НУРЛАН ТУУЛГАН КҮНҮНДӨ АСЕЛГЕ СТРИПТИЗ БИЙЛЕП БЕРДИ

Нурлан Насиптин 24-туулган күнү быйыл жылдагыдан өзгөчө болду. 9-сентябрдан 10-сентябрга караган түнү саат жебеси түнкү 12ни какканда сахналаш достору Нурмат Садыров, Аваз Акимов, Асел Кадырбекова жана башкалар ырчынын үйүнө жашынып, жагымдуу сюрприз кылышты. Кандай сезимдерге кабылганын ырчынын өзүнөн угалы.
– Туулган күнүмдө мени жарык дүйнөгө алып келген ата-энеме ыраазычылыгымды билдирейин деп атамды Бишкекке чакыртып, Тойота Ипсум үлгүсүндөгү жеңил унаа белек кылдым. Андан соң адаттагыдай эле тойлорго ырдаганы кеткем. Бир кезде атам «келип биз менен чогуу тамак ич» деп телефон чалды. Досторум алдын ала туугандарыма, атама айтып коюшуптур. Келер замат эч нерсени этибарга албай өз бөлмөмө кирсем эле жарык боло түшүп, торт көтөргөн досторум ырдап кирип келишти. Мен үчүн күтүүсүз, кинодогудай жагымдуу сюрприз болду. Башыма мен жактырган мультфильмдеги каарман Спанч Бобдун баш кийимин кийгизип, белек-бечкектерин берип кубантышты. Эртеси досторум менен шаардагы караоке клубдардын биринде майрамды уланттык. Достор мени белектерге «көмүштү». Андан соң атайын заманбап жасалгалуу автобус менен түнкү Бишкекти кыдырып ырдап, бийлеп шаңдуу отурдук.

Маанайы көтөрүңкү болгон Нурлан автобуста Аселге тамашалап стриптиз бийлеп берүүгө да жетишти.

«Түн ортосунда досторум кинодогудай сюрприз жасашты».

«Белектеримдин катарын упчу, сүт куюлган бөтөлкө, памперс толуктады».

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурлан Насип: "Упчу, памперс бала кезимди эске салды"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (69)
good-girl
2014-09-17 17:42:50
Ogoo koz tiybesin baktyluu bolgulaaaa
-5
Hanzada
2014-09-18 22:20:54
Туулган кунунор кут болсун
-5
Aksy-13
2014-09-19 00:45:43
ой тобоо мынча коп минусту ким басып чуккан толтураго кызарып, ен болду анчалык мен тушунбой калдым неге минутсар окшош коп басылган???
-4
Frunze1
2014-09-19 14:47:57
Aksy-13, Сенин суйгон ырчын батыштагы женил ойлуу, суюк аяк, зынакорлорду туурап стриптиз бийлегени мага жана башка копчулукко жакпаганы учун минус берип отурабыз... Мен бул жигитти кыргыз же мусулман деп айтуудан уялам жана менин оюмда экооно тен кирбейт. Салтын, элин, коомчулукту, ислам динин сыйласа бул кадамга барбас эле... Ал эми бул кадамды (стриптиз) жакшы саамалык катары кабыл алып куттуктап жаткандарга айтаарга кеп жок, ар ким оз тушунугуно ылайык баалайт, мен баарынан мурун КЫРГЫЗмын
+5
muslima_girli
2014-09-19 00:49:05
булар ушинтип шайтандын жолунда журот клубдарда акчаларын арам нерселерге жумшап а канчалаган адамдардын кичинекей балдардын ачка жургонун ойлоруна да албайт
+7
goodman02
2014-09-19 15:42:50
мне баары минус болуп кеткен
-5
vaselisa
2014-09-20 05:21:40
Нурлан, туулган кунун менен...! Ичкенде жалжандап калаткенсин ээ.......... Олллооо сооонун жарашаткен.....

Элдер эми сени стриптиз бийледи деп сындашат..... Конул бурвайле кой..... А биз сенин жаны ырларынды кутовус....)))))))))
-6
Erniza
2014-09-20 21:15:55
Baktygul Badyieva tuuraluu maalymat berip koyunuzdarchy suranych
0
admin_superstan
2014-09-22 10:19:41
Erniza, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук.
0
Dadasdasd
2014-09-20 21:20:02
Кара жоргону сындырып бийлебейби. Көңүлүм сууп калды. Атактуулар ар бир кылыгында атын булгап алуусу мүмкүн.
0
jon-jurbos
2014-09-21 02:45:02
стриптиз бийлегени жазылбай эле турат го
0
muza_prinsessa
2014-09-21 10:32:50
jon-jurbos, ошону айтсан
0
Frunze1
2014-09-21 13:55:30
Силерде коз барбы деги, мандайынарда балчайып суроту турат го же стриптиз ордуна кара жорго бийлеп жатабы?... Корунуп турган нерсени жок деп женип жибергендерге не дейбиз... Мин уккандан бир коргон дейт, суроту болбосо да айтсанар жарашат эле имиш болсо керек деп... Автобуста стриптиз бийлеген стриптиз клубда бийлей албайт деп айткынар келип жатабы же стриптиз кыргыздын бийи, шариятта каралган деп ишендиргинер барбы?!!!...
-2
Asiyo
2014-09-21 21:21:32
Жакшы отуптур молодцы!
+1
ainur78007
2014-09-21 22:10:43
Эээй биринен бирин отуп минус басыпсынарго,минус баскандан адам озгоруп кете тургансып.Ар бир адамдын силер былчыйта баскандай минусу,андан сырткары плюсу болот.баарыбыз онолууну озубуздон баштайлы,туугандар)))
0
josholu
2014-09-22 00:00:30
Не баары эле кызыл гоо
0
admin_superstan
2014-09-22 10:21:22
Oleg.kgz, маанисиз билдирүүлөргө тыюу салынган! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
Aikosha_95
2014-09-27 01:34:07
kytyktaim.soska jarawat eken sizge
0
№ 619, 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан