Тайырбек Сарпашев, биринчи вице-премьер-министр: «МЕКТЕПТЕГИЛЕР МЕНИ ПТУга КЕТИРМЕЙ БОЛГОН»

«Бешиктеги баланын бек болорун ким билет» демекчи, каарманым келечекте экономист, саясатчы болуудан мурун белгилүү математик болууну эңсеген. «СССР акырындан ыдырап, замандын өзгөрүшү менен менин да максатым өзгөрүлүп, экономикага болгон кызыгуум жогорулады» деген биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев башынан өткөн балалык күндөрү, балалык сүйүүсү, келечекке карай жолу тууралуу кенен маек курду.

КАПИТАЛИЗМГЕ КАРШЫ ТУРГАН ЭКОНОМИСТ

  • 1968-жылы 23-августта Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Торкен айылында туулган.
  • Жогорку билимдүү. 1991-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эсеп-экономика факультетин артыкчылык менен аяктаган.
  • Эмгек жолун 1991-жылы «Түшүм», «Саят» ишканаларында директорлуктан баштаган.
  • 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты.
  • 2006-жылы Жогорку Кеңештин вице-спикери.
  • 2007-2012-жылдары жеке ишкер.
  • 2012-жылдан тартып Экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр.
  • 2014-жылдын апрелинен тартып биринчи вице-премьер-министр.

«ТАЕНЕМДИН ЖОМОКТОРУ ЭЧ БИР КИТЕПТЕН ТАБЫЛБАЙТ»
–Балалык дегенде эле арыктын жээгинде топ ойноп, сууга түшүп, жайдын салкын кечтеринде ак чөлмөк ойногон күндөр эске түшөт. Балалыгым Токтогулдун Торкен айылында өтүп, бардык жаш бөбөктөрдөй чоң эне, таененин жомогу менен өстүм. Айрыкча таенемдин түгөнбөгөн, бири-бирине окшошпогон жомок куржуну, айтып берген уламыштары, макалдары бүгүнкү күнгө чейин эсимде. Аны эч бир китептен таба албадым. 5-класска чейин айылдын мектебинде окудум. Математиканы, орус тилин мыкты өздөштүрүү, сабактардан артта калбоо максатында ата-энемдин сунушу менен 6-класстан тарта борбордогу №5-мектептен билим ала баштадым. Бишкекке келгенде баягы айылдагы эрке балага таандык болгон артыкчылык, жеңилдиктеримден айрылып, кадимки эле айылдан келген жөнөкөй балага айландым.
Ошентип балалыгымдын экинчи бөлүгү Бишкек шаарындагы Төкөлдөш, азыркы Чыгыш-5 кичи районунда өттү. Үйдө 6 бир тууганбыз, арабызда 1 кыз бар. Эжем эрте эле мектепти аяктап окууга кеткендиктен, үйдөгү жумуштарды бөлүшүп алып жасачубуз. Мен үйдүн кенжеси болгондуктан жеңилдиктер берилип, үйдү гана тазалачумун.

«ОРУСЧА СҮЙЛӨӨ МЕН ҮЧҮН БАГЫНБАС БИЙИКТИК ЭЛЕ..»
–Мектеп босогосун аттагандан тартып эле математика сабагын кызыгып окудум. Ал эми эң эле кыйналып окуганым орус тили сабагы болгон. Ошол кезде коомдо орус тилине болгон талап чоң болгондуктан, бала кезимде орусча сүйлөө мен үчүн багынбас бийиктик эле. Апам менен атам экөө тең мектепте мугалим болуп иштешкендиктен, менде кандайдыр бир өзүмө болгон ишеним бар болчу. Кээде сабактардан «4кө» түшүп бара жатканымда мугалимдер «5ке» көтөрмөлөп коюшчу. Балким, бул нерсе ата-энемдин мугалимдер менен болгон ички мамилесине карата ишке ашса керек.

«САБАКТАН КАЧЫП КИНОГО КЕТЧҮМҮН»
–Өткөөл куракта шаарда болгондуктанбы, тамеки тартуу, арак ичүү, мушташуу же ушул сыяктуу жаман адаттарга кабылган жокмун. Мектебибиз «Ала-Тоо» кинотеатрына жакын жайгашкандыктан сабак убагында качып, кинолорго көп барчу экенбиз. Көп фильмдердин сеансы эртең мененки сабактардын маалына туш келип калчу. Ошентип 1 жумада бир жолу сабакты жыйыштырып жүрүп окуудан артта калып, көп жолу линейкада, класстык сааттарда агай-эжейлерден сөз уктук.
Ошондой күндөрдүн биринде «Ангар-18» деген фантастикалык фильм келип, шаардыктар ошол тасма тууралуу сөз кылып калышты. Ал тасма да адаттагыдай түшкө чейинки маалга белгиленген. Ошондо өзүм уюштуруучу болуп, класстагы 22 баланын 13ү сабактан качып киного кирдик. Билинип калган бул кылыгыбыз мектепте 1 ай талкууга алынган. Жыйынтыгы бизге «Ангар-13» деген ат коюлуп, 1 жума сабактан кийин мектептин короосун тазалап, тепкичтерди жуу менен аяктаган. Мектеп жамааты мени ПТУга кетиребиз деген чечим чыгарарына жакындап калганда ата-энемдин суранычы, кат-кат убадасы менен мектептен айдалбай калгам.

«БАЛАЛЫК СҮЙҮҮМ МУГАЛИМ ЭЖЕЙГЕ АРНАЛГАН»
–Карап отурсаң, көбүнүн биринчи сүйүүсү классикалык вариантта же классташы, же өзүнөн 1-2 жаш кичүү бирөө болот. Меники бир аз башкачараак болгон. 8-класста окуп жүргөнүмдө мектебибизге жогорку окуу жайдан кыргыз тили сабагы боюнча практикант эжей келген. Ошол эжейди аябай жакшы көрүп калгам. Арабыз 6-7 жаш болсо керек. Бирок аны менен чогуу келген практикант тарыхчы агай экөөнүн ортосунда жакындык бар экенин байкап калгам. Биринчи жылы практикага келген эжейлерибиз негизинен кийинки жылы да мамлекеттик практикасын өтөө үчүн келишчү эле. Мен балалык кыялым менен аны кийинки жылдын апрель айында күттүм. Бирок ал эжей келген жок. Ошону менен балалык сезимим соңуна чыкты. Ага болгон сезимимди билдире алган эмесмин. Бирок бир ирет досторум менен сырдашып, алардын кеңеши менен эжейиме гүл белек кылганым эсимде.

КЕЛЕЧЕК МАКСАТТАР...
–10-классты аяктап жатканымда заман өзгөрө баштады. Жогорку класска көтөрүлүп, азыраак болсо да акыл токтотуп, ошол мезгилдеги экономикага болгон кызыгуумдан улам математик болуу максатымдан кайткам. Бирок математика сабагын жакшы көрүп окугандыгым, анын пайдасы бүгүнкү күнгө чейин бекем таянычым болуп келет. Бир ирет телевизордон СССРдин премьер-министри Николай Рыжковдун «Биз рынок экономикасына кетип бара жатабыз» деген сөзүн угуп калдым. Ал убакта партиянын лидерлери айткан сөз биз үчүн абдан таасирдүү болчу. «Саясий экономика» китебин ачып, «рынок экономикасы» деген эмне экенин карасам, түшүндүрмөсүндө «капитализм» деп турган экен. Менде ушунчалык ички каршы туруу, жек көрүү, «чын эле биз буга чейин жектеп, жек көрүп келген капитализмге бара жатабызбы?» деген чоң кыйналуу пайда болду. Мектепти аяктап дароо эле Улуттук университеттин экономика факультетине тапшырдым. Сынак күчтүү болуп, 50 орунга 800дөй атаандаш тапшырып, арасынан өтүп кеткем. Мектепте да, университетте да атамандыкка умтулбай, тескерисинче, конфликтти болтурбоого, жаңжалды токтотууга, дипломатиялык жакка бурууга аракет кылчумун. Саясатчы болгонумдун дагы бир себеби ушундан болсо керек.

Болочок вице-премьер-министр 3 жашында.

Бүтүрүүчү класста жакын досу менен.

Т.Сарпашев ушул жылдын 1-сентябрында өзү окуган мектепте ачык сабак өттү.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Frunze1
2014-09-16 19:43:13
Бул адам капитализмге каршы турган адам эмей, капитализмдин акыр-чикир агынында ХХХ сузгон колдон ХХХ ХХХ ХХХ го, бизнестин, эпчилдигинин арты менен саясатка келген... Ошондо мугалимдер ПТУга откорбой ката кылышкан экен, электрикчи же слесарь болсонуз элге пайда алып келмексиз, казынаны "аккуратно" тоногондун ордуна же 10-15 жылдан бери бийликте журуп Мырзакматовдун 4 жылда жасаган жумушунун 1/100ин аткарганыныз корунбойт.. Кайсы жумушунуз эсте калды?
+2
admin_superstan
2014-09-17 10:40:14
Frunze1, кимдир бирөөнү мазактоого, кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
-1
Mononoke
2014-09-17 17:32:31
Аракетчил жаштайын эл алдында журот..... Азамат,азамат,азамат...
-2
№ 619, 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан