Жеңишбек Айтиев, куудул жана ырчы: «ЫРЧЫ ЭКЕНИМДИ БИР ТУУГАНДАРЫМ КЕЧ БИЛДИ»

«ЖЕҢИШБЕКТИН АЙЫНАН «КОЖА» КУРТКАМДАН КОЛ ЖУУГАМ»
–Жеңишбекке талант аталарыбыздан өткөн го деп ойлойм. Чоң атам, өз атам деле сөзгө чечен, чукугандай сөз таап сүйлөгөн адамдар болчу. Иним кичинесинде эрке, анан өтө тентек эле. Үйдөн чай ичип отурганда «Эмне мага ысык чай куйдуңар? Муздатып бергиле» деп кыйкырып, чыр чыгара берчү. Анан «кийин чоңойгондо мен аябай бай киши болом, көп кабаттуу үй салам» деп айта берчү. 5-классында эч кимге дайынын билдирбей Оштон Фрунзеге качып кетиптир. Атам мага «Барып баланы, жок дегенде өлүгүн болсо да таап кел» дегенинен милиция кызматкерлери менен барып, көчөдөгү чоң балдарга кошулуп алып шампан жасап сатып жүргөн жеринен араң таап, кайра алып кеткем.
Ачуума тийсе сабачумун да, ал болсо атамдын артына жашынып алчу. Ал киши иниме аябай болушар эле. Кийин ата-энемдин көзү өткөн соң Жеңишбек менин колумда чоңойду. Өзүмдүн улуу баламдай эле болуп калды. Ал кезде мен Ош шаарындагы борбордук стадиондо директор болуп иштечүмүн. Жеңишбек меникинде жашап, мага жардам берип жүрдү. Бир күнү жумуштарым менен башка жакка кетсем, бир баланы сабап, оозу-мурдун жарып салыптыр. Келсем, Жеңишбекти милиция кызматкерлери убактылуу кармоочу жайга камап коюшуптур. Эшиктен кирип келсем, көзүн жалдыратып мени карайт. Анан тиги таяк жеген балага жаңы эле сатып алган кымбат баалуу «кожа» курткамды чечип берип, бир аз тыйын-тыпыр карматып ишти бүтүргөнүм эсимден кетпейт. Инимди мен үйлөнттүм. «Шашпай тур» деген кеңешимди укпай, бир күнү сүйлөшкөн кызын ала качып келиптир. Анан келген соң каршы болмок белек, ата-энесинин алдына бардым. Азыр Кудайга шүгүр, экөө 5 баланын ата-энеси болушту.

Ошентип стадиондо мага жардам берип жүрүп гастролго келген ырчылар менен таанышып, алар менен кошо ырдап, тойлорду алып бара баштаптыр. Мен аны билбейм. Бир күнү «байке, мага музыкалык аппаратура алып бериңиз» деп келиптир. «Ушу сенден кантип артист чыксын, биздин ата-бабабызда артист болгон эмес» деп каршы болуп койгом. Байкасам өнөрү бар экен, анан аппаратура алып бердим. Тойлордо тамада болуп ырдап жүрүп эле такшалып калды. Азыр Кыргызстандагы көрүнүктүү тамада болуп калганына кубанып, иним менен сыймыктанып калам.

«АГАЛАРЫМДЫН ТАЯГЫНАН АТАМ АРАЧАЛАП КАЛЧУ»
Бир туугандары тууралуу ЖЕҢИШБЕК АЙТИЕВ буларды кошумчалай кетти:
–Биз 9 бир тууганбыз, эркектердин эң кичүүсү менмин. Кичүү болгон соң улуу агаларымдын айтканын аткарып чоңойдум. Бирок кээде эркелеп тентектик кылып коюп атамдын артына жашына калсам, атам бейиши болгур, мага болушуп агаларымды кубалап калчу. Бир туугандарым көп болгондуктан, бир үйгө чогулганда өзүнчө эле базардай болуп калчу.
Эсимде, бир жолу 3-классымда апам «ме балам, буга коржик алып же» деп 15 тыйындан үчөөнү берди. Мен аны бир туугандарым талашпасын, булар бир жакка кеткен соң катып коём деп өзүнчө «умный» болуп оозума салып алдым. Бир кезде эле эстеп кетип эки жагымды карасам тыйыным жок. Кайсы жерге койгонумду эстей албай, «силер эле алдыңар, тапкыла» деп Зарипа эжемди чапкылап, Абдыкалык байкеме кыйкырып жатам. Анан апам келгенде «апа, мобулар тыйынымды алып алышты» деп ага ыйлап, даттанып жатып түкүрсөм тыйыным оозуман түшүп кетсе болобу. Оозума салып койгонум эсимден чыгып кетиптир, тыйын таңдайыма жабышып калыптыр. Аны көрүп эжем ачуусу келип мени жаакка бир чапкан.
Мектепте окуп жүргөндө жыл сайын 1-Май күнү бизге уй, кой кезүүнүн кезеги келип калат десең. Ал кезде майрам күнү парад болуп, салтанат сонун өтчү. Үйдүн кичүүсү болгон соң мал кайтарууга мени жумшашат. Классташтарым жасанып алып берки көчө менен райондун борборуна жөнөшсө, мен болсо артыма 3 литрлик флягага муздак чай асынып, куржунга жарым нан, помидор салып айылдагы Чапай деген тоону көздөй жөнөчүмүн. Классташтарымды карабоого аракет жасайм. Эгерде аларды карай турган болсом, ичим тарып, менин да майрамдык мааракеге баргым келип кетчү. Райондун борбору биздин айылга жакын болгондуктан, тоого жеткен соң дүрбү менен парадга көз салчумун да, чыдамым кеткенде көзүмөн дүрбүнү ала салып күйүтүмө чыдабай тескери карап алчумун (күлүп).
Мектептен балдар менен мушташа кетсем агаларыма даттанчу эмесмин. Мага Абдыкалык байкемен башкасы болушмак түгүл таяк жеп келсем кайра мени урушуп коюшчу.
11 жашымда апам, 21 жашымда атам бул жашоодон өтүп кетишти. Андан соң баарыбыз улуу агам Абдыкалилди «ата» деп калдык. Бир туугандарым мени артист болот деп такыр ойлошкон эмес. Керек болсо «Атаң барбы, апаң барбы, айтып койчу танцага?» деген ырым чыкканда да ырдап жүргөнүмдү билишкен эмес. Кийин эл тааныган соң алгачкы концертимди Ош улуттук драма театрына коём деп даярданып жатканда гана билишкен. Ага чейин тойлордо тамада болуп жүргөнүмдү эле көрүшчү. Анда да Абдумалик байкем «Эй, сенин концертиңе ким келет?» деп каршы чыккан. «Буюрганы болот» деп көшөрүп жатып концертимди койсом, 2 күн тең эл жакшы келип берди. Ошондон кийин гана чыгармачылыгыма колдоо көрсөтө башташты. Азыр чогулганыбызда мени «артист келе жатат» деп тосуп алышат. Бир туугандарымдын көзүнчө сахнадагыдай ашынып сүйлөй албайм, тартынам. Мен клип тартканда, ыр жазганда бир туугандарымдын бардыгы өздөрүнүн кошумчаларын кошуп, жардам көрсөтүп турушат. Адатта үйдүн кичүүсү айылда калат го, а мени бир туугандарым «сен элдин сүймөнчүгү болуп жаткан соң чыгармачылыгыңды өркүндөтүшүң керек» деп шаардан үй алып берип коюшкан.

БИР ТУУГАН АЙТИЕВДЕР:

1. Абдыкалил, 56 жашта, үй кожоюну.
2. Абдыжалил, 52 жашта, тракторист.
3. Азиза, 51 жашта, үй кожойкеси.
4. Абдумалик, 49 жашта, Ош шаардык кеңештин депутаты.
5. Зарипа, 45 жашта, үй кожойкеси.
6. Абдыкалык, 43 жашта, үй кожоюну.
7. Апиза, 40 жашта, үй кожойкеси.
8. Жеңишбек, 38 жашта, ырчы, куудул.
9. Назапат, 37 жашта, үй кожойкеси.

"Кичине чагымда бир туугандарыма эркелеп чоңойдум".

Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жеңишбек Айтиев: "Бийик деңгээлдеги ырчы эмесмин"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
madina.87
2014-09-15 10:06:21
Чыгармачылыгынызга ийгилик.Апиза эже менин кошунам болот.
0
M-Suu
2014-09-15 14:47:01
тойдо тамаданы жакшы алып барат 70% кулку тамаша.
0
naaazka
2014-09-15 15:38:33
bul yrchy maga ech jakpait maaniluu dele yry jok
-3
meili
2014-09-16 00:40:09
naaazka.бирок тойду жакшы алып барат
0
jasi
2014-09-16 09:07:13
Бир туугандар бири бирине окшошпойт го эч эле.
0
azhibaeva.2012
2014-09-16 18:52:19
Тамашалуу ыр жазат.Концерттерди жаков вова барат. Чыгармачылык ийгилик!
0
nagi82
2014-09-17 10:41:54
Чыгармачылык ийгилик
0
nagi82
2014-09-17 10:42:36
Тойдун коркун эн сонун ачат
0
Maite
2014-09-17 15:28:35
Женишбек Айтиев аябай жаггат.буюрса баладын тоюна чаырам деп ниет кылып жатам.Онорун оркундой берсин
0
admin_superstan
2014-09-24 09:58:41
Hatiko, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз! Эсиңизге сала кетейин, сайттын башка колдонуучусун кемсинтүүгө жана мазактоого жол жок!
0
№ 619, 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан