10-сентябрь күнү Каракол шаарында кыргыздын эң алгачкы актрисасы, белгилүү тилчи жана профессор Кусеин Карасаевдин жубайы, кыргыз стенографиясын биринчи болуп түзгөн Айша Карасаева 103 жаш курагында көз жумду. Ал 1912-жылы 8-мартта Түп районундагы Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. 1927-жылы «Саябан араба» тасмасында Айжамал аттуу башкы каармандын образын жараткан. 1930-жылы Кусеин Карасаевге турмушка чыгат. 70 жыл чогуу түтүн булаткан жубайлардын ортосунда 3 кызы бар.
«Супер-Инфо» гезитинин эмгек жамааты Айша апанын көз жумгандыгына байланыштуу анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.