КӨЛ БОЮНДА КӨЧМӨНДӨР ОЮНУ СТАРТ АЛДЫ

Быйылкы күздү Чолпон-Ата шаары көпкө унутпайт сыяктуу. Демейде бул маалда Ысык-Көлдү көздөй тегеренген дөңгөлөктөр азайып, элдин агымы суюлуп калчу. Бул жолу элдин көбү эс алуу үчүн эмес, тарыхта биринчи жолу өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышын көздөй агылып, шаарда унаа тыгынын уюштурууга жетишишти. Ачылыш аземи болсо аларды кайдигер калтырбагандай деңгээлде өттү десек болот.

Мелдештин ачылышындагы оюн-зоокто башкы режиссёрлукту аркалаган режиссёр Алтынбек Максүтов мактоого арзыгыдай эле иш алып барыптыр.

ОЮН ТҮРЛӨРҮНӨ КАЗАК КҮРӨШҮ ДА КОШУЛДУ
Дүйнөлүк деңгээлдеги көчмөндөр оюндарын өткөрүү идеясы мындан 2 жыл мурун улуу «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун тизмесине Казакстан менен Кытайга тиешелүү болуп кирген мезгилде кыргыздар көчмөн элдердин эң байыркысы экендигин далилдөө максатында келип чыккан. Идеяны сунуштаган өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев мелдешти уюштурууну активдүү колдоду.
Ооба, бул мелдешти биринчи болуп өткөрүү чоң жетишкендик. Дээрлик бардык мамлекеттин өкүлдөрү өз жеринде аттын дүбүртүн угуп, алгачкылардан болуп көчмөндөр оюнун өз өлкөсүндө өткөргүсү келсе керек.
Мелдешке расмий түрдө катышкан 18 мамлекет, мындан тышкары 30га чукул мамлекеттерден көргөзмө оюндарга катышуу үчүн спортчулар келип түшкөн. Спортчулардын саны жалпысынан 350гө жакын. Ал эми алардын арасынан 250гө жакыны чет мамлекеттерден келген спортчулар. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 14-сентябрга чейин уланат. Мелдештин жүрүшүндө көк бөрү, тогуз коргоол, алыш, оодарыш, кыргыз күрөшү, ордо, ат чабыш сыяктуу улуттук оюндар боюнча таймаштар өткөрүлмөкчү. Ошондой эле оюндардын катарына казак күрөшү да кошулду.

АТАЙ ӨЗ БИЙИН, СУЛТАН КЫРГЫЗ БИЙИН БИЙЛЕДИ
Ар бир мааракенин ачылыш салтанаты анын деңгээлинен кабар берери белгилүү. Көчмөндөр оюндарынын ачылышында кыргыз эли күтпөгөн лазердик шоу орун алды. Өнөр адамдары баскан жолдорун гүлгө ороп, ачылбаган кабакты шамал айдагандай чайыттай ачып жиберет эмеспи. Кызыл-тазыл кийинген бийчилер, тоо бүркүтүндөй шаңшыган өнөр ээлери күтүлбөгөн учурда сахнага чыгып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Бул күнү эл ырчы Аяна Касымованын аткаруусундагы насаат ырын, Гүлзада Рыскулованын аткаруусундагы мекенге арналган ырды укту. Мунун баары 200гө чукул бийчилердин коштоосунда болуп жатты. Андан соң жалаң бийлерге орун берилди. Көп убакыттан бери чет жерде жүргөн бийчи Атай Өмүрзаков от кармаган бийчилердин коштоосунда эл алдына чыгып бийлеп маанай көтөрдү. Андан соң Султан Садыралиев ар бир кыргыздын патриоттук сезимин жандандыра турган «Кыргыз бийин» обого жаңыртып, аны менен кошо эл да бийлеп жатты.

«ӨЗ ТАМЫРЫН БИЛГЕНДЕР КЕЛЕЧЕККЕ ДА ЖОЛДУ ТАБА АЛАТ»
Спорттогу маданиятка ылайык үй ээси болгон өлкөбүздүн курамасы президент Алмазбек Атамбаевдин баштоосунда параддык жүрүштөн акыркы болуп өтүштү. Андан соң өлкө башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөп, оюнду ачык деп жарыялады.
– Кыргыз бермети касиеттүү Ысык-Көлдүн боюнда тарыхта биринчи жолу өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул зор окуя, Кыргызстан үчүн чоң сыймык.
Көчмөндөр адамзат тарыхынын башатында турган, адамзаттын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон элдерден. Ата-бабаларыбыздын, көчмөндөрдүн философиясын, жашоо-турмушун иликтеп билүүгө милдеттүүбүз. Өткөн заманды, өз тамырын билгендер келечекке да жолду таба алат.
Көчмөндөрдүн оюндарынын тушоосу кыргыз жеринде кесилгени бекеринен эмес. Кыргыз эли көчмөндөр цивилизациясын түптөгөн, анын башында турган, тарыхка, каада-салтка бай байыркы көчмөн элдердин бири.
Ата-бабаларыбыздын ыйык сөзүн, мурасын бийик тутуп, биргелешип келечекти куралы! Биздин түпкүлүгүбүз бир. «Курама жыйып журт кылдым» деп Манас атабыз айткандай, башка улуттар, боордош элдер менен ширелишип турмуш куралы.
«Мелдешти ачык деп жарыялайм» дегенге чейин ажобуз бул мелдеш көчмөндөрдүн маданиятын, каада-салтын дүйнөгө даңазаларын белгиледи.

КӨЧМӨНДӨР ОЮНУ ДА ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛГЕ ЧЫГАТ
Көчмөндөр оюну көп күчтү, убакытты, каражатты талап кылган ири мелдеш экенин Кыргызстан аздыр-көптүр дүйнөгө далилдөөгө үлгүрдү. Мындай жоопкерчиликти колго алып көрбөгөн элбиз да. Айрым каталарга, кемчиликтерге жол бердик. Бирок Олимпиада оюндарында да кезинде кемчиликтер болгонун, баары бара-бара түзөлүп азыркы деңгээлге жеткенин, кыргыздардын Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун жаңы Олимпиадага айлантуу максаты бар экенин эске алып, уюштуруучуларга ийгилик каалайбыз!

Гүлжан Асанкожоева,
Максат Кудайбердиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
admin_superstan
2014-09-15 09:51:07
myshka406, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
0
kamarik
2014-09-16 09:44:30
мунун идеясв Аскат байке деп уккам
0
nagi82
2014-09-17 10:25:46
Эн сонун коп коп дагы уйуштура бергиле кимдин идеясы болсода
0
№ 619, 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан