Ильяз Абдыразаков: «ЖЕКЕ ТУРМУШУМДУ АЙТУУДАН КӨҢҮЛҮМ КАЛДЫ»

Ыр ышкыбоздорунун сүймөнчүгү, кара тору, жөнөкөй жигит Ильяз Абдыразаковду сагынгандар көп болушу керек. Мурунку дүбүртү жок, тынчып калган ырчынын учурда бир буту мекенинде, бир буту Казакстанда.

– Кандайсың, Ильяз? Башка ишке, башка чөйрөгө өтүп кеткенсип дымың чыкпай калды. Эмне менен алектенип, кандай аба менен дем алып жүрөсүң?
– Рахмат, жакшы. Чыгармачылык менен эле алпурушуп келатам. Жакшы ырларым деле жаралып жатат, бирок көбүнчө өзүмө тийбей калат. «Мага берчи, мага ылайыктуу экен» деген санаалаштарым абдан көп. «Бишкек» деген жаңы ыр жаздыргам, эми ага борборубуздун кооз жерлерин чагылдырып клип тартайын деп жатам.

– Казак боордоштор менен иштешүүнүн жолун таап алдың, такай иштешип жатканыңа канча болду?
– Алар менен көптөн бери жакшы мамиледемин. Апрель айынан бери тыгыз иштеше баштадым десем болот. Жазында бир айга барып, «All Давай» тобунун 10 чакты ырына аранжировка жасап бергем. Алматыга концерттерге, тойго, эс алганы барып турам.
Иним Нияз алматылык болуп алган. Үй-бүлөсүн көчүрүп кеткен, өзүнүн студиясы бар. Мен керек болсом казактар Нияз аркылуу же бири-биринен номеримди алып, өздөрү телефон чалышат.

– Кайрат Нуртас менен жакын достордон болуп жүрдүң эле, азыр деле байланыш барбы?
– Мурун кандай мамиледе болсок, азыр деле ошондойбуз. Атайын жолугуп сүйлөшүп отурабыз, кээде концерттерде, тойлордо чогуу болуп калабыз.

– Жогоруда «өзүмө ыр калбай жатат» дебедиңби, ырларыңды сатасыңбы же бекер эле бересиңби?
– Белекке чанда берем. Биздин ырчыларга арзаныраак, аранжировкасы, обону биригип 400-500 долларга берем. Ал эми коңшу өлкөнүн ырчыларына кымбатыраак, 1000-2000 доллар.

– Казак күйөрмандарың барбы? Ал жактын эли сени таанып калдыбы? Концерт да берип жүрөсүң...
– Алматыга барганда такси менен көп жүрөм. Кээде «Көзүмө жылуу учурап жатасыз, ким элеңиз? Сиз кыргыз ырчысы Ильязсызбы?» деп сурагандар, кол тамга алгандар, чогуу сүрөткө түшкөндөр болот. Бирок баары тааныйт дегенден алысмын.
Мен жазган айрым ырлар Алматыда чын эле хит болду. Бейбит Корганга берген «Шок кыздар» («Жаным, ай») деген ырым ага жакшы эле күйөрман чогултуп берди. Казакстанда ырларымды эл кандай кабыл алып жатат, кандай пайдалуу иш жасап жатам деп өзүмчө анализ жүргүзүп турам.

– Коңшуларда деле аранжировкачылар, обончулар көп. Эмнеге алар сенин кызматыңа көп кайрылып жатышыптыр?
– Аларга менин жоопкерчиликтүүлүгүм, кылган ишим жагат окшойт. «Келе аласыңбы, ушундай кылыш керек?..­­­-­­­­­ дегенде дароо барам да, сунуштарын тез бүткөрүп берүүгө аракеттенем.

– Мен билгенден сен бир аз кенебес элең, жоопкерчиликтүүмүн дегениң сүйүндүрүп жатат...
– Мурун жаштык кылып чакырган жерлерге уктап барбай калып же кечигип барчумун. Азыр мүнөзүмдө көп нерсе өзгөрдү. Жоопкерчиликти сезип калдым. «Мындай иш бар эле, жасап бере аласыңбы?» десе «ии, макул, жарайт» деп коё турган иштер же дароо бүтүрө турган иштер бар. Негизи жоопкерчиликтүү болсоң жаныңдагылар да сыйлайт, ишенет.

– «Азап», «Жаным, ай» деген ырларың элге жакшы тараган. Акыркы кезде негедир сенден ушундай жакшы ырларды уга албай жатабыз?..
– Сиз санап өткөн хиттерди кайрадан башкача ырдап чыгуу идеясы келип, аракет кылгам, бирок өзүмө жакпай калды. Андай ырлар азыр деле жаралууда, болгону эл арасына жакшы тарабай, унутта калып кетип жатат окшойт же мезгил ошондойбу?.. Өтө популярдуу болгон ырчы деле, укмуш хит болгон ыр деле жоктой. Радиолордон «мага ушул эле ырды бериңиз, башканын кереги жок» деп сурангандарды деле байкай элекмин.

– Сага «жардам бер» деп кайрылгандар болобу?
– Көп эле суранышат. «Макул, бир аз күтүп тур» деп коёсуң да, анан 2-3 күндөн кийин эле телефон чалып, «Сиз жардам бересизби, сөзүңүзгө турбайт окшойсуз, ээ? Көңүлүңүз келбесе жок деп эле айтпайсызбы?!» деп киришет. Эми жардам берейин деп жатканда ушинтишсе анан «жок, жардам бере албайм» дейсиң да.

– Эми сөз нугун жеке турмушуңа буралы, уулуң чоңоюп калгандыр, ата-апалап...
– Розан экиге чыкты. Ата, апа деп эми тили чыгып келе жатат. Көпчүлүк мага окшоштурушат.

– Көпчүлүк кеп-сөздөрүндө келинчегиң экөөңдү далай жолу ажыраштырып, кайра жараштырды. Экөөң биргесиңби?
– Үй-бүлөм жөнүндө эч нерсе айткым келбей калды. Буга чейин көп эле интервью бердик, аны көргөндөр ар түрдүү кептерди айтышат экен. Ошон үчүн көңүлүм калды. Убагы келгенде баарын айтып берем.

– Сүйүүгө туруктуусуңбу? 2-3-аял алгандарга көз карашың кандай?
– Сүйүүгө туруктуу эле болсом керек. Азыр 2-3 аял эмес, бирөөнү эптей албай жатам...

"Уулум Розан чоң энесинин баласы. Экөө бири-бирине абдан жакын".

Cүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ильяз Абдыразаков: "Менден жардам сурагандар көбөйдү"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
nazgulyakg
2014-09-16 02:50:42
Суйомго,
0
sekelek96
2014-09-16 10:05:21
Baktyluu bolgula!Uuluna ken kelechek!
0
admin_superstan
2014-09-16 10:58:52
Boru87, жеке билдирүүнү купуя менен жөнөтүңүз.
0
Aselya_9105
2014-09-16 11:09:22
Менин бир кездеги суйуум. уй булоолук бакыт, узун омур ишинизге чон чон ийгиликтерди каалайм.
0
L0T0S
2014-09-16 13:10:29
"Бироону эптей албай жатам"дегени жакты=))
+1
buran12
2014-09-16 14:20:26
Чыгармачылык ийгилик азаматсын!
0
zara-919
2014-09-16 15:27:45
Азыр
2-3 аял эмес, бирөөнү эптей албай жатам...-дейт го, демек чын эле бир нерсе болгон го сыягы..
0
BubleGum
2014-09-16 20:32:18
iygilik Ilyaz!
0
Boldukan86
2014-09-16 22:02:43
жонокой бала чынанда. жакшы ырдайсын таланттуусун. уй булоно бакыт каалайм.
0
Zair_Alimov
2014-09-17 06:14:26
bul turmuwta baary bolot.. i bolup kelgen.. bolo beret.. ilyaz brat baktyluu bolunuz, uulunuzdun omurun, ui buloonuzgo yntymak, jakwyy jawoo bersin allahym!..
0
zarlyk2211
2014-09-17 06:19:42
Талантын ташкындай берсин! Алла таалам уй булолук бакыт берсин.
0
admin_superstan
2014-09-17 09:42:56
Manasemetei, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
jikitai
2014-09-17 13:23:15
Ильяз,Азамат,бут ийгиликтерге оз кучу менен жетишип келе жатат.
0
kani_93
2014-09-19 10:44:22
катыны менен жашайбы жокпу силердин ишинер эмне
чыгармачылык ийгилик иляз
0
malikovich
2014-10-11 02:45:47
Ilyaz chynyn aitkanda eldin aldyna chygyp suyloi albait ekensin, koburaak kitep okup soz bailygyndy koboitson bolot.
0
№ 619, 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан