72 жаштагы кытайлык Лю Сяньпин модель болууну чечти. Буга далил катары ал интернет булактарына өзүнүн небереси модельер Лу Тин жараткан айымдардын түрдүү кийимдерин кийип түшкөн сүрөттөрүн жүктөдү. Лу чоң атасына өзүнүн кийимдерин жарнамалоо максатында модель болуу сунушун киргизген.
Карыянын боюнун узундугу 168 сантиметр, салмагы 50 килограмм. Чоң атасы кийип, жарнамалап бергенден кийин Лу Тиндин кийимдери 4 эсе көп сатыла баштаган. Ал муну менен өзүнө жаңы роль жаратып жатканына кубанганын айтат.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg