«Ооруга баш ийсең, сага эч ким баш ийбей, эч кимге сөзүң өтпөй, керегиң жок болуп калат экен. Бел оорумдан улам кыймылдан, алдан, бойдон, ойдон да тайдым. Мен көргөндү балдарым көрбөсүн деп тиленсем да болбоду. Жалгыз уулум мага окшоп майып болуп калды»,- дейт каарманым Нурбек Курманалиев.
«БАЛДАРЫМА БООРУМ ООРУЙТ»
Кеңсебизге 18 жаштагы Мадина аттуу кыз келип, турмуш шартын түшүндүрүп, инисине жардам керектигин айтты. Абалы менен таанышып келүү максатында Токмок шаарындагы үйүнө бардык. Үйдө Мадинанын атасы НУРБЕК мырза бар экен. «Бехтеревдин оорусу» («Бехтеревдин оорусу» же сенектик спондилоартрит – бул омуртка муунунун сезгенишинен пайда болуучу өнөкөт оору. Узак убакытка сезгениши муундардын кыймылынын бузулушуна алып келет да, жыйынтыгында омуртка тутуму кыймылсыз болуп калат) деген дартка кабылып, баласы да автокырсыктан майып болуп калганын айтып, турмушу туурасында баяндап берди:
– Бул сыноо, баарын жеңем деп балдар үчүн жашап келе жатам. Майыптыгыбыз үчүн өкмөт балам экөөбүзгө айына 4500 сом берет. Ошону үнөмдөп 2 кызым, балам төртөөбүзгө жеткиребиз. Улуу кызым жакында 18ге толот. Кафелерде иштеп эптеп бизди бакчу. Билим алып, келечеги үчүн жол түзө турган курагында турмуштун оор жүгүн көтөрүп жүргөн кызыма боорум ооруйт. Турмушка наалат айтып кетем. Келинчегим агасына 4000 доллар карыз болуп калып, азыр жашап жаткан үйүбүздү ошого сатып жибериптир. 18 жаштагы кызым аны талашып мыйзам иштери менен чуркады.
«ЦИВИЛИЗАЦИЯЛУУ ЖАШАЙМ» ДЕП БААРЫН ЖОК КЫЛДЫ»
– Мен да учурунда аябай көп киреше таптым. Кеминде жашачубуз, короого малым батпай калгандыктан, кошуналарым ичи күйүп, «сен малды уурдап келип жатасыңбы?» дешчү. Ырыскыны кээ бир адам көтөрө албай калат экен, келинчегим да көтөрө албады. «Шаарга барып, цивилизациялуу шартта жашайм» деп күндө жаңжал чыгарат. Экөөбүздүн максатыбыз такыр дал келишпей койду. Эки кызым менен уулума деп шаардан үч жер тилкесин алгам. «Акырындык менен балдар чоңойгончо үй тургузуп коём» десем такыр көнбөйт. Татар улутундагы курбусу бар эле, «балдар чоңойсо силерди карабайт, тирилик дей бербей ойноп, жыргап жашагыла да» деп келинчегимдин мээсине куюп коюптур. Жашап жаткан үйүбүз келинчегимдин наамында болчу, сатып жибериптир.
Бала кезде жыгылып белимден жаракат алган экенмин, бойдок кезде спорт менен машыгып жүрүп аны кайрадан козгоп алгам. Башында бир аз ооруп жүрдү, кийин күчөп, кыймылга келбей жатып калдым. Үйдү сатып жиберип, балдарды алып кетип калды. Мени туугандарым карап калышты. Балдарымды интернатта экен деп угуп, бирок Бишкектеги интернаттардын баарын кыдырып, таппай койдум.
«МЕН АЗ КЕЛГЕНСИП БАЛАМ ДА МАЙЫП БОЛДУ»
– Бир жылдан кийин аялым балдарды жетелеп жарашалы деп келди. Туугандар да ортого түшүп жарашкыла деп калышты. Мал-жандыктын калганын сатып үй алдык. 2007-жылы кышында оорум күчөй баштаганда көчөгө чыгарып койду.
Жазында тааныштарым «балаң ооруп жатыптыр» деп айтышты. Кабар алайын деп барсам мени көрүп «ата, мен баса албай калдым» деп ыйлап жиберди. Анда уулум 3 жашар эле, көчөдө ойноп жүргөндө артынан машина келип сүзүптүр. Балам жыгылып, бирок кайра туруп, чуркап кеткен экен. Кечинде эле буттары шишип чыгыптыр. Жамбашына кол тийгиздирбей ыйлайт. «Рентгенге түшүрүш керек, сөөктөрү талкаланып кеткен окшойт» десем аялым «сен эмнени билмек элең, өзүңдү эптеп ал» деп балага жолотпой, өзү ооруканага алып кетти. Чыдабай артынан барсам, буттарына ийне сайдырып суу алдыртыптыр. Балам түнү менен уктабай бакырып ыйлап чыгат. Келинчегимди көп күнгө бир жакка кетти дегенди угуп, баланы өзүм карадым. Рентгенге түшүрүп, текшерттирсем «Ювеналдык өнөкөт артрит» деп диагноз коюшту. Массажга алып бардым, бала ойноок болгондуктан бат басканга аракет кылат экен. Өзү басып калды. Келинчегим келип кыргызчылык кылдыртам деп бир аялга алып барган экен, ал бутун бурап коюптур. Жамбаш мууну менен кашка жилик бири-бирине түшпөй калыптыр. Мен аз келгенсип, балам да майып болду. Бир дарыгер «жолдошуң да ооруса, балаң да ооруса, бул тукум кууп жатат» дептир. Аны уккандан кийин келинчегим балдарды кайрадан интернатка берип, өзү Орусияга кетип калыптыр. Балдарымды 2009-жылы Токмоктон таап, 2010-жылдан бери менин колумда.
Балам экөөбүздүн майыптыгыбыздан улам аялым кетип калды. Жашообуздан такыр эле чыгарып салалы десек, маселе сот тарабынан чечилет экен. Биздин ишти соттор карабай жатат. Келген сайын ызы-чуу чыгарып, балдарга да асылат. Кыздарыма «сойку болгула» деген кептерди айтат. Бир эле максатым бар, кайрымдуу элден жардам болсо баламды чет өлкөгө алып барып дарылатып алсам. Басып, келечекте кыйналбай жашоосун улап кетсе бул дүйнөдөн арманым жок өтөт элем.
«АПАМДЫ КӨРГҮМ КЕЛБЕЙТ»
Нурбек мырза менен сүйлөшүп отурсак 10 жаштагы уулу АЙМАН коляска менен кирип келди. Андан «апаңдын келишин каалайсыңбы?» деп сурасак төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Апамдын келишин каалабайм. «Мага керек эмессиң, сени интернатка тапшырам» деген. Мультфильм көрүп отурсам чай ичип жаткан идиши менен себепсиз эле чаап салган. Мындай таяктарына көп кабылдык. Акыркы жолу үйдөн кетип жатканда эжемдин кышкыга деп даярдаган салат, кыям, шербеттеринин баарын алып кетти. Атам «балдардын ырыскысын калтырып кет» десе үч, төрт банкадагы кыям, салаттарды кир жууй турган дагара менен менин заара кылчу идишиме куюп кетип калган. Анын келишин каалабайбыз. Апасыз болсок да тынч жашап жатабыз.
«Чоңойгондо ким болгуң келет?» деген сурообузга «автоунаа жуучу жайда иштегим келет» деп жооп берди. Эс тарткандан баштап турмуштун оор соккусунда жашап келген Айман алдына чоң максатты коюудан да корккондой. Аймандын апасы Орусияда экен, ошондуктан аны менен байланышууга мүмкүн болбоду. Бул макаланы окуганда «катардагы эле үй-бүлө, мындай тагдырга туш болгондор канча» дегендер, «жооштук кылыптыр бул киши» деп каарманым Нурбек мырзага күнөө арткандар да кезигер. Баланын баркына жетпеген энеден, эненин баркына жетпеген баладан Кудай сактасын демекчибиз.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg