ҮЧ КУРБУ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Эркектер кызык калкпыз да, күнөөбүздүн оордугун өзүбүз көтөрө албай кетебиз. Анан урунуп-беринип жаныбыздагы адамды кыйнайбыз. Назик менен болгон мамилемден кийин үйгө батпай калдым. Баяндын сүйүүсү, мага кылган ысык мамилеси мени ого бетер кыйначу болду. Кээде оройлук кылып, анын да көңүлүн оорутчу болдум. Чыдамдуум ай, мурункудай эле жаркылдап көзүмдү карайт. Ансайын өзүмө өзүм батпайм. Иттигим ушунчалыкка чейин барды, ай-күнү жакындап калганына карабай кетип калдым. Анткени баш-аягымды жыйып, өзүмдү токтотуп келмейинче мурункудай жашообузду улай албайт элек. Жалгыз дачага барып ойлондум, толгондум. Назикти таптакыр менин жашоомдо болбогондой унутуп салууну чечтим. Мен шаарга келген күнү эле Баян экөөбүз кыздуу болгонубузду уктум. Кирип барсам баланы бооруна кыса эмизип жаткан экен. Жетип эле көздөрүнө тике карай албай наристебизге үйрүлүп түштүм. Бир аз убакыттан кийин Баянга аргасыз көзүмдү көтөрдүм. Көздөрүнө жаш толуп турган экен, жүзүнөн сыласам мөлт деп колума тамды.
– Жаман ойду ойлобочу, мен эч кандай жаман ишке барганым жок. Мага ишенчи, болгону кайсы бир маселелерди чечишим керек болду. Кечир мени!
– Кечирдим...
Кайрадан биздин бактылуу күндөрүбүз башталды. Мен чыныгы бактылуу эркекмин десем болот. Анткени эстүү жарым, биринен-бири өткөн таттуу балдарым, иштеген ишим, акчам, бийлигим, эркекке эмне керек болсо, ошонун баары бар эле. Кээде гана Назиктин сулуу жүзү көз алдыма тартыла калчу. Мен бул нерсени жөн гана эркектин жашоосунда боло турган кадимки көрүнүш катары кабыл алдым да, тез эле унутуп койдум. Эгерде ал биздин жашообузда кайрадан пайда болбосо, ошол боюнча жадымдан сүрүлүп деле калмак.
Баяндын Назик Кыргызстанга келет экен деп жатканын эки-үч жолу уксам да, этибар алган эмесмин. Бир күнү жумуштан келсем, үч курбу биздин үйдө отурушкан экен. Күтүлбөгөндүктөн нестейе түштүм.
– Кел, Дастан, үйгө Назик менен Жанара келиптир. Эмне туруп калдың?- деген Баянды эшиттим.
– Салам,- деди Назик ордунан тура күлүмсүрөй.
– Салам!
Каректерибиз чагылыша түштү. Карегинен жылт эткен учкундарды сезип, денем дүр дей түштү. Башымды жоготуп жибергендей жаш бала эмесмин го, ошентсе да жүрөгүм бир башкача согуп турду.
Өттү-кетти сөздөр сүйлөнүп жатты. Мен аларды өзүнчө калтырып бакчага чыктым. Ай жарык болуп турган эле, бир топ отургандан кийин ак көйнөк кийген караан мени көздөй келе жатканын байкадым. Назик! Атайын мени утурлап чыкканын сезип турдум.
– Жалгыздап отурасың анан?- деп шыңк эте күлүп койду ал жаныма отуруп жатып.
– Отурам, силерди өзүнчө сүйлөшсүн дедим.
– Үйүңөр сонун экен. Негизи, Баян бактылуу аял. Балдарыңар да тартиптүү, сүйкүмдүү экен. Тим эле суктанарлык үй-бүлө.
– Кой, түкүрүп койчу көз тиет,- дедим тамашалай.
– Мен чын дилимен эле суктанып жатам,- деди ал. Бир аз үнсүздүктөн кийин: – Ичикий, бакчаңар суук тартып калыптыр,- деди мага ыктай отуруп. Денемди оолактата бергенимде ал шап кучактай калды. Жай башымды чайкадым.
– Назик, кой антпе, бул адамгерчилик эмес.
– Сагындым сени...
– Ал эмнең? Ушундай да болчу беле?
– Ал ошонум, мага деле аялдык бакыт буюргандыр. Сен Америкага келип кеткенден бери өзүмдү коёрго жер таба албай калдым. Канчалык унутайын дегеним менен ошол керемет кечти унута албай койдум. Мен үчүн ал күн баш-аягы көрүнбөс, жете албас жомоктой эле болду. 
 «Актриса бул драманы канча убакытта ойлонуп тапты экен?» Биринчи эле анын жаш айланып турган көздөрүн көрүп ушинтип ойлодум. Бир чети күлкүм келди. Анткени ал канчалык мага кызыкса, ошончолук менин мансабыма, акчама кызыгып жатканын билбегендей келесоо эмес элем да. Назиктей аялдар эч качан тойдум дебейт, демек, чыныгы берилүү эмне экенин да билбейт. Кудай акы ошол учурда ушинтип ойлочумун. Аңгыча Баяндын, балдардын үнү чыгып калып, аны денемден оолактата түртүп үйгө бет алдым.
Назик оор улутуна артымда калды. Ошол кечте жуунгандан соң уктоого камынып төшөк четинде отурсак, Баян оор улутунуп алды.
– Эмне болду, жаным?
– Билбейм, могу жерим ооруп эле тынчтык бербей жатат.
Бакчадагы жорукту эстеп кетип ичиркене түштүм. Көкүрөгүн мыжыга ич көйнөкчөн мени чексиз ишенип тиктеп турган аялыма ичим элжиреп кетти. Ох, элдин баары эле сендей таза, аруу, баладай ишенчээк болсо, бул дүйнө алда качан тазаланмак. Эң жакын адамың кылган кыянаттыкты билбей эле кой жаным, ал сага татыктуу эмес.
– Келчи мага...
Куду бөжөктөй койнума кирип кеткен аны боорума кысып өпкүлөп жаттым. Эркелешип кумарыбыз канган соң каруумда уктап жаткан периштемдин жүзүн сылап көпкө уктай албай жаттым.
Ошол убакыттан кийин Назик үйгө байырлады да калды. Баян анын максатын кайдан билсин, мурункусундай эле жаркылдап кабыл алып узатып жүрдү. Жашырганда эмне, аны көргөн сайын ток ургандай мээм токтоп калат. Каным дүргүп, эмне кыларымды билбейм. Эч ким жокто бир нерсеге шылтоолоп ал мага жакын келгенде, же анын ысык деми жүзүмө урулганда, каректерибиз чагылышканда жинди болуп кете жаздайм. Бул калпыс оюн кайда алып барарын билбей жүрдүм. Бирок бул оюн мага бара-бара жага баштады. Дароо өзүмө эсиңди жый дедим да, чекит коюуну көздөй баштадым. Бир күнү Назик менен ачык сүйлөшүүнү чечтим.
– Болуптур, мен жеңилдим. Кел, ачык сүйлөшөлү,- дедим.
– Макул, үйдөн күтөм.
– Үйүңө бара албайм, башка жерден жолугалы.
– Коркпо, мен сени тиштеп албайм.
– Нази...
– Ов.
– Жаш бала болбочу. Ачык айтчы, эмне каалайсың? Менден акча керек болсо, мындай деле берип тура алам.
– Демек, мен тууралуу ошондой ойлойсуңбу?
– Ну, антип ойлогонго өзүң түртүп жатасың го. Кудай акы, мага бул оюнуң жакпай жатат. Сага менден эмне керек?
– Дастан, мага акчанын да, башканын да кереги жок. Мага сен керексиң.
– Кечирип кой, бирок менин үй-бүлөм бар экенин билесиң да.
– Билем.
– Анан эмне керек? Жинди кылбачы кишини.
Жиним келип туталанып кеттим.
– Макул, экинчи сага жолобойм.
Назик телефонду коюп койду. Амалкөйлүк менен тузакка тартып, калп эле алыстамыш болуп жатканын билип эле турам. Бирок көкүрөгүмдүн кайсы бир жеринде Назиктен ажырагым келбей турганын да сездим. Тобокел деп шарт кийинип жөнөп кеттим. Азыр таба албай калчудай болгон сезим, эртең эле ал башка бирөөнү таап ала тургандай коркунуч дилимди каптап алып машинаны учуртуп айдап бара жаттым...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
naaazka
2014-09-15 11:28:22
nazike okwogon kyzdardy buup olturup salyw kerek. biroonun uibuloosun buzgan ...... dese
+2
peri9696
2014-09-15 11:34:02
Дастандын айтып берип жатканы боюнча, Назиктин боюнда болгонуна жете элекпиз.
0
FIANIT
2014-09-15 11:52:21
Назиктей курбудан Кудай сактасын! Чымчыктын да уясы бузулбаса экен...
0
jasi
2014-09-15 12:02:43
Байкуш Баянга боорум ооруп турат. Ушунчалык конулу таза жан экенда, курбусунун кылыктарын байкабаса...
0
Elnuram090
2014-09-15 12:26:37
Ушундай курбулар бар абайлагыла
0
Aisanat
2014-09-15 13:21:31
Бир эле окуя кайра баштан кайталанып айтылбай Баяндын токтогон жеринен ары уласа болмок. Зериктирип жиберди.
0
raha84
2014-09-15 22:52:00
Назик кантип ушундайга барды?Сонун бактылуу уй -булону бузду.Дарга асыш керек мындайларды.
0
aika0906
2014-09-15 22:53:58
Дастандан да соз алганынар жакшы болуптур.
0
aayjamalka
2014-09-16 10:12:00
Дагы назик мн табышып алып баяндын журогун оорутат экенда баянгада тан каласын неге назикти уйуно чакырат
0
Aksy-13
2014-09-16 13:18:26
Баян байкуш курбусунан кече албай уйуно киргени каршы болбой журот ал сойрук болсо уйуно киримиш болуп куйосун тартып алмай болуп журот, Назик жинди экен окуп атып аябай жаным кыйналды Назикке жиним келип отуруп, Дастан болсо алданы эле журот ал сулууга озунун Баяны менен гана бактылуу жашай берсе болботго
0
sezim1111
2014-09-16 19:51:29
ээхххэркектин баары ушулбу, баарыле сулуулукту ээрчип кетеби, Баяндай акылдуу чыдамкай аялы туруп...?
0
uul
2014-09-17 11:03:24
ex erkekter erkekter kachaaaan esinerge kelesiner degen uwul da....
0
nagi82
2014-09-17 11:38:43
Тушунбой калдым баян билди элего дагы кантип билбей уйундо жашап калды
0
admin_superstan
2014-09-17 12:29:37
nagi82, саламатсызбы!
Окуя гезиттин 617-санынан бери кайрадан Дастан аттуу каармандын сөзү менен жазылып жатат.
0
aiba_00
2014-09-17 12:49:47
Озумдун башыман отуп жаткандай кайгырып ,буулугуп ыйлап ийгим келип окучу болдум. Реальный жашоодо болгон окуя.
0
Meerim1807
2014-09-21 13:20:00
Бул чыгарманы мен, башынан окуган эмесмин.Бир куну жумушта олтуруп,башынан окуп баштадым окуусам кызыктуу боло баштады,козумдон жаш куюлуп ыйлап да алдым.Эн баарынан Баянга боорум ооруду.Эмнеси болсо да аягы жакшы бутсо экен


0
№ 619, 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан