ТАБЫЛГА СООДА БОРБОРУ МЕНЕН ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШ!

«Табылга» соода борбору кардарларына баалуу белектери бар акцияларын уюштурууну улантып келет. Бир нече ай мурун башталган баш байгеге унаа жана башка баалуу белектер коюлган акциянын жыйынтыгын чыгаруу мезгили жакындап калды.
Учурда олуттуу жана ийгиликтүү иш алып барган «Табылга» соода борбору өздөрүнүн кардарларын кубантып, шаар ичинде эң арзан баада керектүү товарларды сунуштап келет. Бул үчүн соода борборунда кардарлар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бул жакта үй тиричилигине, жеке өзүңүзгө, бала-чакаңызга чейин керектүү товарларды арзан баада тапсаңыз болот. Андан сырткары «Табылга» соода борборунда бир нече банктар кызмат көрсөтүшөт. Азыркы маалда миңдеген сатып алуучулар «Табылга» соода борборунан соода кылуу менен гана тим болбой, супер-утушка ээ болууга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү алып жатышат. Бул таң калычтуу эмес, кимдер гана шаарда эң арзан баада товар сатып алып, анын үстүнө автоунаа, муздаткыч, сыналгы жана башка белектерди жеңип алууну каалабасын.
«Табылга» соода борбору кардарлар үчүн дайыма ар кандай кызыктуу акцияларды өткөрүп, аларга баалуу белектерди тартуулоодон тажабайт. Азыркы убакта өткөрүлүп жаткан супер-акция да дал ошондой!
Ушул жылдын 5-майынан 10-октябрь күнүнө чейин аталган соода борборунан 500 сом же андан көп суммага соода кылган кардарларга утушка катышуу үчүн лотереялык билеттер тапшырылган. Акциянын жеңүүчүсүн аныктоо аземи 10-октябрь күнү өткөрүлөт. Катышуучулар көптөгөн баалуу белектерден тышкары Ниссан Примера унаасын утууга мүмкүнчүлүктөрү бар.
«Табылга» соода борборун тандаган кардарлар эгер кымбат баалуу товарларды алабыз дешсе, аларга атайын бонустар да каралган.
5000 сом же андан кымбатыраак товар сатып алса, кошумча лотереялык билет берилет. Албетте, ал кардардын утушка болгон мүмкүнчүлүгү эки эсе көп болот. Кардарлар үчүн лотереялык билеттердин саны чектелүү эмес.
Анда эмесе чамдагыла! «Табылга» соода борборунан соода кылып, убакытты, акчаны үнөмдөп, баалуу белектерге ээ болгула! Балким, баш байгеге коюлган Ниссан Примера дал сизди күтүп тургандыр. Ийгилик кушун колдон учуруп жибербеңиз, шашылыңыз, утушту колго алчу мезгилге аз калды! «Табылга» соода борбору менен жеңишке жетиңиз!!!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 620, 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан