ТӨӨ БИР АЙ БОЮ ЭЧ НЕРСЕ ЖЕБЕЙ ЖАШАЙ АЛАТ

Ойсул-Ата колдогон төө климаттын катаал шарттарына чыдамдуу келип, какыраган чөлдө адамды жөө калтырбаган ишенимдүү жандык экени белгилүү. Төмөнкү макаладан төө жана анын ичинен мекенибизде кеңири тараган айры өркөчтүү төө тууралуу кызыктуу маалыматты табасыз.

Төөлөр сууда мыкты сүзүшөт.

ТӨӨНҮН ТАРЫХЫНАН БИР ҮЗҮМ
Төөлөр (латынча илимий аталышы – camelus) – ача туяктуулар түркүмүнө кирген жандыктар. Алар чөлдүү, кургак талааларда жашоого ылайыкташкан. Биздин заманга чейинки 2500 жыл мурда айры өркөчтүү төө адам тарабынан колго үйрөтүлгөнү маалымдалат. Учурда жапайы төөлөр Борбордук Азиянын, Индиянын, Монголиянын, Кытайдын кээ бир аймактарын мекендешет.

ТҮРЛӨРГӨ ЖАНА ЖАШЫНА ЖАРАША БӨЛҮНҮШҮ
Төөлөр айры өркөчтүү жана жалгыз өркөчтүү деп экиге бөлүнөт. Ал эми бул экөөнүн аргындашуусунан келип чыккан төөнү нар деп коёт. Көчмөн кыргыздардын жүк ташуучу «поезди» болгон төөнү элибиз жашына жараша атаган. Алсак, төөнүн жаңы туулган баласын бото десе, бир жаштан беш жашка чейинкисин – сүт тайлак, тай тайлак, кунан тайлак, бышты тайлак, асый тайлак деп атаган. Андан кийинки чоңдорун ургаачысын инген, эркегин буура, ал эми бычылганын атан, төө күлүгүн желмаян дешет.

КӨБӨЙҮҮСҮ
Төөлөр 40 жылга чейин өмүр сүрүшөт. Ургаачылары 2-3 жашында жетилсе, эркектери 5-6 жашка келгенде гана «аталык» милдетти аткарууга жарашат. Айры өркөчтүү төөлөр күзгө маал күүгө келет да, бууралардын үндөрү катуу чыгып, ары-бери чуркап, агрессивдүүлүгү күчөйт. Бууралар ургаачы төөнү талашышат жана алардын кармашы кээде өлүм менен аяктайт. Мындай учурда жакын жологон жаныбарга же адамга сес көрсөтүп, тиштеп, тээп же тебелеп да салышат. Кууттан чыккан соң ургаачы төө ботосун 13-14 ай көтөрөт. Төө кээде гана эгиз тууганы болбосо, негизинен, эки жылда бир жолу жалкы тууйт.

СУУСУЗ 2 АПТА ЖАШАЙТ
Төө тоютсуз 1 ай, ал эми суусуз 2 апта жашай алат. Алардын негизги аш тизмегин эрмен, шыбак, шыраалжын, төө тикен, сөксөөл өңдүү өсүмдүктөр түзөт. Бирок ачка калганда башка жандыктардын сөөгүн, терисин, алардан жасалган буюмдарды да жеп коёт. Төө «орозо кармаган» учурда өркөчүндөгү майын аюу сыяктуу азык катары пайдаланса, сууну карынындагы майда уячаларында сактап, үнөмдөп колдонот. Ошондой эле заарасы менен заңы сыртка чыгар алдында алардагы суу бөлүнүп, кайрадан организминин керектөөсүнө жумшалып турат. Мындан сырткары төө дене табы 41 градус ысыктыктан жогору болмоюнча тердебейт. Күн ысыкта денесиндеги суунун 40 пайызын жоготсо да жандуу болушат. Ал эми башка жылуу кандуу жандыктар денесиндеги 20 пайыз суусу кемип калса өлүп калышат. Көпкө чейин суусуз калган төө 100 литр сууну 10 мүнөттө жутуп коёт.

ЖҮК ТАШУУДА...
Төө узак жолго чыкканда жүк ташуучу мыкты унаа болуп саналат. Ал жакын аралыкка өз салмагынан 3-4 эсе оор жүктү ташый алса, артылган 300 килограммга чейинки жүктү 1 күндө 30-40 чакырым аралыкка чейин ташып жеткирет. Ал эми адам өзү гана минсе 1 күндө желдирип 100 чакырым аралыкты басып өтөт.

ЭТИ, СҮТҮ, ЖҮНҮ...
Эти – күчтүүлүгү боюнча кой менен жылкыдан кийинки орунда туруп, уйдуку сыяктуу сиңимдүү болот. Майы кадимки койдун майына окшош. Аны элдик медицинада дары катары суук тийгенде колдонуп келишет.
Сүтү – уйдукуна салыштырмалуу 5-6 пайызга коюу жана таттуу болот. Төөнүн сүтүнүн курамында белок, май, фосфордун тузу, кальций жана С витамини көп болгондуктан дарылык пайдасы чоң. Сүтүнөн кымыз да жасалат. Аны казактар шубат деп аташат.
Жүнү – жылуулугу боюнча бир дагы жаныбардын жүнү төөнүкүнө жетпейт. Андан космонавттарга, суучулдарга жана Түндүк уюлда иштеген адамдарга кийимдерди даярдашат. Ошондой эле ревматизм менен ооругандарга пайдалуу деп эсептелет.
Терисинен кур, камчы, бут кийим, көөкөр жана башка буюмдар жасалат.
Тезеги – отун катары пайдаланылат.

КЫЗЫКТАР

  • Илгери кыргыздарда төө тууганда кадимкидей сүйүнчүлөө, ботонун кулагына сөйкө салуу салты болгон.
  • Төө ботосун 13-14 ай көтөргөндүктөн, эл ичинде кош бойлуу аял анын этин жесе ал дагы ошончо убакыт боюна көтөрүп калат деген кеп бар.

Жалгыз өркөчтүү төө

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
temirov76
2014-09-16 10:28:14
Суперчилер азаматсынар,бул маалыматты эми угуп атам,ишинерге ийгилик.
0
WINNER
2014-09-16 12:32:24
Ар санында бирден жаныбар тууралуу маалымат берип турса болчудай.Билип алмакбыз.
0
Patriot92
2014-09-16 19:54:08
аябай жакшы кен.билип алдым рахмат.
+1
devka
2014-09-17 07:30:01
Чон рахмат эн сонун тема
+1
Dadasdasd
2014-09-17 17:12:29
Куранда Аллах Таала айтат < Төөлөрдүн кандай жаратылганына карабайбы>
0
aza.kg007
2014-09-18 20:57:21
жакшы маалымат экен мен тоону омурумдо 2 жолу кана коргомун
0
aika0906
2014-09-19 14:46:57
А мен тоо коро элекмииин
0
ayildik_kiz
2014-09-20 11:52:56
Тоо кандайдыр бир мезгилде кууго келет дейби иши кылса ушундай бирдеме эстей албай койдум адамды кубалап жетсе жеп салат экен.Таятамдын тоосу жаш баланы жеп койгон экен бир санын тоонун оозунан алып калышыптыр кооп жыл мурун
0
baha1985
2014-09-21 00:50:49
жазында кууго келет жеп салганын билбедим бирок тиштейт кучу ото коп болот тоонун мен жаш малымда тоо багат элек уйдо
0
№ 619, 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан