«Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр» дегендей, жеке эле дин жолундагы адамдардын эмес, жалпы журттун кыжырын келтирген окуя Кочкор айылында болду. 4-сентябрда Кочкор РИИБине Кочкор айылынын тургундарынан арыз түшкөн. Анда айылдагы медресенин башчысы жаш балдарга бачабаздык мамиле кылып жүргөнү айтылып, ага мыйзамдын негизинде чара көрүүнү суранышкан.
«КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛСО, ИЗДӨӨ САЛЫНАТ»
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн укук коргоо кызматкерлерине кайрылдык. Нарын ОИИБинин маалымат катчысы МЕДИНА СУЛТАНАЛИЕВА төмөнкүлөрдү билдирди:
– 4-сентябрда Кочкор РИИБине Кочкор айылынын 56 жаранынын колу коюлган арыз келип түшкөн. Арызда айылдык медресенин башчысы 1982-жылы туулган М.А. жана аны менен чогуу иштеген Ж.Н. аттуу жаран ошол эле айылдын 1992-жылы туулган 3 жаранына бачабаздык мамиле кылып жүргөнү үчүн мыйзамдын негизинде чара көрүп берүү өтүнүчү жазылган.
Укук коргоо кызматкерлери 1992-жылы туулган Т.Н., Ж.Н. жана Т.А. аттуу жарандарды суракка алганда 2 медресе окутуучусу аларга акча берип, алдап бачабаздыкка барууга түрткү бергендигин билдиришкен. Эгер чын эле аталган жарандардын бачабаздыкка баргандыгын аныктаган далилдер болсо, 10 күндүн аралыгында кылмыш иши козголот. Андан кийин гана аларга издөө салынат. Себеби күнөөлөнүп жаткан 2 жарандын тең кайда жүргөндүгү учурда белгисиз. Жергиликтүү тургундар укук коргоо кызматкерлерине кайрылганга чейин «динге каршы келген иш-аракеттерге барышкан» деп айылдан кетүүсүн талап кылышкан экен. Ошол себептен алар убактылуу жер которуп кетишкен. Ал экөөнүн биринин үй-бүлөсү бар, ал эми экинчиси ажырашкан.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинде мындай өңүттөгү иштерге дал келе турган мыйзамдын жок экени да маселе туудурат. Маселенин чын-бышыгы такталбай жатып аталган 2 жарандын айылынан куулуп калышы жергиликтүү бийликтин көңүлүн бурдура турган нерсе. Кочкор райондук администрациясынын коргонуу жана укук тартиби боюнча башкы адиси
Жанышбек Мамадиловго байланыштык. Ал кызматтык өргүүдө экенин айтып, «аппарат жетекчисине кайрылгыла» дегенинен улам Кайратбек Асановго кайрылсак, ал сурообузга жооп берүүдөн баш тартты.
ОШто ДА МЕДРЕСЕ БАШЧЫСЫ КАРМАЛГАН
Мындан 2 жыл мурун жай айларында Ош шаарындагы медресенин окутуучусу Нурсеит Калыбай уулу «9 жашар баланы бир нече жолу зордуктаган» деп айыпталган. Жыйынтыгында күнөөлүү деп табылып, ага психиатриялык экспертиза дайындалып, Кызыл-Жар ооруканасынын дарыгерлери ага «акыл-эси жайында эмес» деген корутунду чыгарып беришкен. Бул иш да Чубактын чуусундай чубалып отуруп аягында Ош шаардык соту Нурсеит Калыбай уулуна «акыл-эси жайында эмес болгонуна байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошоп, мажбурлоо иретинде дарылансын» деген чечим чыгарган.
«БИР КУМАЛАК БИР КАРЫН МАЙДЫ ЧИРИТЕТ»
Коңшулаш жайгашкан Тажикстанда да жакында эле дин жолундагы кой терисин жамынган карышкырлар жалпы мусулман коомчулугунун кыжырын кайнатты. Дегеним, өздөрүн дем салып дартты айыктыра турган касиеттүү адам катары таанытып киши көрүп жүргөн молдо чалыштар ыплас иштерге барып жүргөндүгү аныкталып, алардын бир нечеси милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Тагыраак айтканда, бул молдо сөрөйлөр өздөрүнө көрүнгөнү келген төрөй албай же башка дарт менен жабыркап жүргөн айымдарга «тийишип» жүрүшкөн. Жашыруун камера менен тартылып, социалдык тармактарга тараган видеодо чоочун аялдарга дем салымыш болуп, алардын денесин кармалаган, кийимдерин ачып, этектерин өйдө көтөрүп ырахаттанган, ал тургай түздөн-түз интимдик байланышка барган чалдарды көрүүгө болот.
«Бир кумалак бир карын майды чиритет» дегендей, ушундай адамдар башкалардын да бетине көө жапканы зээнди кейитет. Динди бетине кармап, акылга сыйбаган иштерди кылып жүргөн «молдокелерибизден» Кудай сактасын деген сөз ар бир мусулмандын негизги дубасына айланат өңдүү.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg