«АК ТУЛПАР» АРЫШЫН УЛАНТУУДА!

Өткөн сандарыбыздын биринде өлкөбүздөгү эң ири ишканалардын бири болгон «АЮ» компаниясына караштуу «Ак тулпар» соода маркасы тарабынан жарыяланган чоң акция жөнүндө жазган элек. Акцияда ойнотулуп жаткан 300 козу жана 10 жылкы жөнүндөгү маалымат кадырман калктын кызыгуусун арттырып, учурда жеңүүчүлөрдүн саны күн сайын көбөйүп жаткан чак.
Гезиттин бул санында дагы өлкөбүздүн кадырман тургундары менен кубанычтуу чоң жаңылык менен бөлүшкүбүз келди. Ошондой эле эң алгачкы ири байге – жылкы утуп алган Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шалта айылы­нын тургуну Кубанычбек Усуповду байгеси менен чын жүрөктөн куттуктадык.
«Карындашыбыз Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна турмушка чыгып, тууган-тууш­кандарыбыз менен үйлөнүү тойго барганбыз. Тойдун эртеси кудаларга ыраазычылык билдирип коёлу деген максатта айылдагы кичинекей дүкөнчөдөн «Ак тулпар» алып, ошол эле жерден коргоо катмарын сүртүп карап көрдүк. «Бир жылкы» деген жазууну көргөндө чын же тамаша экенине түшүнбөй, ишенип-ишенбей, жадакалса бөтөлкөбүздү да бузбай «Аю» компаниясынын Бишкектеги офисине алып келдик. Жөнөкөй кызматкерден баштап жетекчилигине чейин биз менен кошо сүйүнүп, биз үчүн чын жүрөктөн кубанып жаткандарын көрүп, чынын айтсам, абдан ыраазы болдум. Жылкыны тапшырып жаткан маалда дагы бизге кошулуп толкунданган «АЮ» компаниясынын кызматкерлерин көрүп дагы бир жолу рахматымды айткым келди. Ишиңер илгерилесин, бизге окшогон карапайым элдин батасын далай алып, зоболоңор көтөрүлсүн. Ак ниет, таза иштеген ишкана экенсиңер, ошол үчүн ишиңер дайым алдыга жылууда» деп Кубанычбек мырза кубанычы менен бөлүшө кетти.
Ошону менен бирге өлкө­бүздүн ар бир өрөөнүнөн чыгып жаткан, козу утуп алган жеңүүчүлөрдү куттуктап, бул ирет түштүк аймагынан чыккан жеңүүчүлөр менен тааныштырып кет­мек­чибиз. Алар: Ош облусунан Бекмурат Бөрүбеков, Зайнагүл Назарова, Таалайбек Карабеков, Ош облусунун Ноокат районунан Маатбек Шамшиев, Исабек Марасулов, Баткен облусунан Азамат Уразбаев, Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарчасынан Набахор Кочкорова, Кара-Көл шаарынан Акпаралы Турсунбаев, Алмаз Дооронкулов, Жалал-Абад облусунан Жандоралы Садыралиев, Азамат Жусупбеков, Адылжан Ажыматов, Кундуз Назарова, Талас облусунан Эмил Борбиев, Данияр Русланов, Абдел Нуралиев, Багышбек Орозбеков, Нургалий Алыбаев, Мелисбек Байжанышев, Назгүл Чыңгышпаева, Динара Туйтиева, Жыпаркүл Эстебесова, Гүлбара Кутманалиева болушту.
Бардык же­ңүүчү­лө­рү­бүз­дү байгеси менен куттуктап, мындай жеңиштин дагы далайын кааламакчыбыз!
Ал эми «АЮ» компаниясынын кызматкерлери калың журтка «Чамдагыла, байгелер күтүп турат. Силер да биздин жеңүүчүлөрүбүздүн катарын толуктагыла. «Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт» дегендей, биз дагы жеңүүчүлөрүбүздөн алган алкыш, баталар менен өркүндөп, ишибиз илгерилешине толук ишеничибиз бар» деп билдиришти.

«Ат сыйлаган жөө баспайт!»

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 619, 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан