2015-жылы өтүүчү парламенттик шайлоого даярдык башталды. «Ата Журт» жана «Республиканын» лидерлери Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов биригүү боюнча жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрүнүн соңуна чыкканы калды.
«Сөз болуп жаткан эки лидердин 3-4 ирет жолугушуп, сүйлөшүүлөрдүн 90 пайыздык бөлүгү бүтүп, майда-чүйдө тактоо иштери калганынан кабарым бар. Азыркы ыргак менен эки партиянын башчылары биригүүгө бара жатат деп айтууга болот. Саясатта күтүлбөгөн жагдайлар да болуп кетет эмеспи, андыктан Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов экөө биригип, шайлоого чогуу барышат деп так кесе айтууга эрте. Аталган саясатчылардын бир жакадан баш чыгарууга белсенүүсү жакшы көрүнүш, себеби биринин түндүктө, экинчисинин түштүктө чоң колдоосу бар. Акыркы жыйынтыкка келишкен күнү жалпы элге билдирүү жарыяланат. Бул убакыт сентябрдын аягы болуп калышы ыктымал»,- дейт Камчыбек Ташиевдин кеңешчиси болуп келген Нурланбек Шакиев. «Ата Журттун» лидери чет өлкөдө жүргөндүгүнө байланыштуу өзү менен байланышуу мүмкүн болбоду.
Ал эми Өмүрбек Бабанов: «Убагы келгенде билдирүү таркатам, азырынча эч нерсе деп айта албайм»,- деп жооп берди.
Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg