ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (15-сентябрдан 21-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Шеригиңиздин убадасына ишеним артпаңыз, болбосо ишенчээктигиңиздин залакасын тартып каласыз. Дүйшөмбүдө сунушуңуздун туура экенин далилдөө үчүн сизге кызыл тилдүүлүк керек. Шейшембиде коңшулар менен бир маселени чечесиз.
Бейшембиде күтүлбөгөн кабар сизди тең салмактан чыгарат. Апта аягы башка жакка көчүүгө, эмерек жаңыртууга ыңгайлуу.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада энергияңыз ашып-ташат, аны куру бекер кетирбей, пайдалуу ишке жумшаңыз. Бойдоктор бир чечимге келмейинче өздөрүнө кол сунган адамдарды үмүттөндүрбөй туруулары керек. Шейшембиде эч ким менен урушпаңыз. Болбосо башкалардын сизге болгон сыйын, ишенимин жоготосуз. Жума күнү достор бир топ убактыңызды алат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада айлана-чөйрөнү байкап иш кылуу сунушталат. Анткени ийгиликке жетишкениңиз менен орунсуз чыгымдарга жол берүүңүз мүмкүн. Шаршембиде чала тааныш адамдар менен баарлашуу, иш кагаздар менен иштөө чарчатат. Ишембиде бирөөлөрдүн кеңеши менен эмес, өз алдынча иш кылсаңыз, артында өкүнбөйсүз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада тобокел иштер өзүн актайт, андыктан аларды колго алуудан коркпоңуз. Бирок сизге пайда алып келбеген иш-чараларга катышпаганыңыз оң. Терең эмес мамилелер үзүлөт, муну мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алуу сунушталат. Ал эми күтүлбөгөн таанышуунун аягы романга айлануусу мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада бир аз бош убакыт табыла калса эле өзүңүзгө жумшаңыз. Бул баарын ойлонуп, туура чечим чыгаруу үчүн кажет. Максатка кыска жол менен жетүү үчүн ишенимдүү байланыштарды колдонуңуз. Сиз анча жактыра бербеген адам сизге жакшы сюрприз тартуулайт. Бирок аны кагып, жактырбасыңызды ачык айтуунун кереги жок.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Өз маселеңиз менен эле алектене бербей, элге аралашыңыз. Бул атаандаштардын алдында сынбоо үчүн да зарыл. Акча сиз ойлогондон көбүрөөк болот. Андыктан жакындарыңызга белек берүүгө шашылыңыз. Алар сиздин көңүл бурууңузга муктаж. Көбүрөөк кыймылда болбосоңуз, остеохондроз сыяктуу ооруларга жол бере турганыңызды эске алыңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада иште оор кырдаал жаралып, андан тажрыйбаңызды колдонуп чыгып кете аласыз. Бирок нервдик чыңалуудан арылуу үчүн эс алууга көңүл буруңуз. Чөйрөдөгүлөр менен талашып-тартышпай, жай отуруп сүйлөшүп, бир пикирге келүү оң. Апта аягында достордун бири моралдык колдоого муктаж экенин айтып жардам сурайт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул апта сиз үчүн тынч жана жагымдуу өтөт. Оюңузду жыйнап, жаңы идеялардын үстүнөн иштейсиз. Туугандар менен күтүүсүздөн бир кечеге барып калууңуз мүмкүн. Бирөөлөрдүн таасирине азгырылып, керексиз буюм сатып алуудан сак болуңуз. Сүйүү жаатына келсек, топтолгон майда таарынычтар чоң чырды жаратпашы үчүн сүйүктүүңүздүн көңүлүн табыңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Убакыттан уттурбай, алдыга максаттарды коюп, иштерди бүтүрүүгө киришиңиз. Депрессияга кабылбоо үчүн ар нерсени ойлонуп, убайым тартпаңыз. Бейшембиде чындыкты бетке айтам деп бирөөлөрдөн кагуу жеп калууңуз ыктымал. Ишембиде жашоого болгон көз карашы башкача адамдардын чөйрөсүндө болуп, жаңы нерселерди билесиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада тапшырылган ишти аткарууда моюн толгобоо кажет. Билбегендериңизди башкалардан сураңыз. Бул карьерадан жогорулоого керек. Шаршембиде жүрөгүңүзгө жакын адамдын кыялына чыдоодон башка арга жок. Жума күнү үй-жайды кооздоо, иретке келтирүү иштери күтөт. Апта аягында конокко чакырык келет жана карызыңызды кайтарышат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада башкы милдетиңиз финансыңызды сактоо болуп эсептелет. Карызга бербеңиз, уурдалбасы үчүн бекем катыңыз. Айрымдар кызматтык сапарга чыгып, олжо менен кайтышат. Шейшембиде бирөөлөр менен мелдешүүнүн кажети жок, баары бир утпайсыз. Бейшембиде жеке коопсуздугуңуз үчүн караңгыда жүрбөңүз. Жекшембиде жакшы окуя күтөт, даяр туруңуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Кыйынчылыктардан четтеп, өз дүйнөңүзгө кире качуунун кереги жок. Дүйшөмбүдө жетекчилик менен айтышпаңыз, болбосо жаңы иш орунун издеп каласыз. Шейшембиде буга чейинки эмгегиңиздин акыбети кайтып, акчалуу болосуз. Жума күнү сизге көз арткандар менен тирешүүчү окуя күтүлүүдө. Ишембиде бирөөлөрдү тосуп аласыз же узатасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 619, 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан