Мезгил агымынын шары менен келип, жанга жугумдуу, кулакка угумдуу ырлары, өзгөчө стили менен элдин эсинде калган чыгармачыл адамдар арабызда арбын. Бир кездерде популярдуу болуп, күйөрман күткөн айрым ырчылар кайда жүрөт деген ойдо жүрсөңүз, макаланы окуп маалымат алыңыз.
Максат Сулайманкулов, «Максат Бишкек» тобунун жетекчиси: «УЧУРДА ЫРЛАРГА АРАНЖИРОВКА ЖАСАЙМ»
1992-жылдары кыргыз сахнасында «Максат Бишкек» аттуу жаңы образ менен чыккан топ чыккан болчу. Алар учурунда эл жүрөгүнөн орун алган «Kyrgyzstan girls» («Кыргызстандын кыздары»), «Махабат жөнүндө ой», «Сагындым», «Эй, балалык» деген ырларды жаратышкан.
«Сен жөнүндө ойлой берем,
Сени таппай издей берем,
Түшүмдө да сени көрөм»,-
деген саптары бар топтун «Махабат жөнүндө ой» аттуу ыры учурда орус, казак, түрк тилдерине которулуп ырдалып жүрөт.
Аталган топ 1997-жылдардан кийин көрүнбөй кеткен болчу. «Бул топ азыр кайда жүрөт? Эмне менен алек?» деген суроолор менен топтун жетекчиси Максат Сулайманкуловго кайрылдык:
– «Максат Бишкек» тобун Искусство институтунда окуган балдардан түзүп, өзүм жетектеп чыккан болчумун. Учурунда көптөгөн ийгиликтерди багынтып, жеке концертибизди көп жолу бердик. Тилекке каршы, андан кийин ишибизди уланткан жокпуз. Себеби топтогу балдар турмуш шартка байланыштуу башка жолдор менен кетишти. Эки жигитибиз каза болуп калды. Экөө чет мамлекетте өз иштери менен алек болуп жүрүшөт. Мен болсо дагы деле чыгармачылык менен жүрөм. Улуттук консерваторияда мугалим болуп иштейм. Менден улуу болсо дагы Ырыскелди Осмонкулов, Адил Чекилов өңдүү ырчыларды окуттум. Жаштардан Мирбек Атабеков, Айя Садырова өңдүү жаш ырчылар сабак алышты. Мындан тышкары студиям бар, ырчылардын ырларына аранжировка жасап, кинолорго музыка жазып берип жүрөм. Жеке жашоодо болсо мурунку жубайым менен жолум болбой ажырашып, жакында эле жаңы турмушту баштадым.
Самандар: «КЫЗЫКЧЫЛЫК ҮЧҮН ЭЛЕ ЫРДАП ЖҮРГӨМ»
2005-жылдары САМАТ АБДЫКАДЫРОВ Самандар деген ысым менен элге алынып, «Глупая ложь» аттуу ыры хит болгон эле. Өзгөчө стиль менен чыгып, сахнада бийлеп далай кыздардын көзүн күйдүрчү. Жылдызы жанган ырчы сахна айдыңынан 2007-жылдан кийин жылан сыйпагандай эле жок болуп кеткен. «Күлүк күнүндө, тулпар тушунда» дегендей, өз мезгилинде күйөрмандарын тапкан бул мырза бүгүнкү жашоосу тууралуу төмөнкүлөрдү бөлүштү:
– Ал кезде, чынында, кызыкчылык үчүн эле ырдаган болчумун. Бирок күйөрмандарды тапканыма кубанам. Эми күйөрмандарым мени сахнадан күтпөй деле коюшса болот. Анткени сахнадан биротоло кеткем. Азыркы күндө намаз окуп, дин жолунда жүрөм. Мадина аттуу кызга баш кошуп, эки балалуу болдум. Ырдап жүргөнүмдө эле машина сатып иштечү элем. «Эки талдын башын кармаган сууга агат» болбоюн деп бир жолду тандадым. Учурда машина алып саткан бизнесим менен алек болуп жүрөм.
Султан Төрөбеков
star@super.kg