«Эки жылдан бери парламент жана өкмөт «Кумтөрдүн» маселесин чече албай келет. Өкмөткө Жогорку Кеңеш кайра-кайра тапшырма берет, бирок иш андан ары жылбай жатат. Компаниянын жетекчилиги ишкананын иши токтотулат, ал жагдай бюджетти оор кырдаалга алып келиши мүмкүн деп шантаж кылууда. Мындай опузалоону токтотуу үчүн ушундай мыйзам киргизилип жатат»,- деди Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 11-сентябрда.
Сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун демилгечиси да Ө.Текебаев. Мыйзамга ылайык, стратегиялык маанидеги ишкананын ишин токтоткон жетекчи 10-15 жылга эркинен ажыратылмакчы. «Стратегиялык маанидеги ишканалардын үзгүлтүксүз иштеп туруусу мамлекеттеги туруктуулуктун сакталышы, калк турмушунун жакшыруусу менен тыгыз байланышкан. Мисалы, «Кумтөр» кенин иштеткен компания ишти токтотуп коюп саботаж кылууга акысы жок»,- деп кошумчалады ал.
Депутат Улугбек Кочкоров бир ишкана үчүн мыйзам чыгаруу туура эместигин белгилеп, ал бардык компаниялар үчүн бирдей болушу керектигин айтты. Ал эми депутат Айнуру
Алтыбаева: «Акыркы 20 жыл ичинде өлкөгө ак ниеттүү инвесторлор менен катар абийирсиз да инвесторлор келди. Алар Кыргызстандагы социалдык-экономикалык маселелерден пайдаланып шантаж кылуу менен да иштеп жатышат. Бул мыйзам долбоорду колдойм»,- деди.
Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.