фильмде район эч кимге баш ийбеген, баш аламан аймак катары сүрөттөлөт. «Ош базарынын» айланасы да борбордо жайгашканына карабай обочо калган аймактай туюлуп, «13-районду» элестетет . Аталган аймак тууралуу гезит бетине жазчу болсоң батчудай эмес. Ошондуктан опурталдуу деп эсептелген Заводской посёлок, Кулиев, Павлов көчөлөрүндөгү көрүнүштөрдү баян этебиз.

КӨКӨЙ КЕСКЕН АЙМАК
Кулиев, Павлов көчөлөрүндө жайгашкан үйлөрдүн манжа менен санасаң жеткен эле жашоочулары өзүлөрү жашашса, калгандарын акча табуучу булакка айлантып, мончо, батир салып, көпчүлүк үйлөрдө сойкулук кызмат көрсөтүлүп келет. Аталган көчөдө 1971-жылдан бери жашаган Алибек Курманалиев аттуу аксакал буларды айтып берди: «Кулиев көчөсүндө Рыскулов көчөсүнөн Жибек Жолу көчөсүнө чейинки аймагында 37 үй болсо, 33ү мейманкана, мончо, денесин саткан кыздар иштеген жерге айланган. Сойкулар иштеген үйлөрдү жапкыла деп акимден тартып тиешелүү тармакка чейин кайрылдык. Кыздарга эне катары түшүндүргүлө деп аялдарды ээрчитип чыгып да көрдүк. Аймактык инспекторго кайрылсак, «менин гана эмес, башканын да күчү жетпейт, булардын үстүнөн жети баштуу ажыдаарлар карашат» деп ийин куушурат. Мен аны сотко берем деп жатып сойкуларды иштеткен айрым үйлөрдү жаптырдым. Бирок кээ бирлери жашырынып, түнкү 11ден өткөндө ишин улантып эле жатышат»

Аймактын түнкү жашоосуна баам салалы деп кечти күткөнүбүзчө эле үйүнөн «суточная гостиница» деген жазууну колуна алган апа дарбаза сыртына илип койду. Ападан «кыздар барбы?» деп сурасак, «эки кыз бар» деп жооп берип, биздин журналист экенибизди байкай калып, эшигин бекиткенге шашылды. Кечке жуук бул жерде базар кызуу жүрүп баштайт. Көчөдө кыздар туруп алып ары-бери өткөн эркектерге «200 сомго кыз керекпи, кирип кетпейсиңерби?» деп өздөрүн ачык эле жарнамалашат. Ичин сүрөткө тартып алуу максатында кирсек, мени танда дегенсип 5-6 кыз чыга келди. «Кечке иштебепсиңер, али пачын да ачылбаптыр» деп дептерин барактаган эненин сөзүн угуп таң калдым десем болбос, тобо кылдым.

Заводской посёлок деген аймак өтө эле башкача. Көчөлөрү дагы, үйлөрү дагы. Акча табууга ылайыкташтырып эки кабат кылып батирлерди салып коюшкан. Кээ бирлеринин эскилиги жетип, кулап калуу коркунучунда турат. Кеч кирери менен сеп этип алышкан селсаяк адамдар көчөгө чыгышып, ары-бери өткөндөргө тийишишет.

Кинолордон көрүп жүргөн Ооганстандын көчөлөрүн ушул жерден көрүүгө болот. Эки адам кез келсе кыйгачтап өтпөсөң батпайсың. Мындай көчөлөрдү кочкор сыйбас көчө деп койсо болот.

Бул аймакта бир үйдө кеминде 5-6 бүлө батирде турушат. Айрымдарында андан да көп. «Жан жейби же жаак жейби» демекчи, көп үй-бүлө көп энергия сарптайт, көп суу коротот, таштанды да мол чыгат.

Алыс-жакындан келген көпчүлүк жолоочулардын токтоочу жери да ушул жер. Көчөлөрдүн кесилишине унааларын токтотуп койгондуктан, каттамдарда тыгындар мүнөт сайын болуп турат. Жол чыракты, эрежени жөө жүргүнчү да, айдоочу да карабайт. Кесепетинен кырсыктар да көп катталат.

Көр оокат издеп жергебиздин жети дубанынан келген тургундардын көпчүлүгү «Ош базарына» келишет. Ошол жерден жумуш, батир издешет. Базарга жакын үй ээлери акча түшүп туруучу булакты издеп, түрдүү бизнестерди ачып алышкан. Алардын басымдуу бөлүгүн батирлер ээлейт. Бир айдан бир саатка чейин берилүүчү батирлер бар.

Душ мынча сом дегендердин айрымдарына кирсең, ичиндеги жытынан демиң кысылат. Сүрөткө тартып чыкканча каңылжаарым ачышып кетти.

Павлов көчөсүндө №31-мектеп жайгашкан. Балдар билим алып, тарбия көрүп өсүп жаткан аймакта терс көрүнүштөр бар экени зээнди кейитет.

Айрым мейманканалардын керебеттери сынып, төшөктөрүнүн тамтыгы чыгып калган.

Султан Төрөбеков,
Адилет Керимбек уулу.
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Айылдан келген кээ бир кыздар сойкуканада иштешет"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
tokitok
2014-09-16 11:19:52
мындан 3-4 жыл мурун кечкурун автовокзалга отом деп оозум ачылган, чын эле козумо бишкек эмес эле башка мамлекетте жургондой сезилген.эми айтып берсе соз жеткис.
0
WINNER
2014-09-16 12:24:33
Ушуларга деле кучу жетпесе олгон экен эми.
0
kyba60
2014-09-21 18:45:35
WINNER, Бийликте олтургандар кантип уялбай местасында олтурат.Прездент болсо уялбай башкалардан акча сурайт түшүнбөйм.Мен башкалардан акча сурагандан уялам ошондой эле башка улутар Кыргызстан туралуу сураса жооп берүү мен үчүн өтө кыйын.
0
nuru95kg
2014-09-16 17:47:44
кучу жетет! Проста оздору да ушул жактан кээбирлери Бизнес кылгысы барда, Башы кыйын иштейт, бирок Кичине бороруп коюшпайт, Кыргыздын Авийирин тогушот!
0
kg_sulushka
2014-09-17 04:07:13
Елита д саналган сойку кыздар жон
0
sardaralay
2014-09-17 10:27:33
Эгерде бул жерде жашаган жаш балдарга жакшы тарбия жана илим берилбесе, келечекте алар бизге бычак менен коркутуп тоноп же токмоктоп кетишсе таарынбашыбыз керек.
0
aidai89
2014-09-17 18:42:53
уят эле уят борборубуз ушундай болуп атат анан башкасын не дейбиз
0
Dooron
2014-09-17 19:19:41
aidai89, Борбор ушундай болуп атат, калганы түзүк эле. Бишкек, Ош шаарында мэр бар, бирок чыныгы мэр ким экени белгисиз.
0
zero.obd
2014-09-18 10:03:23
уят
0
zhunusova
2014-09-19 09:02:43
менин оюм,ар бирибиз озубуздун жашообузга кайдыгер карайбыз. тообо кылам,кудай ушундайдан сактасын. бирок ар кимдин жашоосу озунон да коз каранды болушу керек. чиновниктерди куноолосок озубуз аппакпызбы эмне? биз бийлике барганда,кандай саясат алып бара алабыз? хмм,башын да иштебей калат экен мээ чириткен иш-ойлордон.
0
zhunusova
2014-09-19 09:18:36
ушундай да болобу,кыргыздар тагдырга неден жаздык экен?
0
shoma198003
2014-09-19 10:54:00
ээ кыргызым эмине болуп баратабыз,ээ аллла кыргыз элмие,ыйман берегор,кыргызстанга стабилдуулукту роното кор,жакшы президет буйракор,жаштарыбыза ыйман бер,алардын журогуно алладан кркууну туйдура кор.
0
avaz-t02
2014-09-20 01:20:19
Султан, Адилет азаматсынар! Бул силердин Кыргызстандын келечегине кошкон чондон чон салымынар! Иштей бергиле ишинерге ийгилик, дагы да кобуроок ушундай жаман корунушторду элге жеткирип турсанар уялышаар, ойлонушаар аралашып жургон адамдар!
0
kg.boys86
2014-09-20 18:56:08
Мен озум жалал абадтан болом. Бирок бишкек бул биздин кузгубуз. Бул тамада 10-15 бала чогулуп иш козгогонбуз. Натыйжасында иимдин балдары келип сойку кана ээсине болушуп бизди кубалап жиберишкен. Эми карагыла кимде куноо?
0
kyba60
2014-09-21 18:39:26
Мен көп жылдан бери сырта иштеп жүрөм.Кыргызстан туралуу жаңылыктарды уккум келбейт.Дайым эле жаман жактарын көрсөтөт.Акыркы убактар кайткым келбей калды Кыргызстанга.
0
Jomi
2014-09-21 22:48:14
Жакшы жер экен, кыздары арзан. Билип алдым, эми барып турамын, көңүл ачып эс алганы
0
josholu
2014-09-21 23:55:49
Аман эле бололу кыскасы
0
№ 619, 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан