Бакыт Төрөбаев, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери: «КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАСЫН КӨТӨРМӨЙҮНЧӨ МИГРАЦИЯНЫН АГЫМЫН ТОКТОТО АЛБАЙБЫЗ»

Жогорку Кеңештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев баш болгон депутаттык топтун Орусия Федерациясына болгон иш сапары ийгиликтүү жана жемиштүү жыйынтыкталды. Депутаттар Бакыт Төрөбаев, Мирлан Бакиров жана Тынчтык Шайназаров Орусиянын алты шаарын кыдырып, мекендештерибизде кезигип жаткан маселелерди өз ооздорунан угушту.

– Сиздер Орусиянын алты шаарын кыдырып келдиңиздер. Мигранттардын эң негизги кандай көйгөйлөрүн уктуңуздар?
– Биз Орусия Федерациясынын алты шаарын Новосибирск, Омск, Красноярск, Иркутск, Улан-Уде жана Читаны кыдырдык. Ал жерлерде Кыргызстандан келген жарандар менен жолугушуп, биздин жарандардын маселелерин уктук. Чынын айтканда, шаарлар ар башка болгону менен маселелер окшош экен. Биз менен болгон баарлашууда көбүнчө мекендештерибиз кара тизме, кош жарандык, чек арачылардын жарандарга болгон жагымсыз мамилеси, «Жүк-200» сыяктуу маселелерди айтышты. Бир мекендешибиздин айтымында, жыйырма жылдан бери Орусияда жашап, ошол жактын жарандыгын алган. Кыргызстанга келгенге мүмкүнчүлүгү болгону менен чек арачылардын мамилеси жүрөгүнүн үшүн алып коюптур. Текшерип, акча алыштын эле айласын издеп турушат дейт. Дагы бир мигранттар айткан негизги маселе – бул кош жарандуулук. Көпчүлүк мекендештер жакшы ишке орношуп, социалдык абалын жакшыртуу максатында Орусиянын жарандыгын алып алышкан экен. Бул да болсо аргасыздык. Ошентсе да кайра мекенибизге кайтып, ушул жерге үй салып, балдарыбызды окутсак дегенде ак эткенден так этип турушат. Кыргызстанга келгенде кайра кыргыз жарандыгын ала алабызбы деген суроо аларды түйшөлтүп жатат. Бизге мына ушул маселени чечип берүүнү өтүнүштү. А биз болсо жарандык маселе президенттин гана жарлыгынын негизинде алына турганын айттык.

– Көпчүлүк мекендештерибиз депортациядан коркуп калышканын айтышат. Басымдуулары бул жактан барып алгандан кийин кара тизмеге кирип калганын билип жатышат. Ал эми Орусия тарап кымындай нерсе үчүн деле кара тизмеге киргизип жатканын айтып өттүңүз. Маселени чечүү жолдорун кандай көрүп жатасыз?
– Туура айтасыз, алардын мыйзамы боюнча, эгерде жаран үч жолу административдик укук бузууга барса, кара тизмеге киргизилет экен. Тартип боюнча тизмеге кирген жаран өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынат. Новосибирск шаарындагы базардагы эл менен жолугушууда бир мекендешибиз жок жерден кара тизмеге илинип калганын айтып арызданды. Айтымында, азыркы тапта ал кара тизмеде экен. Эгерде Орусиядан чыкса, кайра кире албайт. Ошондуктан миграция кызматынан текшерүү башталганда ар бурчка жашынып, жан сактап жүрөт. Менимче бул маселени чечиш үчүн парламенттер аралык комиссияга маселени коюш керек. Андан соң бул маселени президентке жана өкмөткө жеткиребиз деген ойдобуз. Анткени кара тизмеден жарандарыбызды коргоо президенттин деңгээлинде чечилчү маселе болуп турат. Парламентте да эл аралык маселелер боюнча комитетке жана Орусиянын Мамлекеттик думасына да кат даярдап, маселени чечүүнүн аракетин көрүүгө кириштик.

– Кыргызстан жаш, мыкты кадрларга муктаж экендигин сиз Орусияга барган учурда да белгиледиңиз. Ошол жаштарды кайтарууга биздин экономикалык шарт жооп береби?
– Биз аталган шаарларды кыдырып жүргөндө базарларга, курулуш объектилерине кирдик. Кайсы жерге барбайлы, билимдүү, тажрыйбалуу, бир эмес экиден диплому бар мекендештерге жолуктук. Алар да турмуш шарттын кыйындыгынан ошол жакта жүргөндөрүн айтышты. Таң калтырган жагдай, ушул тапта Кыргызстанда жетишпей жаткан инженер, электрик, мугалим жана дарыгерлер Орусияда соода кылып же дагы башка иш менен алектенип жүрүшөт. Эми мигранттарды Кыргызстанга алып келсек дурус болмок. Бул үчүн биринчи кезекте атайын мамлекеттик программалар керек. Ачыгын айтыш керек, Кыргызстандын экономикасын көтөрмөйүнчө миграциянын агымын токтото албайбыз. Бул үчүн жумуш орундарын түзүшүбүз абзел.

– Мигранттар менен болгон жолугушууда сиздин аларды мекенине кайтаруу багытында жазып жаткан мыйзамыңыз колдоого алынды. Бул документтин негизги өзөгү туурасында айтсаңыз?
– Бул мыйзамга байланыштуу бир окуяны айта кетсем. Мисалы, Түркия кырк жыл мурун бизге окшогон акыбалда болгон. Ошондо көп түрктөр акча таап, үй-бүлөбүздү багабыз деп Германияны мекендеп кетишкен. Кийин алар эң бай адамдардын катарын толукташкан. Аны байкаган түрк башчылары жарандарын кайтарабыз деп шарт түзүп берүү жолдорун издеп, бош жерлерди ишканаларды курууга акысыз бере баштаган. Андан сырткары бир жылдык салыктан бошотуп, электр энергиясы менен камсыздап, суусун жеткирип, жолун куруп берген. Дал ошол аймак гүлдөп, убакыттын өтүшү менен шаардын көркүн ачкан мекемелерге оролуп, дүйнөлүк мейкиндикте алдыңкы орундарды багынта баштаган. Бул, албетте, экономикага чоң салым болуп бере алган. Мына, биз да Орусиядан көрүп келдик. Бутуна туруп байыган кыргыздар бар экен, үй-бүлөлүү болушуп, үйлөрдү куруп жатышат. Сапардын алкагында биз алардын мекемелеринде, кафе-ресторандарында болдук. Ошол мекендештерди бизге келгиле, инвестицияны кыргыз экономикасына салгыла деп шарт түзүп беришибиз керек. Алыска барбай эле Түркиянын ыкмасын колдонуп жер берип салыктан бошотсок, шарт түзсөк, алар сүйүнүп келишет. Мен жазып жаткан мыйзамдын өзөгүн ушул маселелер түзөт.
Расмий маалыматтарга таянсак, бизге мигранттар бир жылда 2 миллиард доллар которот экен. Бул алардын кыргыз экономикасына салым кошуп жатканы. Экинчи мыйзам – бул орус жарандыгын алган болсо да, Кыргызстанда ооруканага келгенде жеңилдиктер болсун деп жатабыз. Андан сырткары балдарын бакчаларга, мектепке берип окутсун. Бул абдан жакшы шарт. Ошондуктан биз көтөрүп жаткан мыйзамдар ушул багытта жол ачат. Антпесек азыр Орусияда жашап калгандардын үй-бүлөсү баары көчүп кетсе, акча да которулбай калат. Биз мына ошону ойлошубуз керек.

– Ажал айтып келбейт эмеспи. Көпчүлүк мигранттар ошол жактан каза болуп калган учурлар болуп жатат. Сөөктү жеткирүүдө да кыйналышат экен. Сиздер да өзүңүздөр күбө болуп, жардам берген турбайсыздарбы?
– Иркутск шаарына барганыбызда Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын тургуну сууга чөгүп каза болгон экен. Бизге кайрылышканда бардык чыгымын төлөп бердик. Менимче, бул маселеге бюджетти карап жатканда көңүл бурушубуз керек. Антпесе каза болгон адамды мекенине алып келүү 100 миң рубль турарын мигранттар айтышты. Эң өкүнүчтүүсү, бирөө каза болсо жакындары, жердештери базарларга барып акча сурашат. Иштегендер болсо дареметине жараша беришет. Бул эми, албетте, алыста жүрүшсө да, ынтымагын көрсөтүп жатышат. Бирок кыйынчылыгы көбүрөөк болуп жатканы көрүнүп турат.

– Мекендештерден сырткары сиздер кыдырган шаарлардын расмий бийлик өкүлдөрү жана партиялардын өкүлчүлүктөрү менен жолугушкан турбайсыздарбы? Кандай сунуштар айтылды?
– Биз сапардын алкагында «Единая Россия» партиясынын Омск шаарындагы өкүлчүлүгү менен жолугуштук. Анда биз эң башкысы, мигранттардын көйгөйлүү маселеси болсо чечкенге жардам берип тургула деп сурандык. Мындан сырткары тажрыйба алмашуу багытында сүйлөштүк. Ошондой эле партиянын принциптери, системасы, эл менен байланышы туурасында пикир алыштык. Ошону менен бирге жергиликтүү бийлик менен Иркутск шаарындагы мекендештердин өтүнүчү менен атайын кыргыз тили классын ачып бергенге кол кабыш кылдык. Жолугушууда биздин азык-түлүккө алар кызыгышты. Алма, картошка, сабизди сатып алсак деген сунушун айтышты. Мындан тышкары Иркутск шаарындагы бир көчөгө Токтогул Сатылгановдун ысымын ыйгаруу боюнча да сүйлөштүк. Ошондой эле жергиликтүү диаспоранын демилгеси менен Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү сунушу колдоого алынды.

«Орусияда бутуна туруп үй салып, кафе-ресторан иштеткендер менен жолугуштук. Алардын кыргыз экономикасына инвестиция салуусу үчүн шарттарды түзүп беришибиз керек» дейт Бакыт Төрөбаев иш сапарын жыйынтыктап жатып.

Канымгүл Мамытова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
noeli
2014-09-15 13:01:34
экономика которулмойунчо миграциянын агымы токтобошун мен деле билем,ошол экономиканы которуш учун эмне кылыш керек ошонун устунон ичпей жебей иштебейсинерби.Баарынын эле тилдери буудай кууруйт.
+1
Saribulak
2014-09-15 20:50:42
Булар келип кетти биз жака. Айткан создоруно турушса кыргызстан тез эле онолотко, бирок буга чейин канчасы соз менен кыргызстанды байытты. Анан ушул убака чейин бул депутаттарды корбоптурмун элге жардам берсе эмдигиче жок дегенде аттарын укмакмын деймда.
0
Frunze1
2014-09-16 19:58:21
Атасы коп жыл энергетика тармагында мыкчыгер болуп кийин Акаевдин ишенимдуу окулу болуп 1-2 чакырылышта ЖК депутаты болду, эми баласы озунчо партия ачып бийликтеги таасирин кучотуп ири фигурага айлануу аракетинде... Суйлосо ооздорунан бал тамат, оздору бийликте отуруп эл учун эмне жакшы жумуш аткарыптыр, айтсынчы билели... Шайлоо астында Кыргызстан, Россияны туро кыдырып лапша илип, умчу эмизуудо саясатчылар камчы салдырбайт го чиркин...
0
burger
2014-09-17 10:48:18
Frunze1, Бул киши жок дегенде барып, жолугуп келиптир. Жогорку кенеште омурундо трибунага чыгып суйлобогон, бир мыйзам сунуштабаган, партиянын алдынкы катарына акча берип депутат болгондор деле журот го. Саясий упай топтосо дагы Жалалабад,Ош жакта аздыр коптур иштерди жасап жатышат.
0
Frunze1
2014-09-16 20:01:38
Экономиканы которобуз дейт, чынчынында мамлекеттин экономикасы эмес, оз ишканалары, бизнесин которуунун аракетинде... Мигранттардын саны азайгандын ордуна ар жылы кобойуп келет... Женилдиктер мигранттарга эмес мыкчыгерлерге, кой терисин жамынып алса карышкыр койго айлана калат бекен...
0
№ 619, 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан