Жаркылдаган жүзү менен көрөрмандын да, баарлашкан адамынын да көңүлүн алган телеалпаруучу, актриса Назира Бердигулова бүгүнкү деңгээлге жетүү үчүн көп мээнет жумшаганын айтат. «Жалгыз бой айымдарга ар кимди жабыштыра беришет экен. Ошондуктан маалымат каражаттарына жолдошум бар деп коём» дейт. Чындык төмөнкү маекте.
– Салам, Назира. Учурда тасмага тартылып жатыптырсың, кимдин ролун жараттың?
– Жаныш Кулмамбетовдун жаңы тасмасында дарыгер айымдын ролун ойнодум. Негизи, мага көп эле режиссёрлордон сунуштар түшөт. Мурун эртерээк элге таанылсам экен десем, азыр кандай роль, мага ылайыктуубу, ачып бере аламбы деп ойлоном. Анткени турмушка олуттуу мамиле кыла турган жашка келип калдым.
– Бир эле учурда актриса, телеалпаруучу катары жүзүң элге таанылды. Өзүңдү кайсы чөйрөдө жакшы сезесиң?
– Мурун эфирге чыгарда чачымдын жасалгасына, кийимиме, макияжыма көңүл буруп, ошого басым жасачумун. Азыр болсо коноктордун ички дүйнөсүн ачып берүүгө, элди кандайдыр бир ойго түртүүгө аракеттенем. Көрсөтүүдөн көрүүчүнүн жакшы таасир алышы мен үчүн маанилүү.
Ал эми кино бул тарых. Андыктан киного тартылганда образымды ачып берүүгө болгон күчүмдү жумшайм. Эки чөйрө мен үчүн бирдей, эки тармакта тең өз ордумду таап кете алам деп эсептейм. Каныбек Иманалиев «мен сени актриса катары көбүрөөк баалайм» деген эле. Мага ушундай сөздөр дем, күч-кубат берет.
– «Курманжан датка» тасмасынын кастингине да катышкан экенсиң. Өтпөй калдыңбы?
– Ооба, катышып 1000 кыздын ичинен Элина Абай кызы, Гүлнур Асанова үчөөбүз калганбыз. Отургандардын баары эмнегедир ролго мени татыктуу деп ойлошуптур. Өтпөй калганымда режиссёрдон «эмне үчүн мен өтпөй калдым?» деп сурасам, «Курманжан датка сендей сулуу болгон эмес» деп айтты. Ошентип сулуу болгонум үчүн Курманжан датканын ролу мага тийбей калды. Айрымдары датканын эрининде калы болгон эмес дешти. Башка эпизоддоруна деле катышсам болмок. Аны тартыш үчүн, балким, Алайга барып, бир топ күн жүрүп калмакпыз. Менин балам бар, түз эфирлерди алып барам, Садык агай ушул жагын да ойлосо керек.
– Балдарың тууралуу айтып кетсең, интернеттеги өздүк баракчаңа бир кыз менен баланын сүрөттөрүн илип жаттың эле...
– Ал клиптеги кадр болчу. Өзүмдүн кызымдын сүрөтүн интернетке көп жүктөбөйм. Бул баланчанын кызы деп элдин таанышын каалабайм. Үйгө келген конокторго да кызымды сүрөткө тарттырбайм. Эжекелерим кызыңдын сүрөтүн жиберчи дешсе үйгө келип эле көрүңүз дейм. Кызым беш жарым жашта, азыр даярдоочу класска барат.
– Өзүн баалаган, сулуумун дей алган айым экениңди байкадым, чын эле ушундайбы?
– Адам өзүн сыйлай алса гана башкалар аны сыйлашат. Мен эч качан өзүмдү бирөөдөн өйдө сезбейм. Бирок өзүмдү баалайм, анан сулуу сезем. Сулуу эмес аялзаты жок. Болгону сулуулугуңду баса белгилеп жана туура кам көрүү керек деп ойлойм. Күнүмдүк жашоомдо боёнбойм, эфирге чыгарда гана боёном. Көздүн тегерегине эрте бырыш түшөт эмеспи, аны алдын алуу үчүн ромашканы кайнатып, муздаткычка тоңдуруп алып, көзүмдүн тегерегине сүртөм. Күлгөндө да бетим бырышпасын деп алаканым менен басып күлөм. 35-40 жашка келгенде бир топ акча коротуп операция жасатпай, карылыктын алдын алыш керек.
– Жолдошуң менен ажырашканыңа төрт жыл болуптур. Дагы турмуш куруу туурасында ойлондуңбу?
– Турмушта өйдө-ылдый болот экен. Мен ал адамдын артынан эч жаман сөз айткан эмесмин. Кантсе да кызымдын атасы. Ар бир адамга сый-урмат кылыш керек. Арадан төрт жыл өтсө да турмушка чыга элекмин. Эркектерден көңүлүм сууп калыптыр.
Мен да бирөөнү сүйүүгө, бирөөнү күтүүгө, бир үйдүн жарыгы болууга татыктуу айыммын, анткени колумдан баары келет. Жашымда турмуш куруп, төрөп алышым керек, убакыт өтүп баратат деп кээде жүрөгүм кысылып, көзүмө жаш тегеренет. Ошентсе да «жакшы аял эрден чыкпайт, эрден чыкса да элден чыкпайт» деген макалга таянып келем. Күйөөдөн чыксам да элдин кызы болдум, ушул менин жеңишим. Алдымдан чыккан беш адамдын үчөө таанып, салам берсе, бул да сыймык, менин ийгилигим. Бул ийгиликтерге мен өз аракетим менен жеттим.
Жүрөгүмө канчалаган мыктар сайылды. Ал мыктарды сууруп чыкканда деле жарааттары калып калат экен. Мени түшүнбөгөн, колдой албаган эркек менен жашай албайм. «Баланча менен киного тартылыпсың, ортоңордо бир нерсе болсо керек» деген сыяктуу кептерди да уккум келбейт. Кыскасы, мен учурда бактылуу аялзатымын.
– Жолдошуң кайрылып келип, чогуу жашайлы деп айткан учуру болдубу?
– Кызым үчүн аракет кылып көрдүк, болгон жок. Анткени эки башка ойлонгон адамдардан экенбиз.
– Ажырашканыңда ата-энеңди аралаштырып, ушундай болуп жатат дедиңби?
– Албетте, айттым. Бирок ыйлап, баламды багып бергиле деп барган жокмун. Кызымды бербегенимдин себеби кызым үчүн жашайын дедим. Күнү-түнү талаалап жүрө бербей кызымды бала-бакчадан алайын, жанында болоюн деп үйгө шашып тургум келди. Апам «балам, белиңди бекем буу, турмушуңду гүлгө айлантчу да, чөлгө айлантчу да өзүң» деди.
– Бир турмуш көргөн башы бош айым деп сени менен ымала түзгүсү келген мырзалар болбой койбосо керек?
– Тийишкендер болот. Бирок мен сыртыман караган адамга өтө сүрдүү көрүнөт экем. Муну курбуларым да көп айтышат, «сен жөнөкөй көрүнсөң эчак турмушка чыгып, 4-5 балалуу болмоксуң» деп. Адам үчүн анын ден-соолугунан кийин эле намысы турат. Кашыктап чогулткан баркымды чөмүчтөп төккүм келбейт. Мен бардык адамга бирдей күлүп-жайнагым келет. Ошондой сапатымды айрымдар «мага тийишип жатат, жеңил ойлуу окшойт, бул менен мамиле курганга болот турбайбы» деп ойлошот экен. Менин мындай мамилемди жогорудагыдай түшүнгөндөр жаңылышат. Менин адамдарга жылуу сүйлөгөнүм маданияттуулуктун белгиси.
– Рахмат маегиңе, бактылуу бол.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg