Жалал-Абад шаарынын мэри болуп САЛАЙДИН АВАЗОВ, Нарын шаарынын мэри болуп РАХАТ АДИЕВ шайланды.
Мурдагы маданият министри ИБРАГИМ ЖУНУСОВДУ Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кылып дайындоого парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети макулдук берди.
Бишкек шаарынын вице-мэри Марс Саккараевдин айтымында, сезон ичинде 1 чарчы метрдеги ПЕТУНИЯ гүлдөрүн кароого 1186 сом, ал эми розага 325 сом сарпталат.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОР ачылды.
Улуттук банк: «Жыл башынан бери ДОЛЛАРДЫН КУРСУ 8,4 пайызга өстү».
2010-жылы ИЮНЬ ОКУЯСЫНДА жабыркагандарга берилген үйлөрдөн калганы жеңилдетилген насыя менен үйгө муктаж болгон жарандарга берилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
ИИМ өкүлү Азамат Абдрахмановдун айтымында, республикада ӨСПҮРҮМДӨР ИШТЕРИ боюнча инспекциянын каттоосунда 3 миңден ашуун бала бар.
«Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн 396 айылы ТАЗА СУУ менен камсыздалган эмес»,- деп Таза суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү департаментинин директору А.Токтошев айтты.
7-сентябрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан «Фонта» АЛТЫН КЕН ишканасынан курамында алтын бар 5 килограммдан ашуун кум жана 300 миң сом уурдалды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө эң көп маянаны «КУМТӨР» КЕНИНИН кызматкерлери жана энергетиктер алышат.
БИР ТҮК ЧӨПТҮН минималдык баасы 155 сом, максималдык баасы 250 сомго чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Орусияга кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын 1036 жараны «КАРА ТИЗМЕДЕН» чыгарылды. Мындай макулдашууга 8-сентябрда кол коюлду.
Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Аксы жана Нарын райондорунун токойлорунда ӨРТ ЧЫГЫП кетүү коркунучу жогору болуп турат.
Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы АСАНБЕК АЛЫМКОЖОЕВДИН айтымында, куралдуу күчтөрдүн 10 тик учагы бар, анын ичинен үчөө гана иштеп жатса, калганы оңдоого муктаж.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Frunze1
2014-09-16 19:51:03
мэрлерди жоюп салса эмне болот, дегеле бийликтин озу керексиз болуп калды олумтугун элге артып керексиз жук болуп...
+1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.