БИРИҢ ЭР ДА, БИРИҢ ШЕР, ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛЧУ КИМИҢЕР?

Акыл таймаш

Айрым белгилүүлөрдүн билим деңгээлин текшерип, акыл таймаш өткөргөнүбүз эсиңиздеби? Финалга чыккандар бүгүн күч сынашат.
Суроолор гезитибиздин өткөн сандарында жарыяланган кино, дүйнөлүк шоу-бизнес, эротика жаатындагы макалалардан түзүлдү. Мындан тышкары, табышмактын жандырмагын табуу, макал-лакапты улоо да кошулду. Эгер макалдын экинчи бөлүгүн туура уласа –1 упай, ага кошумча тамашалуу, заманбап макал жарата алса – 2 упай, шартты толугу менен туура аткарса 3 упайга ээ болот. Калган суроолордун толук туура жообу 2 упай менен эсептелди.

НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА

Суроолор:
– “Биринчи мугалим” тасмасында Дүйшөн менен Алтынайдын ролунда кимдер ойногон?
– Алтынайдын ролунда казак улутунун кызы ойногон. Тилимдин учунда эле турат. Татьяна Кондучалова беле? Ал эми Дүйшөндүн ролун Байдөбөтов ойногон эмеспи?
Жооп туура эмес. Болот Бейшеналиев, Наталья Аринбасарова. 0 упай.
– Дүйнөлүк шоу-бизнестеги кош жыныстуу популярдуу ырчы мырза ким?
– Элтон Жон болуш керек. Ооба, ошол. Жооп туура. 2 упай.
– Эркектерди зордуктаган алгачкы аялдар кимдер?
– Окугам ушул тууралуу. Жапайы айымдар эле бул ишке барбаса. Амазонкалар болсо керек. Жооп туура. 2 упай.

Табышмак:
Өзүн жыйнатат,
Бекем байлатат,
Шиштен башканы минбейт,
Короого чыкса бийлейт.
– Короого чыгып бийлесе, анда шыпыргы эле го. Ооба, шыпыргы. Жооп туура. 2 упай.

Макал-лакап:
Керегем, сага айтам, келиним, сен ук... (улаңыз)
– ... Уугум, сага айтам, уулум, сен ук. Эми 2 упай алганга аракет кылайын, ээ? Капчыгым, сага айтам, күйөөм, сен ук дебейинби. Мисалы, алтын алгым келсе, жолдошумдун жанына туруп капчыгыма шыбырасам, күйөөм угуп алып берет да (күлүп).
Макал туура уланды, тамашалуу жообу эсептелинди. 3 упай.

Баары 9 упай


САМАТ ДӨӨЛӨТБАКОВ

Суроолор:
Атактуу “Титаник” тасмасын тарткан режиссёрдун аты-жөнү ким? Леонардо Ди Каприонун тасмадагы ысымы?
Ди Каприо Жектин ролун ойногон. Ал эми режиссёр өтө деле популярдуу эмес. Ким эле? Билбейм. Тилимдин учунда эле турат. Ах, эстей албай койдум.
Туура жооп режиссёр – Жеймс Кэмерон, ал эми Леонардо Ди Каприо ойногон каарман – Жек Доусон. 1 упай.
“Евровидение” конкурсу алгач кайсы жылы өткөрүлгөн жана ким жеңүүчү деп табылган?
– 50-60-жылдардын аралыгында болуш керек. Эми божомол менен айтайын, мүмкүн туура болуп калар, 1952-же 1956-жылдар. Акыркы жооп 1956-жыл деп коёюнчу алтынчы туюмум айтып жатат. Ал эми жеңүүчү ким экенин билбейм.
Жооп толук эмес. 1956-жылы швейцариялык Лис Ассиа утуп алган. 1 упай.
– Афродизиак деген эмне жана анын кандай түрлөрүн билесиз?
– Та-ак, 18-бетиңерди окубайт элем. Анткени андагы жазылгандардын баарын билем да (күлүп). Афродизиак – дүүлүктүрүүчү зат го. Ал эми бир түрү өсүмдүктөр болушу керек.
Жооп туура. Афродизиак бул – табигый дүүлүктүрүүчү зат. Түрлөрүнө асыл таштар, өсүмдүктөр кирет. 2 упай.

Табышмак:
Чыны, чыны, чыны кыз,
Чындап төө минди кыз.
Бет жабууну жамынып,
Тамашага чыкты кыз.
– Бул кызбы? Кыргызча табышмактардын жандырмагын таба албайм да дайыма. Бул ирет деле жолум болбоду. Билбейм.
Жандырмагы – боз үй. 0 упай.

Макал-лакап:
Жакшы жигит эл камы үчүн жүгүрөт... (улаңыз)
–Ал эми жаман жигит өз камы үчүн жүгүрөт. Туура уладымбы? Эми бүгүнкүгө салып макалдаштырыш керек, ээ? Та-ак, жакшы жигит эл камы үчүн жүгүрсө, жаман жигит жакшы жигиттин артынан жүгүрөт. Ха-ха-ха.
Туура уланды. Ал эми тамашалуу макалдын жообу кабыл алынды. 3 упай.

Баары 7 упай


ЖАНЫМ АЙЗАТ

Суроолор:
– Режиссёр Андрей Кравчук тарткан “Адмиралъ” тарыхый тасмасында башкы ролду жараткан актёр менен актриса...
– Актёр Харламов беле, ой жок, ал эмес, Х тамгасынан башталат. Аа, Хабенский. Ооба, Константин Хабенский. Ал эми актриса болсо Михаил Боярскийдин кызы да, эстедим – Лиза Боярская. Жооп туура. 2 упай
– “Аалам периси-2009” сулуулар сынагынын жеңүүчүсү кайсы өлкөнүн өкүлү болду? Сулуунун аты-жөнү ким?
– Билбейм. Кыздын келбети эсимде. Ал эми аты-жөнү, кайсы өлкө экенин унутуп жатам.
Туура жообу: Венесуэлла, Стефания Фернандес Крупий. 0 упай.
– Дүйнөлүк өбүшүү майрамы кайсы күнү белгиленет?
– Жай айында болушу керек, июль айы. Ал эми күнүн билбейм.
Туура жооп 6-июль. Айын туура тапканы үчүн 1 упай эсептелинди.

Табышмак:
Кулагы бар, башы жок,
Курсагы бар, чачы жок.
– Жандырмагы казан болуш керек.
Жооп туура. 2 упай.

Макал-лакап:
Ишенген кожоң сууга акса... (улаңыз)
– Жок, билбейм. Уккан эмесмин мындай макалды. Анан тамашалуу уйкаштырмак тургай, макалдын маанисин жакшы түшүнбөй жатам.
Макалдын уландысы ...алды-алдыңдан тал карма. 0 упай.

Баары 5 упай


МИКАЭЛЬ

Суроолор:
– “Оскар-2009дун” жыйынтыгы боюнча кайсы тасма жана кайсы актриса эң мыкты деп табылган?
– Азыр, азыр эстейинчи. Мыкты фильм деп “Жарды аймактан чыккан миллионер” табылган. Ал эми актриса, та-ак, эсимден чыгып кетти. Ким эле? Жанагы “Титаник” тасмасындагы кыз Кейт Роуз беле же Жолиби? Так билбейм.
Жооп толук эмес. Мыкты тасма – «Жарды аймактан чыккан миллионер». Мыкты актриса – Кейт Уинслет. 1 упай.
– Алла Пугачёванын мыйзамдуу түрдө канча күйөөсү болгон жана алар кимдер?
– А.Пугачёванын 2 же 4 күйөөсү болгон. Төртөө болушу керек. Ооба, төрт. Бирок аттары ким экенин билбейм. Бир орус, анан Филипп жана Галкин болушу керек.
Туура жооп: 4 күйөөсү болгон. Алар: М.Орбакас, А.Стефанович, Е.Болдин, Ф.Киркоров. 1 упай.
– “Камасутрада” классикалык канча ыкма бар?
– Силердин 18-бетиңерди окуйм. 3 ыкмабы?
Туура жооп 64. 0 упай

Табышмак:
Алдым толо кызыл алма,
Баатыр болсоң барып карма.
– От, ой, чок болушу керек, ээ? Ооба, чок.
Туура жооп – чок. 2 упай.

Макал-лакап:
Жакшы жигит сыртта – мырза, үйдө – кул, ... (улаңыз)
– Жаман жигит үйдө – баатыр, м-м-м... билбейм, эч кандай улай албайм. Тамашалуу да уйкаштыра албайт экем. Нөл упай коё бер.
Туура жообу: ... Жаман жигит үйдө – мырза, сыртта – кул.
0 упай.

Баары 4 упай

Оюндун жыйынтыгында Нурзат Токтосунова 9 упай топтоп, жеңүүчү деп табылды. Ал эми Самат Дөөлөтбаков 7 упай, Жаным Айзат 5 упай, Микаэль 4 упай жыйнашты. Жеңүүчү башкы байгеге ээ болот. Ал гезитибиздин 1-бетине сүрөткө түшүү. Андыктан кийинки сандарыбызда жеңүүчү Нурзат Токтосунова өзүнө тиешелүү белегине ээ болот деп ишендиребиз. Ал эми калган катышуучуларга татыктуу таймашып бергендери үчүн рахматыбызды айтабыз.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Kolyan
2009-11-16 16:32:44
Жаным Айзат жооп берген суроого: Лиза Боярская эмес, Елизавета Боярская эмеспи
0
Azura
2009-11-17 08:29:27
хе-хе Елизавета-Лиза, Александр-Саша сыяктуу
0
Joldoshbek
2009-11-18 14:52:11
Jalan oruscha suylop jurup Kirgizdin uluu sozdorun bilbeyt turbaysinarbi?! UYAT!!! En birinchi Kirgizchani, oz ene tilinerdi jakshi uyronup alip anan oruscha suylosonor, makulbu? Dayima Kirgizcha tabishmaktardi taba albay kalam dep koyosuz, Samat bayke, kiyazi oruscha tabishmaktardi jakshi tabat okshoysuz ee?
0
kanyshaikg
2014-11-05 12:36:47
микаэль жон жерден эле олуп калдыбы.ошентип табылбай калдыбы
0
№ 367, 13-19-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан