«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

Үчүнчү сезон бир топ жоготуулар менен аяктайт. Көптөрдүн сүймөнчүгүнө айланган каармандар Хатиже султан, ханзаада Мехмет, Шах султан, Нигар калфа менен коштошобуз. Эң негизги жаңылык – бул сезонго чейин Хүрремди аткарган Мерьем Узерли тасмадан кетип, анын ордун Вахиде Перчин басат.

ҮЧҮНЧҮ СЕЗОН
93-103-сериялар: Талашка түшкөн Маниса
Султан кайрадан жүрүшкө аттанат, андыктан казынада акча азайып, гаремдеги күңдөргө маяна төлөнбөй Хүррем венециялык көпөс айымдан карыз алат. Муну Шах султан билип калат. Султан жүрүштөн келип, душмандарынан карыз алып уят кылганы үчүн Хүрремди Эдирнеге сүргүнгө айдайт. Хатиже болсо Ибрагим кайда көмүлгөнүн аныктоо менен убара, бирок агасынын кыстоосу менен Хүсрев пашага турмушка чыгат. Рүстем паша Михримахты бергенге макул болсо, Хүрремди колдогонго убада берет. Болбосо Шах султан тарапка өтүп кетем деп кыйытат. Хүррем өзүн хан сарайга алып бара турган амал тапса, Рүстемге кызын бергенге макул болот. Мамлекетти кара тумоо каптап, улуу вазир Аяз паша оорудан көз жумат. Ордуна Шах султандын күйөөсү Лүтфи паша келет. Диванды колдон чыгарып жиберүүдөн коркуп, Хүррем Михримахты коркутуп, намыстантып жатып Рүстемге турмушка чыкканга аргасыз кылат.
Мустафа эр жүрөктүүлүгү менен эл жүрөгүнөн орун табат, бирок уулунун даражасы көтөрүлгөнү султанга жакпай, андан так талашкандай сезиле баштайт. Албетте, Хүррем тымызын ата менен уулдун ортосуна от жагып турат. Аялынын сөзүнөн улам Сулейман ачык эле Мустафаны өзүнөн алыстатып, экинчи уулу Мехметти жакындата баштайт. Михримах менен Рүстем пашанын үйлөнүү тою өзгөчө өтөт, алар кыздуу болуп, атын Хүмашах коёт. Нигар калфа Ибрагимден калган кызын издеп таппай, үмүтүн үзгөндө Рүстемди өлтүрөм деп сарайга кирип, бирок Михримах менен Рүстем пашанын наристесин алып качып кетет. Ал колго түшүп, жардан өзүн таштап жанын кыят.
Денесин саткан аялга оор жаза бергени үчүн Шах султан күйөөсү менен урушуп кетет. Ал ачууга алдырып күйөөсүнө «Жеген тамагыңдан кызматыңа чейин алып бергем. Менсиз эч ким эмессиң, мен сага талак берем» дейт. «Империянын улуу вазиримин, мага анткенге акың жок» деген Лүтфи паша аялын жаакка чаап жиберет. Ушул учурда султан келип калып, күйөө баласын улуу вазирликтен бошотот.
Кутумдардын жалаасынан улам Мустафаны жетектеп турган Манисадан кетирип, аны Амасияга бийлик кылууга жөнөтөт. Ал эми Манисага экинчи уулу Мехмет барары билинет. Султан кайрадан жүрүшкө кетип, ордуна Мустафаны калтырат. «Ханзаада Селим ооруп калды» деген кабарды угуп Хүррем дароо жолго чыгат да, ошол боюнча дайынсыз жоголот. Хүрремдин жоголгону Сулейманды алдан тайдырып коёт. Иликтөөнүн жиби барып Хатижеге такалат. Хатиже «Мен дагы сенин өзөгүң өрттөнүп сүйгөнүңдү издешиңди кааладым. Мен сенден өч алгым келди, эми мага баары бир» деген сөздөр менен уу ичип өз өмүрүн кыят. Махидевран баласын сүрүп чыгарып, ордуна Манисага кеткени үчүн Мехметке чечек оорусун жуктуртуп өмүрүн кыят. Ал эми Михримах Шах султандын борбордон кетишин талап кылып, султан айымдан кутулат. Ал эми уулун жоготкон султандын кайгысы кубаныч менен алмашып, дайынсыз кеткен Хүррем султан табылат.

ХҮРРЕМДЕР ЭМНЕ ҮЧҮН АЛМАШТЫ?
Тасмага амбициясы менен мурч кошуп, Хүррем менен тиреше алган Шах султандын ролун жараткан 31 жаштагы Дениз Чакырды сөз кыла кетпесек болбос. Актриса кино, жарнамалык роликтерге тартылуу менен бирге радиодо да иштеген. Элге ал «Иффет», «Күзгү жалбырак» тасмаларынан таанымал. Жеке жашоосуна келсек, ал сүйүктүүсү түрк актёру болгон Ибрагим Челек менен ажырашып кеткен. Ажырашууга Дениздин ичимдикке жакын болгону себеп болгон дешет.
Тасмадагы кызыктуу эпизоддорунун бири – Шах султанды күйөөсү Лүтфи паша жаакка чаап жибергени. Лүтфи пашанын ролун аткарган актёр Дамат Челебинин айтуусунда, Дениз өзү жаакка жегенди каалаган. «Мен жөн гана колумду көтөрүп кезгерейин дегем, бирок Дениз өзү мени чап деп өтүндү» дейт. «Мен кол көтөрүүнү өз денемде сезгим келди. Эгерде жаакка жебесем, мындай эмоция менен ошол эпизодду аткара албайт элем. Андыктан катуу чап деп өтүндүм» дейт актриса бул тууралуу. Актёрлордун чеберчилигинен аталган эпизодду бир дубль менен гана тартышкан.
Бул сезондун аягында биз Мерьем Узерли менен коштошобуз. Актрисанын долбоордон кетишин талкуулабаган адам калбады көрүнөт. Бул тууралуу Сулеймандын ролун аткарган Халит Эргенч минтип эскерет: «Мерьем башынан эле бул долбоордо иштегиси келген жок, бирок тартуучу топ андан Хүрремдин энергетикасын көргөндүктөн аны башкы ролдо көргүсү келди. Ал «иштейм, бирок жан дилим менен эмес» дегендей түр көрсөтүп тургандыгын байкап, мен ошондо эле ишенбей калгам. Аны бетине эле айттым. Менин бул сөзүм анын намысына тийип, кандай болсо да долбоордо калууну чечти».
Үч жыл бою өз атын унутуп Хүррем болуп жашоо актрисага оор болгону, акыры чыдабай долбоорду таштап кеткени жөнүндө Мерьем өзү мындай дейт: «Мен биринчи жолу мындай узак долбоорго катыштым. Эң кыйын убак 1-сезондо тартылганым болду. Түрк тилин жакшы билбегендиктен жаңылып калбайын деп түнү менен сөздөрдү жаттап чыкчумун. Уйкусуз түндөр, тынымсыз эмгек, анан укмуш атактуулук... Үч жыл бою өз үйүмдөн, досторумдан, жакындарымдан алыс болгонго аргасыз болдум. Натыйжада өзүмдү жоготуп, психологиялык оор акыбалга келдим. Акыры качып кеткенге мажбур болдум. Ал тургай өмүрүмдү кыйганга аракет кылган учурларым болду. Бир жолу сыйлык тапшыруу аземине келип, сыйлыктын баарын ыргытып, тытып, өзүмдү, боюмду көп кабаттуу үйлөрдөн таштагым келди. Ушинтип өзүмдөн кутулгум келген. Азыр баары жайында, жакшылап дарыланып, өзүмө келип калдым. Ошентсе да бул долбоорго катышканыма ыраазымын». Ал эми 4-сезондон баштан Хүрремдин ролун Вахиде Перчин аттуу актриса аткарат, бул тууралуу кеп кийинки сандарда болсун.
Сезондун аякташы менен көп каармандар биз менен коштошту. Алардын бири Нигар калфа. Анын жардан кулап өлгөн жерин тартуу бир топ кызыктар менен коштолгон. «Долбоордогу мен тартылган акыркы эпизод менин жардан кулап өлүшүм. Мен үчүн бул эпизод маанилүү эле, андыктан каскадёрдун жардамысыз өзүм секирүүнү чечтим. Секирем дей бердим эле, тартуучу топ макул болду. Бийиктикти көрүп коркуп кеттим, бирок артка кайтканга жол жок болчу» дейт актриса. Эпизодду тартууда жар сыяктуу жер таап, алдына жумшак нерсе төшөп, анан кулатышкан. Ал эми ылдый кулап бара жаткан жерин боюн аркан менен чырмап, кран менен көтөрүп тартып алышкан.
Эми Мехмет өлгөнүн Сулейманга угузганы келгендеги эпизод тууралуу кеп кылалы. Кабар келгенде Сулейман чатырдан чыгып келе жаткан жери бар. Ошол учурда сарбаздар көкүрөгүн каккылап кайгырып турганын көрөбүз. Алар бир калыпта ургулаш үчүн режиссёр башында туруп кыйкырып турган. Андыктан Сулеймандын басыгы менен кошо сарбаздардын көкүрөктөрүн урганы айкашып мыкты эпизод келип чыккан.

(Уландысы кийинки санда)

Асия Алиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
MEDER_KULETOV
2014-09-15 13:27:09
Ктрк дан качан башталат болду экен билгендер жаза кеткилечи.
0
aika0906
2014-09-15 23:30:35
Хурьем катуу чарчаган тура.бирок аябай соонун аткарган.
0
Sharipa-asia
2014-09-16 02:10:49
Хюрем азыр кызысыз
0
asko93
2014-09-16 13:03:36
КТРКдан жакынкы бир ай ичинде башталат
0
LadyD
2014-09-16 13:05:14
чын дилинен аткарбаган Мерьем, Хюремдин ролун укмуштай жараткан, эгер баш оту менен кирип иштесе кандай болмок? аябай эле талантту актриса экен!
0
nagi82
2014-09-17 10:18:46
Хуррем болгондо корчум бир мунотунда калтырбай башка аял келгенден кийин коно албадым корбой койдум
0
Oceana
2014-09-17 12:55:25
Murdagy Xurem jok kyzyksyz.
0
aali-90
2014-09-18 19:34:20
фууу ушул сериалдарды жиниммен жаман кором ХХХ ХХХ.... ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_superstan
2014-09-19 09:13:37
aali-90, улуттар арасында түшүнбөстүк жарата турчу билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Оозеки эскертүү!
0
aijan280389
2014-09-18 21:37:45
1-октябрьдан баштап корсото баштайт уландысын.
0
april
2014-09-19 11:21:05
22-сентябрдан баштап корсотот.
0
kanushai880880
2014-09-20 15:49:23
хурремге озунун бардык кылыктары жарашкан сонун актриса.Сериялдын орусча которулганын кордум бирок кыргызча которгону сонун чыккан .
0
№ 619, 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан